Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлү"
Жанр:Ретро
00:04:16
92,16 Мб
Жүктөлгөн: 21-08-2009


Сөзү:А.Жакшылыковдуку
Обону:Т.Асанакуновдуку

Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.

Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө,
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.

Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткениңди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.

Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө,
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.

Жаштыгымды жалпы сага арнайын,
Тагдырымды издеп талбайын.
Таң аттырып сени сүйгөн жүрөккө,
Тагдырымдын колун кармайын.
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (39)

21.08.2009. 16:18
 naka
достор кимге бул ыр жагат?мага абдан жагат.Айчурек эже бул жерде аябай суулу чынбы достор
21.08.2009. 16:19
 Шаиста Шатманова
Айчурок эже ушул кезде канча жашта болду экен? Бетинде азыркыдай косметика жок эле таза, татына. Уну да туптунук...
22.08.2009. 00:16
 uke
Айчурок эже ошол кезин эстеп алып ичи ачышып кайра артка кайткысы келип атса керек. почти ошол эле бойдон экен, озгорбоптур.
22.08.2009. 03:14
 Ayzat
Айчурок эженин жаш кези жакчу. Азыркыга караганда кыйла токтоо болчу...
22.08.2009. 10:54
 newman
"Аккуу белен айперим" деген ырын таап бергилечи достор М. Атабеков менен ырдаган
23.08.2009. 15:18
 jetigen
мен беле кезде Айчурокту суйчумун да! мага озгочо "ой комузчу комузчу, чертип койчу комузду"су жакчу!
25.08.2009. 12:15
 mik
Биз кичинекей чактагы ырлар. Кулака кандай жакшы угулат ! ! !
27.08.2009. 17:23
 azeko
Айчурок раньше была естественной и красивой оказывается. А сейчас почему то она стала страшная :((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: