Добр "Жаш акын"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:13
49,51 Мб
Жүктөлгөн: 06-10-2009


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Кайырма:
Үналгыдан, сыналгыдан,
Чыгармачылдан алынган.
Чыгарылган ыр акындан,
Жаш акындар, чык алдыга.


Тилеги жаштын, ишине ашты,
Түшүнбөгөндөр эми байкашты.
Ырымдын өңү өзгөчө өңдөнүп,
Каршы чыгалбайсыз даамына жаштын.
Башкы демөөрчүм жок, бирок өзүм,
Таанышым жок, талантым гана өзү.
Максатым репер болуш биринчи,
Тарыхтагы эстрадалык Мс.
Негизи, баары бир чечими элдин,
Чече турган Кудайым менен элим.
Кереги бар ага өз аракетим,
Кыргызча болсо жокпу кереги?

Кайырма: 2 жолу


Алдына ала түшүнбө чала,
Окуп жаткан нукура кыргыз бала.
Үналгыдан чыгып калсам таң калба,
Угуп жатасың ыр кошулган балга.
Салыштырба муну ыр менен башка,
Дареги кыргыз тилин сүйгөн жашка.
Башкысы, мааниси андайга адисмин,
Жооп берем ар бир сөзүмө тап издеп.
Кар кетип, жаз келет чыгармага кезек,
Чыгарылган чыгарма сага белек.
Жалганы жок мында ишенип кой мага,
Жаш акын Добр нукура кыргыз бала.

Кайырма: 2жолу
  • Currently 5.00/5
(8 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

06.10.2009. 12:46
 minara
Супер клип , супер ыр , супер бий! Онорун оркундой берсин , Сага окшогон Кыргыздын патриоттору кобойо берсин ! Азаматсын !
06.10.2009. 13:36
 Rahatik
Уау комуз менен сонун реп жаралат турбайбы ! Нак кыргыздын инструменти бала дагы Майкл Жэксонго окшоп бийлейт экен чан чыгарып ! ыр абдан уккулуктуу экен, клип корунуктуу кайра, кайра корсо болот Добр алга , аракет сонун !
06.10.2009. 17:53
 uli
Жини келип ырдап аткандай корунот экен, бирок клип жакшы. оз элин, тилин, кыргыз атын сыйлаган репчи. кыргыздын нукура накыл, учкул создорун колдонсо жакшы чыгат. Кийген кийими да заманбап кыргызча кийим болсо олот.
06.10.2009. 22:00
 kgjigit
азаматсын!!!! ыр жакшы экен клип да жаман эмес ошондуктан аракет кыл дагы Ийгилик калайм!!!!
07.10.2009. 02:01
 alikbek
Ну вощее суууперрр!Дайте скачааать.Pleeezzz!
07.10.2009. 06:59
 timoshek
krutoi !
07.10.2009. 09:13
 mik
Азамат.
07.10.2009. 16:17
 МАЛЫШ
+5
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: