Айжамал Кабылова "Бир өзүң бол"
Жанр:Поп
00:03:54
48,74 Мб
Жүктөлгөн: 18-07-2013


Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики

Бир өзүң бол даба болгон дартыма,
Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма.
Бир өзүң бол жашоодогу боёгум,
Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,
Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм.
Бир өзүң бол оргуштаган булагым,
Мүрөк болуп кандырчудай кумарым,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
  • Currently 4.60/5
(48 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

18.07.2013. 15:17
 Daiza
Дайыма жаныныздан артык суйуп бакттылуу болунуз... Балдарыныз сонунгой).
Мыкты ыр!
18.07.2013. 15:34
 Датка кыз
Бул клипти коргон Канаттын журогу ооруйт го эми...
18.07.2013. 15:35
 Датка кыз
Аябай сонун клип болуптур! Бактынарга коз тийбесин!
18.07.2013. 15:45
 Asecha
Ваааай, сонун болуптур! :))))
18.07.2013. 16:01
 shazi
Макияжы жакты мага Айжамалдын. Ырына болсо сөз жок, клип деле жакты. Бактыңыз түбөлүк болсун Айжамал.
18.07.2013. 17:31
 Debi
Айжамал абдан ажардуу ырчы! Сонун чыгарма болуптур, көргөндүн көзүн сүйүнтүп, дайыма бакыт кушуңар колуңарда болсун!
18.07.2013 18:13
Baichechekei2011
Debi, men dagy saga koshulam! Unu dagy jagymduu!
18.07.2013. 18:33
 luna.kg
Асел Касымовага да бир элес окшошуп калыптыр.
18.07.2013. 18:34
 Bagirra
Азаматсын Айжамал.
Эми чыгармачылыкка катуу киришсе абдан жакшы болмок. унуно баа берем!
Жагымдуу маанай тартуулаганына рахмат.
Ар бир аял затына уй булолук бакыт каалайм!!!
АЙЖАМАЛ,ГУЛНАРА, КЕНЖЕ чыныгы талантуу АЙЫМДАР.
18.07.2013. 19:02
 KGMuslim
Более жакшы эле тартылыптыр бирок оптиканы алмаштырыш керектей корунот.
18.07.2013 20:25
Bagirra
KGMuslim,
мдаа согласно и серешку тоже
18.07.2013. 20:01
 sumaya07
ыр клип бардыгы сонун
18.07.2013. 20:06
 NADUW
я обожаю вас просто суперррррр
18.07.2013. 20:08
 AzirunKai
эн сонун..)
18.12.2013 13:31
jalgyzdyk
AzirunKai,Мага жакпады эээй. Адаттагыда эле. Жолдошу менен жургон жерлеринде аябай жудомуш экен.
18.07.2013. 22:05
 Boss.kg
жакшы
18.07.2013. 22:23
 suiush
Айжамал озу сооонун ырчы да...Ун десе ун,сулуу,жылдыздуу тогорогу топ келген айым.Дагы да жакшы чыгармаларды кутобуз)))
18.07.2013. 23:20
 Alondra12
Prosto krasavisa super para
19.07.2013. 00:30
 Bishkek
prosto super baktyluu bolgula
19.07.2013. 04:07
 tavsan
klass :)))Vy molodec,uvajayu vashe tvor4estvo!
19.07.2013. 08:03
 Kumeto
аябай сонун ыр экен,азаматсыз!
19.07.2013. 10:43
 klubnika88
клипке соз жок,мага аябай жакты,бактылуу болунуздар!!!
19.07.2013. 11:05
 ymyta
Айжамлка супер!!! Чыгармачылыгы токтоп калдыбы деп кабатырланчу элем....Молодец!!! ийгилик!!! дагы ырларын кобойо берсин..азыркы кээ бир ырчылардын ырларын мынчалык укпайм...Айжамал жеткиликтуу ырдайт таланттуу ырчы...!!! Кыскасы аман болуп коптогон ырларын жаралып уй булоон мн бактылуу бол!!! Клип супер!!! Макияж кийингени да жарашыктуу тыкан...!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: