Айжамал Кабылова "Биймерген"
Жанр:Поп
00:05:09
51,76 Мб
Жүктөлгөн: 23-09-2014


Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз,
Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз.
Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз,
Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз,
Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз.

Кайырма:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди.
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун.
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун.

Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде,
Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө.
Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө,
Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө.
Тулпар деген тушунда кызык ушунда.
Кайырма:

Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге, Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге. Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин, Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин!

Кайырма:

Ала-Тообуз пир болсун!
Атпай кыргыз бий болсун?????
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун.
Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап озгон бий болсун!
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

23.09.2014. 17:35
 dkanu
Супер жакшы клип болуптур!!!
23.09.2014. 17:40
 mi-li-na
Унуно баракелде!!! Укканда журогуно жетет Айжамал айымдын ырлары. Жакшы чыгыптыр бул ыр да. Тамшануу менен уктум. Булбул ундуу ырчы десе болот!!!
23.09.2014. 17:40
 Asel-91
Эн сонун, кыргыздын кыргыздыгын тааныткан, ичтеги сезимдерди ойготкон, созуно клиби жарашкан мыкты чыгарма болуптур. Бул дагы кыргыз бийин данктаган ырлардын катарын толуктады деп ойлойм. Ушундай духубуздан жазбасак экен!
23.09.2014. 18:33
 Mir94
Шаманизим башталды окшойт Кыргызда.(
23.09.2014. 22:25
 Nurzatka94
кара жорго чыкты анан эле ырчыларыбыз баштады четинен сал билек, дагы не эми мунусу биймерген
24.09.2014. 00:53
 meili
Бириктирген кыргызды биздин бий болсун.бали,жакшы чыгыптыр.
24.09.2014. 02:57
 Qnet
Кыргызстанда кара жоргону катырып атат окшойсунар! Ото кызыктай бий экен,айрыкча кыздардын кыймылдары. Баары бирден клип тартып чыгышты окшойт бул бийге...
24.09.2014. 08:14
 Nazulya
Клип анча эмес! Жакшы бийлешкен эмес!
24.09.2014. 09:30
 Oi_pikir
Мыкты! Айжамалдын үнүнө мындай ыр сонун жарашат экен. Автору да аткаруучусу, бийчиси, сценаристи, оператору, режиссеру да мыкты иштешкен, азаматсыңар!
24.09.2014. 09:31
 Oi_pikir
Лезгинка, вальс менен катар тойлордо мындай бийлерге да бийлейли да
24.09.2014. 13:15
 Kalus
Айжамал эже ийгилик сизе,дайыма оркундоп осо бериниз ,алла таала ушул унунуздон ажыратпасын ,биз сиз менен сыймыктанабыз,сиз чыныгы ырчысыз!!
24.09.2014. 13:19
 Asel-91
Тушунбогондор тушунгонго аракет кылалы, анткени бул биздин тарыхыбыз, биздин ата-энелерибиз басып откон жол!
24.09.2014. 15:31
 Krassavchik
Жогорудагы айрым сынчы сөрөйлөр! Жакшы ишти деги качан колдоого алып, бири бирибизди көтөрүп кетебиз?? Эң мыкты клип, ыры, бийи, монтажы, режиссурасы дагы. Мага өтө жакты, көзүмө жаш келди чынында. Ушинтип өссүн кыргыз маданияты! Талаштуу кара жоргодон башка этно ыр бийлердин пайда болгонунун эмнеси жаман? Же силердин чөнтөгүңөрдөн акча кетип атабы? Кыргыз эли өз маданият
24.09.2014. 16:51
 Aipri
Соонун клип болуптур. Айжамал ийгилик.
24.09.2014. 18:19
 salamatka
Маанайым жок болчу ушул клипти коруп алып Жашоо керемет экенине ынандым.Мага ушунчалык жакты,ыраазычылык сизге Айжамал эже.
24.09.2014. 21:04
 ernisosh
Бизге ак калпак кийип, тоонун арасында тартылган клиптер жарашат.
25.09.2014. 04:18
 belosnejka1
Жакты, сонун клипи да ыры да. Азаматсын Айжамал !!!
25.09.2014. 20:34
 Nuri-Alina
,супер болуптур азаматсыз коралбагандар укпай эле койгула
25.09.2014. 23:10
 Dasmond
Соонун жерде тартылыптыр ээ
25.09.2014. 23:37
 bolot00
игилик айжамал жакшы ырдапсын
26.09.2014. 01:32
 aika_sv
Айжамал эженин уну жакшы, сонун ырдаптыр. Клип да жакшы тартылган. Кара жоргонун эле бир туру экен.
26.09.2014. 01:36
 elaman93
необычный клип типа индийский кыргыздарда э
26.09.2014. 01:53
 aza.kg007
жакшы экен
26.09.2014. 04:54
 aminali
Temasyn okup alyp kara jorgodoi go degem,tal ozundoi eken murda bular kaida jurushtu Sultano ekoo.Klip da jakshy,ungo soz jok altyn un.Fan kalganym ilgeri e le alyp chygysh kerek bolchu nukura bailyktardy.
26.09.2014. 13:06
 Leili
абдан сонун болуптур озгочо мага жактты азаматсыз
28.09.2014. 13:18
 jazy
ыр да клипда супер азаматсыз чыгармачылык ийгилик уйбулолук бакыт биз сиз мн сыймыктанабыз унунузго соз жоок эн сонун
30.09.2014. 00:58
 Ханбийке
Мерген жигит бийчи болуп кеткени жакшы экен.)))
09.04.2015. 23:17
 Chopika
Соонун клип болуптурийгилик
14.10.2015. 12:58
 batma5
Айжамалдын мурдагы концертин жуктоп коюнуздарчы Кыз-Буракта жургон мезгилиндеги
30.09.2017. 00:28
 Birimdik5555
Азаматсын чыныгы талант ушул Айжамалда,ийгилик сага,сенин ырларынды уккан сайын уккум келет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: