Сыймык Бейшекеев "Сага"
Жанр:Эстрада
00:04:35
44,95 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2014


Алыстан келсем сага кусаланып,
Айылымдан кетиптирсиң узап алыс.
Арнаган гүлдүн сага бариктери,
Алдымда турду түшүп ушаланып.

Кайырма:
Жомоктогу сүйүүнү пайдаланып,
Жоругуңду жазчу элем айдан алып.
Жол боюнда ыйлаарың билбептирмин,
Жоолугуңду кыйшайтып байлап алып.

Артыңдан барсам издеп кабар алып,
Алдымдан чыктың капыс балаңды алып.
Аттиң, ай, ушак ээрчип калбасын деп,
Амандык сурашканга жарабадык.

Кайырма:

Жол жок эми өзүмдү куткарууга,
Жакшы болбойт турмушуң бузганымда.
Жооткотуп өзүмдү койдум алдап,
Жолдошуңду жакшы деп укканымда.

Кайырма:
  • Currently 4.88/5
(32 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (69)

23.01.2014. 09:27
 upol92
Аябай жакты. Ддагы да ырларды кутобуз ийгилик☆☆★★♡♡♥♥
23.01.2014. 10:02
 Syrgagul
Сыймык байкеге ыраазымын, аябай уккулуктуу болуптур, клип дагы озунчо бир керемет! Чыгармачылык ийгилик сизге!!!
23.01.2014. 13:19
 alysta
Кызды ала качканда шафер ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ эмеспи..же кинодон узундубу..
26.01.2014. 03:02
 kuba.kg
главный ролду ойногон кызды коргондой болуп жатам мурда эмнеде рол ойногон достор ким билет
26.01.2014. 05:10
 AZAP_2009
маанилуу клип болуптур чын эле =)
26.01.2014. 14:03
 Nurgazy80
Сонун,супер. Ийгилик
26.01.2014. 16:38
 Daiyr.95.04.11
Супер
27.01.2014. 06:03
 Ханбийке
Клип, ыр деп мына ушуну айт. Ыйлагым келип кетти, текстин да жазып койушса болмок экен.
28.01.2014. 05:45
 salieva-saykal
Соз жок ушуну ыр десе болот баардык жактан топ келген, УНУНУЗГО БАЛИ.
29.01.2014. 19:18
 maybach87
Клип Караколдо тартылган. Абдан жакты
04.02.2014 00:30
ANARA.8383
maybach87,
04.02.2014. 00:34
 ANARA.8383
Jakshy klip boluptur maga ayabai jakty Syimyk baike chygarmachylyk iygilik kaalaim sizge bar bolunuz
04.02.2014. 01:44
 ice.baby.9500
эн мыкты . баардык жагынан алып караганда соонун болуптур. бала красавчик го))
06.02.2014. 16:22
 NADUW
кандай гана уккулукту создор! тексти аябай маанилуу, терен, уйкаш экен! аткаручулардагы клиптин коркун чыгарышыптыр! СУПЕР КЛИП!
07.02.2014. 05:05
 konuratM10
Сыймык Бейшекеев кыргыз эстрадасында озгочо орду бар талант. Клиптин рекламасын фейсбуктан кордум эле. Аскердик кундорумду эстеп, прапорщик Мамытовдун бир дагы солдатты суйгон кызы куткон эмес эми силердин суйгонунор АК-74 дегени эске тушту.. чыгармачылык ийгилик. Клиптеги кыз актриса болсо жарачудай
09.02.2014. 16:11
 gulnara.eldos
оуууууууууууууууууу Караколдо тартылган турбайбы,клиптеги жолдошу Эльмис деген байкебиз го уулу Абдуаяр менен)))))) супер аябай маанилуу ыркен
26.02.2014. 13:49
 ulik.2014
Эн мыкты абдан маанилуу болуптур
27.02.2014. 23:13
 uranmin
кыз аябай жылдыздуу экен тааныган адамдар барбы автограф алгым келди аябай
28.02.2014. 23:19
 urmat_88-kg
Укмуштуудай керемет ыр керемет килип.
Жооткотуп озумду койдум алдап.
жолдошунду жакшы деп укканымда.
деген создор озгочо жакты.
06.03.2014. 16:11
 general2030
Баракелде кыргыздын сыймыгы байлыгы сиздин талантынызга адамдык сапатынызга таазим этебиз...
21.03.2014. 14:01
 Keremet.89
Сыймык байке,азамат! Дагы бир сонун ыр жана клип,ийгилик сизге!
24.03.2014. 12:59
 aijani
Эн сонун чыгарма, кундо угуп тажабайм.
08.04.2014. 21:23
 kama_future_millioner
Азаматсыз жакшы клип болуптур
13.04.2014. 21:49
 bektashova_ayzada
Айдоочу Чыңгыз Айтматов эмес го деңичзи, бирок абдан окшоштурдум. Эгерде залкар жазуучу тууралуу кино тартылса, анын образына жарагыдай киши экен
17.05.2014. 23:12
 abdylda08
Канча миндеген адамдар ушинтип суйуктуусун алдырып жиберген. Арасында мен да бармын..
18.05.2014. 18:27
 urmat_88-kg
Кыргыздын сыймыгы болгон Сыймык байке керемет ыр укмуш обон маанилуу килип.
18.05.2014. 20:29
 VIK
соонунго
22.07.2014. 03:15
 pumba.timon
клип сонун! ыр керемет! машинанын айдоочусу Турар агабы деп ойлоп калдым.... Турдубеков Турар аганын озу экен. актриса болсо Калипа деген кыз го. эмнеси болсо да 1970-жж га барып келгендей болот экен коргон адам
27.11.2014. 20:02
 aiza.kyrgyzkyz
Мен суйгон ыр асманда эмес Супер инфого кочурулгон экен да
05.03.2015. 12:17
 bati1881
да ен жакшы килип сыймык байке онорунус оркундой берсин ишинизге ийгилик
20.09.2016. 21:51
 Sharos3
Сонун ыр болуптур.
Сыймыктын ырларынын баары жакшы
жаман ыры жок
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: