Сыймык Бейшекеев "Жакшы сөз айтчы мага..."
Жанр:Эстрада
00:04:40
99,23 Мб
Жүктөлгөн: 16-03-2009


Сөзү:Бактыгүл Чотурованыкы
Обону:Сыймык Бейшекеевдики

Кара көз, асылзатым,
Кашымда жүрчү жакын.
Карааның издеп келем,
Кайталап улам атың.

Кайырма:
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа,
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.

Жарыгым, жакшынам, эй,
Таалайым, татынам, эй.
Карегиң тик кароого,
Кантип мен батынам, эй?

Кайырма: 2 жолу

Көп кыздар бара жатса,
Көрүнбөйт сенден башка.
Бакытым өзүң болуп,
Багындың махабатка.

Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа.
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
  • Currently 3.80/5
(5 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (26)

16.03.2009. 12:16
 sapsary
Сыймык байке баракелде! Ыр озу жакшы. Клип дагы адамдын денесин дуркуротуп, кайгыга сала турган сонун клип болуптур
16.03.2009. 12:36
 leila
Жакшы клип,ыр дагы мага супер!
16.03.2009. 21:14
 kanat
Эн эле жакшы.Дем аткарган клип даайым жакшы болот озу
17.03.2009. 08:55
 Кука
Соз жок,СУПЕР.Сыймык байке сиздин баардык ырларыныз,клиптериниз мага абдан жагат.Сизге уй булолук бакыт чыгармачылык албан,албан ийгиликтерди каалайм.Атынызга затыныз жарашып Кыргыз элинин Сыймыгы болуп журо бериниз.
17.03.2009. 12:03
 ИнА
Сыймык баке сизге ийгилик каалап кетейин сиздин ырларыныз адамга жагымдуу деп айтмакчымын. Сизгечыгармачылык ийгилик уй булонузго бакыт таалай, ынтымактуулук, калаап кетем.
17.03.2009. 23:23
 Jiza
maga bul yr abdan jagat chynynda..negedir radiolor berbeyt..alar koyboybu je bayke siz alparyp bere eleksizbi bilbeym..klip negizi jakshy tartylgan..birok..yrdy uksanar bolmok...teksti adamdy beypil jashoogo baktyluu jashoogo undogon jagymduu yr..anan ele klipti tradediyakylyp salganynar jakkan jok..yrdy ukkan adam yrdagysy jashagysy kelet ...klipti korson bashka sezim kalat eken..mynday senariydin ne keregi bar ele..ugup tapkan rahatty klip bir zamatta jokko chygarat eken
07.01.2013 20:14
aybekerlan
Jiza, мага ыр жагып журчу эле, клипти корсон ырдагын келбей калат экен.
Балким автор оз ойун билдирер? чындап эле трагедиялуу беле?
17.03.2009. 23:45
 шахзода
жакшы
18.03.2009. 08:15
 kokbet
ыйлатат ко клип!
18.03.2009. 09:03
 sapsary
Мындай клип тартуу кимдин идеясы болду экен. Козуно жаш толуп аз эле жерден ыйлабай калат экенсин. Коргон сайын.
18.03.2009. 19:36
 alysta
ууфффффф емне коптон бери коро албай жатабыз?интернеттенби?же суперденби?же кыргызстандан алыста болгондугу учунбу?же..........
23.03.2009. 13:21
 DaniMiX
Аябай сонун тартылган клип...
24.03.2009. 16:43
 Барби
Талантынызга таазим этем Сыймык байке.Ушул клипти коргонсайын эле ыйлай берем.
24.03.2009. 18:02
 leila
хорошая песня, супер!!!
28.03.2009. 15:55
 sylyk kyz
Ырдын мазмуну абдан жакшы.
Клип эн сонун тартылган. Бирок кайгылуу буткону жаман экен...
27.04.2009. 12:30
 tunaev_joni
Созу аябай жакшы жазылган,бирок клип келишпей калган
02.07.2009. 19:19
 Дюймовочка
Ыр жакшы эле, а клипи супер!
06.07.2010. 20:34
 kaka
Клип аййбай жакшы,Сыймык супер.
31.08.2010. 06:02
 Vesnushka
оохх, ыйлап буттум окшойт.Чыныгы жашоодо Кудай бербесин мындайды эч кимге.
30.03.2011. 06:27
 MARAL
Турмушка ушул кунго чейин тан берип келем...Менин жакын акемдин жашоосу ушул клиптин озу болду десем жанылышпаймын.Сыймык байке эн жогорку денгээлде аткрылаган чыгарма...+555
06.10.2011. 16:42
 bavariy
иий журокту ооруткан клип экен, андай турмушубузда болбой эле койсунчу.
06.11.2011. 16:30
 lapyska
Сыймык байке талантынызга таазим! Бала кунумдон бери ырларынызды суйуп угам. Абдан сонун ыр! Достор тан калам да 5 жыл ырдап 3 ыр жараткандарга эл артистин беришет да,чыныгы таланттарга берилбейт Сыймык байкеге алда качан берилиш керек болчу. Наамдар сатылат деген чын окшобойбу!
03.04.2012. 14:57
 nukuntai
jakshy en soonun,ushundai sapatagy klubter,yrlar kop bolso eken
13.05.2013. 12:58
 taske111292
жакшы клип экен 500 бал берем
03.02.2014. 23:18
 hakker_a
ыр сонун бирок клиптин аягында тагыраак айтканда 3:38 3:39 убагында артында турган милиция бетин тосуп ыйлап жатып олукту бир карап кайра тез убакытта бетин жаап алыптыр коруп койгула
17.05.2017. 10:54
 Talantbek
акыркы мезгилде мындай клип коро элекмин, бир кунону почти бир клипке батырган, биздин клипмейкерлер корсонор кандай тартышты, обзор, монтаж, звукорежиссер, сценарий, деген а Сыймык байкеге соз жок молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: