Сыймык Бейшекеев "Офицерлер"
Жанр:Поп
00:04:35
55,33 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2014


Сезип дайым жүрөгүнөн ыйыктыгын мекендин,
Ишенебиз, шегибиз жок, чек аранын бекемин.
Погон кийген ар бир кыргыз офицери, силерге,
Ата Журттун сакчысы деп дайым таазим этемин.

Кайырма:
Офицерлер, офицерлер - мекенимдин сакчысы,
Офицерлер, офицерлер - тынчтык күндүн бактысы.
Силерсиңер, силерсиңер бейпилдиктин ачкычы,
Ден соолукта жүргүлөчү, өмүр болсун башкысы.

Бөтөн элди, бөтөн жерди өз жериндей корушту,
Артта калды Афганистан алааматы согуштун.
"Чептен эрдин күчү бек" дейт ата-бабам абалтан,
Билесиңер баркын-баасын ыйык ата конуштун.

Кайырма:

Көкүрөктө орден-медаль - эрдигиңдин белгиси,
Көзүндө от, жалын жүрөк болот дайым эргиши.
Өмүрүңөр өрнөк болсун урпактарга эртеңки,
Милдетиң так аткарасың, коргоп эли-жериңди.
  • Currently 5.00/5
(17 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (27)

05.03.2014. 11:56
 Bazul
Сонун ыр,сонун клип соз жок.
05.03.2014. 12:15
 marat_1910
ооба сонун ыр соонун клип сыймык байке ырлары ар мазмундуу
05.03.2014. 13:44
 NADUW
соз жок! мыкты ыр. клип!
05.03.2014. 14:09
 sanchos
клиптеги солдаттар-азаматтар.
05.03.2014. 15:02
 gulu1991
Жарайсыз Сыймык байке?
05.03.2014. 18:05
 general2030
эн сонун! мыкты обон мыкты ыр, мыкты голос, мыкты клип!!!!!
05.03.2014. 20:46
 Alicia
Sonun yr eken!!!
05.03.2014. 22:12
 balykchy2012
Офицерлер,офицерлер!соонун клип!
06.03.2014. 01:07
 rnurzida
Бардык жагынан топ келишкен мыкты чыгарма.
06.03.2014. 09:48
 janno4ka
"Токтогулга кетесиңби" деген ырдын музыкасына окшоп калган го.Создору,клипи абдаан жакшы форма да укмуш жарашыптыр Сыймык байкебизге.
06.03.2014. 09:52
 timur1995
admin мен видео концерт киргизссем кирбей жатат го модерацияда деп ал эмнеси 1 кун отту кутуп атам качан кирет рахмат
06.03.2014 09:56
admin_media
06.03.2014. 11:30
 aika_sv
Сыймык агабыз менен сыймыктанабыз, урматтайбыз жана жакшы коробуз. Ийгилик сизге.
06.03.2014. 19:34
 timur1995
admin эмнеге элдик видеодон таба албай атам озумдун видеомду айтып койгулачы канчанчы страница или кантип тапсам болот ссылка жок эле
06.03.2014. 21:57
 Aijamal13
Азаматсыз Сыймык байке чыгармачылык ийгилик каалайм.
07.03.2014. 00:30
 alisa.ilias
Мага жаккан жок
07.03.2014. 14:23
 shairbek87
Азаматсыз сыймык байке. мага жакты
09.03.2014. 09:37
 aitbek.06
sonun yr
09.03.2014. 12:22
 TolonturCN
Жүрөккө ушунча жакын көрүнөт экен, кандай гана керемет, өз мекени, чеги, сакчысы болуу. ушундай баалуулуктарыбыздын баркына жетип жашайлы кыргыз элим. КР, Кыргыз аскерлери орто Азияда эң күчтүү, кудуреттүү болууга жетишсе экен!
12.03.2014. 07:35
 alai.gulcha94
сонун ыр жана клип молодец Сыймык ага
12.03.2014. 12:05
 Almabek
Жакшы ырдалган, жакшы тартылган, жакшы жазылган, бир гана Сыймыктын бул ырынын обону башка ырына окшоп калыптыр, почти копия!
12.03.2014. 18:12
 konuratM10
С. Бейшекеев жаны дем менен абдан мыкты чыгармаларды жаратып кубантып жатат. Айрыкча аскер тематикасында. Рахмат! Дагы чыгармачылык ийгиликтер! Аскердик кызмат отоп жургондо "эр жигит эл четинде, азамат жоо бетинде" деп стройдо ырдачубуз. Бирок офицерлер дебестен, жоокерлер! десе кенири маанини камтып жакшы таркамак. Не дейбиз автордун оз укугу
12.03.2014. 18:14
 konuratM10
Жакшы
15.03.2014. 21:25
 Tariel_tt
Эн сонун.ато офицерлер Газмановдун офицерин угушчу.формачандардын гимни болот го.
15.03.2014. 23:19
 Arijan
Саламатсыздарбы admin_media.Мен видео клиптерди кантип корсом жана жуктоп алсам болот же ал учун да катталуу керекпи?Иштеринизге ийгилик чон рахмат.
17.03.2014. 12:33
 admin_media
Arijan,
Саламатсызбы! Жок, катталбай туруп деле көчүрүүгө болот.
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
08.02.2015. 19:11
 kaniet
Урматтуу админ, ушул ырдын сөздөрүн жазып кое аласыздарбы, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: