00:03:41
56,18 Мб
Жүктөлгөн: 16-09-2011
Ак көйнөгүң кийип келипсиң,
Ак жолугуң абдан жарашып.
Ак куу боюң сулуу, жаш селки,
Ай чырайың мынча жарашып.
Кайырма:
Мага жаккан аппак көйнөгүң,
Күттүм эле кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак көйнөгүң желге желбиреп.
Тээ алыстан көзгө чалынып,
Ак жоолугуң абдан жарашкан.
Аты жогуң шакек тагынып,
Айтып турат эми талашпай.
Кайырма:
Жарашыктуу аппак көйнөгүң,
Күткөн элем кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.
Ай чырайлуу, сулуу кара көз,
Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан.
Ак жоолугуң асти түшпөсүн,
Бактылуу бол кимге жолуксаң.
Кайырма: