Гүлнур Сатылганова "Асман"
Жанр:Эстрада
00:04:53
67,43 Мб
Жүктөлгөн: 01-12-2011


Сөзү:Кыялбек Урмамбетов
Обону:Райхан Бейшеналиева

Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...
  • Currently 4.43/5
(80 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (87)

08.12.2011. 14:30
 turatbek-92
Urmattuu Gulnur eje talanttynyz tawkyndap uwul asmanga jetsin siz supersiz ,alga jana iigilik!!!
10.12.2011. 00:21
 talasik
Клип кай жерде тардылды болду экен

13.12.2011. 17:47
 dina_88_2011
Гулнур эже чыгармачылык ийгилик,талантынызга таазим бар болунуз.
15.12.2011. 10:58
 kumaa
ooo soz jok!!!! gulnur eje klibiniz jogoru dengel'de boluptur!!!! sizge iygilik!!! a janaky ancha myncha nachar ichi taar adamdar jamandap jaza beriwet!!! ernest bayke jakwy tartyptyr!!!! SOONUN BOLUPTUR
17.12.2011. 15:14
 tina-janka
эн сонун
24.12.2011. 13:17
 Sonunby.69
Жакшыы=)
27.12.2011. 02:06
 sladkaya95
мага абдан жакты созу да жана клипи да,ырдын создорундо коп маанилуу учурлар бар...
28.12.2011. 13:57
 RossiKG
Эрнист Абдыжапаров Ушунчалык соонун клип тартыптыр!!! Алга!
30.12.2011. 20:09
 egemberdievagulbara
ен соонун
04.01.2012. 19:47
 ulake
Жакшы ыр, клип эптеп ээринип атып тарткандай эле сезилди.
26.01.2012. 01:14
 Ханбийке
соз жок супер клип да ыр да!!!!!!!
26.01.2012. 18:30
 janetta
Наша ПРИМАДОННА!
28.01.2012. 12:49
 Adas
Соз жок Гулнур эже ишинизге ийгилик!
30.01.2012. 14:07
 lhl
ыры аябай жакшы бирок клип озуно жарашпай калган жонокой эле клип тарса болмок комтун жардамы менен ачылыптыр клип
15.02.2012. 03:27
 jamkaa
Э.Абдыжапаровго, Гульнур С. ырахмат! Омурунор узун болсун, элдин жакшы, батасынын баары тийсин! Силерге баа берем!
)))

15.02.2012. 11:58
 Makentosh
Гулнур ишинизге ийгилик.
15.02.2012. 11:59
 Makentosh
Гулнур эже ишинизге ийгилик каалайм.Ишиниз илгерилей берсин.!!!
15.02.2012. 14:07
 Take84
Ушул ырды жазган кишигедагы жана аткарган кишиге дагы чоң ыраазычылык билдирем ыр деп ушуну айт. Рахмат сизге Гүлнур эже!
15.02.2012. 14:50
 dina
Чынгызхандын убагында гимн болчу ыр. Клип өзүнө анча тартпайт.
27.02.2012. 00:07
 MUSYA
башында кара койнок кийип баштаганы жакпады,Славанн "Одиночество св.." деген клибине окшошуп калыптыр.кок,кенен койнок кийип,анан бетинин солокоту асманда корунуп аткарган жери сонун экен.Себеби Асман дегенде эркиндикти,кенендикти элестеткем..
27.02.2012. 00:37
 bosia
Аткарганы Гулнур Сатылганова болуп жатса кантип жакпай койсун. Клипти абдыжапар акебиз жакшылап ойлонуп туруп тартканда даана шедевр болмок...
15.03.2012. 12:51
 Azhymaliev
Клип жакшы тартылган Гулнур эже жаратылыш менен менен байланышканын чагылдырган.Коргондо кадимкидей эс алып каласыню
27.03.2012. 22:35
 egemberdievagulbara
Гулнур еже сизге ийгилик каалайм булбул унунуз ел ичинде таншый берсин
03.04.2012. 22:22
 zakirov.mirbek
ыр жакшы бирок АЛЛАНЫН керемет сыфааттарын чагылдырып клип тарттса болмок бул жагы жакпады озун крсоткондой болуп калган асман АЛЛАНЫН КЕРЕТИ ДА ЖЕ АНДАЙ ЭМЕСПИ
19.04.2012. 09:54
 BUSH
Гулнур эже, аябай татына, сындуу, сулуу. Карап эле отургун келет. Ырлары адамды эс алдырат. Жумуштан кийин, чарчаганында угуп кадимкидей эс аламын
03.05.2012. 19:48
 wumida
сизди суйом да суйом Гулнур апчооо!!
05.10.2012. 14:36
 Debi
Бул ырга кара тустогу, болгондо арбайган-тарбайган, этеги чубалган костюм такыр керек эмес эле. Кащей бессмертныйдын эч бир жалпычылыгы жок да ырдын мазмуну менен. Клибин көрбөй уксаң ыр сонун.
21.03.2013. 18:36
 nura_83
бирде Гульнур эжеге эмнеге клиптериниз аз деп суроо узатышканда ,кээде ыр аябай жакшы болуп турса да клип жакшы болбой калса бузуп коет деген эле айтайын дегеним ыры аябай жаккан кайра кайра угуудан тажабачуум мааниси жакшы анан эле клиби чыга келди озу айтмакчы ырды бузуп!сказскадагы безсмертныйларга окщоп
12.01.2014. 19:08
 mamamia
гулнур эже талантынызга таазим коп жашаныз
30.01.2015. 23:24
 kenjesh3
гулнур сатылганова биздин эстрадынын корифейи
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: