Эмил Балтагулов "Жылдыздуу түн"
Жанр:Поп
00:04:00
51,11 Мб
Жүктөлгөн: 09-07-2014


Сөзү:Б.Абакировдуку
Обону:С.Андабековдуку

Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип,
Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда,
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.

Кайырма:
Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди,
Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң,
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.

Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Сенден мага, менден сага жылуулук.

Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап,
Аалам турду агыш тартып жалтырап.
Махабаттын же жаштыктын күчүбү?
Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.

Кайырма:
  • Currently 4.29/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

09.07.2014. 16:28
 spb007kg
Соз жок аявай сонун!
09.07.2014. 17:46
 jypara1415
Ыр маанилүү , кайсы жерде тартылды экен ? Жакшы .....
10.07.2014 09:41
Aksy1993
jypara1415, Америкада тартылыптыр. Март айында Э. Балтагулов ушу жака келген
09.07.2014. 17:58
 rnurzida
Ыры аябай жагат да. Клип да жакшы чыгыптыр
09.07.2014. 18:14
 kama_future_millioner
Jakwy elen
09.07.2014. 19:07
 kenzhe92
Сонун
09.07.2014. 19:22
 samidinova84
азаматсыз!!!сонун.
09.07.2014. 22:18
 naz_aika87
Ыр аябай жагат, бирок клипти мактангандай озун эле тартыптыр.
09.07.2014. 23:57
 Alisher
Ir klipda soonun maaniluu ekn iygilik...
10.07.2014. 01:15
 Samat.A.A
Жакшы)
10.07.2014. 02:02
 nazimka
Мен суйгон ыр.2000-жылдары ырдаса керек эле жанылышпасам.
10.07.2014. 13:02
 beka88
аявай сонун ыр! 2005жыл менин 1-курста окуп атканды элестеттип кеттим,ден студентте мен бул ырды уч жолу ырдагам!!
10.07.2014. 20:03
 Gulnazz93
Yrdy aiabai jakwy korup ugam klip da jakwy chygyptyr
10.07.2014. 22:33
 Bekish-kg
клип не в тему болуп калыптыр.Баткенде тартса болмок
11.07.2014 00:38
anara-anara
Bekish-kg, Баткенде эмнени тартмак эле
11.07.2014. 00:38
 anara-anara
Соонун ыр да клипда тажабай укса болот.
11.07.2014. 03:08
 joodar.kg
браво браво
12.07.2014. 22:11
 kuba7888
Сонун
13.07.2014. 15:07
 Margaret.girl
тим эле укмуш
13.07.2014. 15:10
 ilgiz-kg01
azamatsyn
05.08.2014. 17:44
 Gupa
Ырды окуучу кезде жактырчу элем. Бул ырчы да жагат.
25.09.2014. 02:50
 DOSY_1994
жакшы ыр болуптур мага аябай жакты
15.02.2015. 11:26
 anGelina-345
Эн соонун ыр! Уккан сайын журокту толкутат! Эмил байке дагы сонун ырларды кутобуз
08.06.2015. 13:37
 kyrgyzstan_00
Жакшы ыр, мыкты клип болуптур Эмиль аке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: