Эмил Балтагулов "Ыйлабачы, булуттарым"
Жанр:Поп
00:03:50
41,49 Мб
Жүктөлгөн: 14-11-2014


Ким үчүн билбей келем буулукканым,
Күн санап күтүп келем буйрук таңын.
Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.

Сунса да тагдыр мага кылычтарын,
Сыноонун ачуу даамын унутканмын.
Ыраакы мезгилдерди эске салып,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.

Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын,
Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын.
Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым
  • Currently 4.14/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (24)

14.11.2014. 23:47
 begusia
Ар бир уулга,кыз акыл,ыйман берсин. Ата Энени эч наараз кылбайлы!!! Клипинизге чоон рахмат!
15.11.2014. 02:32
 ELIMA91
Журогум ооруп кетти клипти коруп отуруп. Билбейм мага жакты
15.11.2014. 03:00
 mega.argen
Ийгилик каалайм,
15.11.2014. 14:17
 sneg88
созу обону сонун экен.Унунузго береке Эмил, бирок клип анча эмес
15.11.2014. 14:37
 Orozbek
Бул ырчынын позитивдуу ыры барбы, качан корбо кайгы капа..., клипти соонун тартса болмок.
16.11.2014 12:20
Ysykataarashan
Orozbek, томондо толура позитивдуу ырлары журот го. Кыздарыма, Балдарымдын апасы, Кыргызстан, Алып качам сулуу кыз, Терек Сай кыскасы коп экен.
15.11.2014. 15:42
 Altysh_Boldush
Мага жакты клипида ырыда. Эмил Балтакуловдун бардык ырлары манилуу
15.11.2014. 16:04
 suiuktuujar
ырга соз жок клип толукталбай калган
16.11.2014. 12:27
 Ysykataarashan
Дениздеби, океандабы, кыскасы толкунга кирип ырдаган жери жакты. Жаштарга тарбия бериптир мазмуну...
17.11.2014. 04:38
 Ibragim864
Талантын арта берсин Эмил,аябай сонун ырдапсын.
Ibragim864, рахмат. Кубанычтамын.
17.11.2014. 19:09
 adilet_saikal
денени титиреткен ыр экен.
18.11.2014. 10:29
 jasi
Ар бир кызга эмес, дегеле ар бир жанга ыйман берсин! Таасирдуу клип экен
18.11.2014. 23:06
 sapargul
Булуттарыбыз эч качан ыйлабасын, асманыбыз ачык болуп, Жараткан Алла барыбызга ыйман берсин. Ырдын авторлоруна терен ыразычылык жана чыгармачылык ийгилик.
26.11.2014. 02:14
 er-ulan7777
орто
26.11.2014. 18:45
 changak
качество начар экен
26.11.2014. 23:12
 Nuraza
эн сонун сабак болду окшойт,дискотека деп чуркагандарга,жана баарыбызга!ата энебиз Улук экенин унутпайлычы Достор!
12.12.2014. 14:55
 balykchydan
урматттуу админ super.kg деген жазууну алып койбойсунарбы козду алаксытпай. бурчтагы эле логотибинер жетет да, корунуп эле турат го...
13.12.2014. 14:31
 doolotbekovna.96
Соонун ыр экен..Чоон рахмат!!!!!!!!!!!
08.04.2015. 03:45
 toma85
Сонун ыр экен. Аябай жакты.
08.04.2015. 03:52
 toma85
Урматту администрация,
Боздотпочу ботодой болуп,
Мен калбайын бир гулдой соолуп.
Айрылдым сенден сенден кантейин.
Боздотпочу ботодой болуп.
Боздотпочу,боздобоюн,боздотпочу ботодой болуп.


Ак шумкардын боосу шынгырап.
Аккуу колдо айдай кулпурат.
Кайгырдым сен деп сен деп кантейин.
Апманымдан турам ыр курап.
А мен турам, аалам турат,
а мен турам мундан ыр курап.
Мына ушул ырды эльмирбек иманалиевтен сурап кочур
08.04.2015. 03:54
 toma85
Томонку ырдын текстин жуктоп коюнуздарчы сураныч
21.07.2016. 00:27
 Эмил Балтагулов
Рахмат баарыныздарга, жылуу соз жан эргитет тура.
07.10.2016 15:24
tashi62
Эмил Балтагулов, бул ырыңызды быйыл уктум,аябай сонун ишиңизге ийгилик .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: