Эмил Балтагулов "Ичпечи, апа"
00:10:26
100,64 Мб
Жүктөлгөн: 01-02-2016


Тартынбай тике тиктечи, апа
Таалайдынжибинүзбөчү, апа
Чыйралып тике тиктечи, апа
Чындыктынжибинүзбөчү, апа
Каралдымжанымкөкүрөкканым
Кулунуңменминкурудумкелдим
Ичпечиапа, суранамсенден, ичпечиапа

Суранамсенденсуранам, апа
Сүйүнткөнкайдаубадаң, апа?
Эркелепмоюнсозоалбайаттиң
Элдерденкатуууялам, апа
Акыл ой ката ала албай бата
Кудайдын таза келбесинжаза
Ичпечиапа, жалбарамсенден, ичпечиапа

Билбейминкандайтунуктук, апа
Бирүйгөбатпайуруштук, апа
Кулкундуойлопатабызбаштап
Кудайдынжолунунуттук, апа
Булуттуутаңыңбузулупканың
Чыркырайтжанымчыкса да жаның
Ичпечиапа, сыздатыпмени, ичпечиапа

Тагдырыңмынча тар беле, апа?
Таалайыңкулар жар беле, апа?
Ак жүзүң неге бозоротайтчы
Арактаөчүң бар беле, апа?
Уланып жарам ууланып барам
Түмөндөпсанаамтүгөнүп барам
Ичпечиапа, боздотупмени, ичпечиапа
Карадан акты бөлсөмбү, апа?
Караңгыжайдыкөрсөмбү, апа?
Апасы ичет дегенден көрө
Асынып барып өлсөмбү, апа?
Кутманым таңым күч-кубат алым,
Кыл десең айтчы кылайын баарын
Ичпечи апа, суранам сенден, ичпечи апа
Сага күн дагы тең эмес, апа
Сенчелик аалам кең эмес, апа
Келечек күнү тумандуу болуп
Келиниң ыйлайт мен эмес, апа
Жан дүйнөм канап, жабыркап барат
Кел эми эртең кеч болуп калат
Ичпечи апа, жалбарам сенден, ичпечи апа
Эмнеге сени теңейин, апа
Эмчегиң тосчу эмейин, апа
Күйүттү арак токтотсоң болду
Күндү да алып берейин, апа
Карегим көзүм керемет өзүң
Урматым менин укчу эми сөзүм
Ичпечи апа, сыздатып мени, ичпечи апа
Азгырык жолдо сен болдуң, апа
Армандуу балаң мен болдум, апа
Ырыстуу жанга тең келе албай
Ыйлаардан бүткөн көл болдум, апа
Кылмышкер жандай кыялым жанбай
Кыйналдым соолуп кыйылган талдай
Ичпечи апа, боздотуп мени, ичпечи апа

Адалдап тамак бакчу эмес белең
Ачуу эмес, апа, таттуу эмес белең
Аракты ичпей акылдуу бол деп
Ар убак мага айтчу эмес белең
Ушундай мага жүрөгү таза
Ууздай мага тилеги таза
Ичпечи апа, суранам апа, ичпечи апа

Аалам кең туруп думуктум, апа
Аягы бүтпөйт үмүттүн, апа
Өкчөлбөс пенде жалганда болбойт
Өткөндүн баарын унуткун, апа
Сүйүүмдүн кени сүйөмүн сени
Өмүрдүн деми өзгөрүп эми
Ичпечи апа, кагылам апа, ичпечи апа

Уялам элден суранам сенден
Ичпечи апа.....
  • Currently 4.80/5
(15 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (15)

01.02.2016. 21:15
 sagyn91
Ырга да клипке да соз жок.
01.02.2016. 22:20
 Eli75
Ото маанилуу видеоклип.Эмилдин бардык ырлары маныздуу,рахмат.
02.02.2016. 07:05
 mirana9395
маанисин кенен жакшы
02.02.2016. 09:33
 leonar
Бир ыйлап алдым
02.02.2016. 17:03
 Salman1477
Шылтоо менен ыйлап алдым. Эх чиркин дуйно!
04.02.2016. 09:47
 Zubi91
Ушул клиптен кичине болсо да таали-тарбия алсак жакшы болмок, кудайым ар бир адамга ыйман ынсап берсин.
04.02.2016. 20:10
 Inna_91
Туура ырдаган ичкен аялдарга сабак болот
04.02.2016. 21:29
 kochkor.siti
Бул ыр эн сонун ырда баарына сабак болот
04.02.2016. 22:22
 Genar.benicio
Клиптеги эже менин жердешим го☺
06.02.2016. 17:25
 masr88aza
Azamatsyn Emil alga jana alga
01.03.2016. 03:01
 kanybekov
Эн сонун
21.07.2016. 00:21
 Эмил Балтагулов
Рахмат, конулум которулду.
06.03.2017. 21:09
 KAPAGAT
Чын эле мен да эл сыяктуу бир жашып алдым, Супер инфо ушул ырдагы актёр актрисалардан интервью алыныздарчы айрыкча кичине баладан.
07.03.2017 09:33
admin_media
KAPAGAT,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
28.11.2017. 18:18
 medi.a_98
Саламатсыздарбы админ ушул ырдын текстын же минусофкасын чыгарыныздарчы суранам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: