Кубаныч Сатаев "Сагынам"
Жанр:Поп
00:03:50
101,73 Мб
Жүктөлгөн: 20-05-2010


Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:Б.Жандаровдуку

Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Жумуштан иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.

Көрүшкөн жандай жаңыдан,
Кете албай алыс жаныңдан.
Кылчактап улам кайрылып,
Кыйылган күндү сагынам.

Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр багынан.
Колума кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.

Сагынам, сени сагынам,
Алыссың кантем жаныман.
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
  • Currently 5.00/5
(3 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (59)

14.06.2010. 17:41
 ryzhak
Чыныгы кыргыздын клиби... Не то что тунку клуб, зеленый фон, анан кызыл-жашыл-кок-сары! Жакшы!!!
18.06.2010. 12:20
 Jiza
Ryzhak, olo jakty aytkanyn:) баары эле кызыл, жашыл, сары кок же машиналарын корсото берет ко..а бу жерде реально ырдап беришип, айылдыктарды бактылуу кылган жонкой ырчынын турмушуууу! браво братандар!!!
19.06.2010. 00:57
 MAKYSEM
Эн супеееееееееееееееееррррррррррррррррррррр!!!!!!!!!!!!!!
23.06.2010. 07:26
 bekjangold
Сонун ыр! Клип жонокой болгону менен кызыктуу болуптур!
23.06.2010. 15:03
 Jiza
Tuura aytasyn Bekjangold! Jonokoy nersede chon nerse jatat..Jonokoyluk uluuluktun belgisi emespi!
24.06.2010. 20:41
 kuttum seni
Клипте кемчиликтер бар экен. kubaBula айткандай колонкаларды тим эле койсо болмок экен. Дистанционный микрафонду да уйуно таштай келсе болмок.Унуно соз жок. Кайрыктарын да жеткире ырдаган
26.06.2010. 12:31
 janim
Ырынызга "4" анткени сиз музыкант катары кээ бир жериндедеги катаны укпай калсаныз керек бирок,ырдын мазмууну жакшы тактап айтканда "-5"...
29.06.2010. 04:51
 lider-kg
Абдан жакшы ыр. Аз каражатты талап кылган клип, бирок айылдын корунушун чагылдырган. Башкы ролду ойногон кыз клипке корк бериптир. Негизинен бул жигиттин чыгармачылыгын сыйлайм.
02.07.2010. 21:24
 jika
Соонун ыр экен.Айылдагы кундор эске тушот ,бах ,чиркин,кандай соонун кундор эле!!!!
05.07.2010. 11:38
 bekjangold
Клипти коруп алып айылга баргым келип кетти!
06.07.2010. 12:03
 Jiza
Достор, азыр 19-20-кылым эмес да, 21-кылым. кыргыз ырчыларынын кобундо музыкалык аппаратура бар. Гастролго да оздорунун аппаратуралары менен чыгышат.Азыркы кыргыз ырчыларынын чыныгы турмушу чагылдырылган. Айрымдар колонканы же радиомикрафонду тартпаса болмок депсинер, кызык. Ырчылардын турмушунун аз да б-со онугушун корсок болот. Оздорундо техникалык каражаттары бар экени жакшы эле да. Ийгилик баарынарга!
13.07.2010. 15:28
 Jiza
Супер сага рахмат! Мендей куйормандын пикирин да эске алып гезитке кошуп койгонунарга! Буйруса мен суйгон ыр эл арасында кундон кунго суйуктуу ырга айланууда. Кафелерде жаш ырчылар да ырдап, кыргыз коруучулору коштоп бийлегени кубандырат. Озгочо ушундай кырдаалда париоттук духубуз ойгонуп, кыргыздын ырларын уш-п кобуроок жаныртсак. Жаштар, озубуздун ырларды угуп, озубуздун клиптерди коп койгула.
16.07.2010. 13:49
 sher
koychuuuu karacan :(((
16.07.2010. 14:41
 akiykat
ырга клип топ келишет!!!
+5!!!
27.07.2010. 00:59
 mbeko
kyz avadan jaktyda mmmmaxxx
28.07.2010. 12:21
 Чагылган
Койчу, ай, мага клип такыр жаккан жок. Эптеп эле тартып койгон го.
28.07.2010. 12:49
 Bad boy
shlyapasi mne kovboy? iri chisto kirgizdin ailin chagildirat sonun.kalpak kiyse olmok da kalmak
30.07.2010. 14:04
 Арина
Айылдын тартылганынан башка эч нерсе жаккан жок
01.08.2010. 07:24
 Jizusa
meksikanezderdin 6lyapalaryn kiyiyp alyp, eeee, maga jakkan jokkkkkkkkkkkkkkkkkk
03.08.2010. 15:48
 Cholpon
Salamatsizraby Superinfo kuyormandary. Bul rd menin markum Chong Atam yrdachuu ele. oshonduktan yr ayabay kulagyma jyluu uchurady. Kubanych Sataev da mangyzyna jetkire yrdaptyr.Yrdoosu tunuk, unu da sonun eken. Kstaki... modern KG yrchylarda karaganda Krasavchik... ozuno kesiptuu meneger tabyshy kerek.anan sahna. kostyum. biy.degender ongdolup kalat.
15.08.2010. 19:56
 bugu
Жонокой жакшы адам экенин корунуп турат ишине ийгилик
19.08.2010. 00:52
 nejenka
Ayildi eske salat go.Balalik chagibizda biz da ushintip kochodo konsert uyushturup kalchubuz.Jonokoy kirgizcha klip menin baam.
23.08.2010. 10:18
 TAKE
суйом гуйом олом деген ырларга караганда туболук ойдо ыр эски ырлар кандай сонун клип жакшы болуптур режисер мыкты иштептир
26.08.2010. 11:41
 Lutaya
Ух ты ! А я эту девочку знаю- Мээрим ее зовут. Такой ангел! Мы на И-К отдыхали. Она и по жизни молодец девчонка! такой неожиданный и приятный сюрприз - увидеть ее в клипе.
Мека успехов тебе!
ot: Imeninnicy s kotoroi otme4ali dnyhu)))
26.08.2010. 14:22
 Nelya
sonun klip,maga jakti ozgocho chet jakada jurup ushulardi korgondo Kirgizstanga barip kelgendey ele bolosun da =)
01.09.2010. 10:41
 Асылжан
Бир жерде эле туруп ырдап клипти бүтүрүп салыптыр.Ыры жакшы,бирок клипке жогорку баа бере албайм.
18.01.2011. 20:36
 Pikashu
аябай жакты Куба азаматсын кыргыздын жашоосунан узунду клип экен
24.02.2011. 16:19
 kake
К.Алмазбековдун архивинен бир ыр калтырбай барын чыгарыш керек го. Кайсы чыгарма болбосун бары шедевр!
24.02.2011. 17:33
 ERMANI
Abdan jakshy klip.Super-puper eken.Aktrisa kyz tatyna eken
01.12.2012. 02:02
 admin_media
mairam999,
Сизге эскертүү!
Сайтта жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: