Кубаныч Сатаев, Кундуз Авашова "Эңсөө"
Жанр:Поп
00:04:07
102,15 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2011


Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө,
Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө.
Жаңырыгы жеткен беле арманымдын,
Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө?
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө.

Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга,
Алым жетпей мен өзүңдү унутарга.
Издеп сени таппай келем, түн бир оокум,
Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай.

Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды,
Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды.
Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң,
Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Окшоштуруп унутулгус элестерге.
  • Currently 4.19/5
(16 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (33)

08.08.2011. 16:08
 jazim
Клип эн сонун... бирок ыры мага жакпады.
08.08.2011. 18:59
 clanse7en
жакшы экен баары жарашыптыр ыр клипке клиптеги Гулнура ты супер!!! ийгилик
08.08.2011. 21:03
 ERMANI
uvaaa-ha-ha-ha!oi i4im !ke4iresizder.klipti korup alyp i4im ezilip kaldy.
13.08.2011 21:29
fantom
ERMANI, анча эмнеси бар экен ичин эзилгидей???
23.08.2011 17:01
Дикуся
ERMANI, Эмне коро албастыктан ичин эзилдиби же мындай мыкты ырды, мыкты клипти коруп ичин эзилдиби? Крек болсо бул Чубак Сатаев деген улуу, аты очпос таланттын ыры. Ал ырды Сатаевдин таланттуу баласы менен Кыргызстанды дуйного таанытып жургон КР, КазакР эл артисти Саламат Садыкованын кызы ырдап жатат.Таланттарды баалаганды качан уйронобуз достор.
15.08.2011. 17:04
 Дикуся
Супер
15.08.2011. 17:10
 Bad boy
Ыр да, клип да жакты. Клип необычный болуптур. Эки улуу таланттын балдары кантсе дагы ырды журокко жеткире аткарышыптыр. Азаматтар ийгилик силерге!
15.08.2011. 17:38
 smallka
Кенештин Гулмирасына караганда 100 эсе жакшы ырдайт экен кундуз эже. Бали! чыгармачылык ийгилик!
18.08.2011. 01:50
 Muratbei
Salam dostor,bul yrdym mp3sin kaidan taap juktop alsam bolot???aldyn-ala rahmat
19.08.2011. 09:45
 Jeki
Клип дагы, ыр дагы эн сонун! Менин коллективиме абдан жакты. Кантип кочуруп алсак болот. супер инфо кочурууго жардам берсениз. Ушундай клиптерди кобуроок жайгаштырсанар.
20.08.2011. 12:55
 ilgiz
аягына чейин коргонго чыдаган жокмун!
22.08.2011. 08:42
 kizil
maga negizi kubanich satayev jagatta birok bul emne ir jakshi ele eken vot klip koshmar kim tartkan arzan klip bolup kaliptir chinin aytsam
22.08.2011. 11:43
 Myrzake
Кубаныч азамат.
24.08.2011. 09:49
 kizil
Jiza - biz bilbegen kop nerse bilet okshoysuz kimsiz??
24.08.2011. 19:30
 myrza-kg
азаматтар. клип арзан тартылган, бирок, абдан кыйын дагы эмес, жаман дагы деп айтууга ооз барбайт. Гульнура аябай уялып атты эле, азамат, биринчи жолу тартылганга жакшы эле... андан кийинкилери дагы жакшыраак болор деген умут чон...
04.10.2011. 01:02
 ramil
Таланттардын балдары жакшы чыгарма жаратышыптыр.Кундуздун кайырмага кошулуп ырдаганы ырга корк кошуптур.
09.11.2011. 00:59
 eren
супер...молодцы!!!Кундуз эжени да Кубаны сыйлайм...ыр да клип да сонун)))уй булоолук бакыт силерге!!!!!
14.03.2012. 09:40
 Jeki
Эки таланттын балдарына бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм. Жагымдуу, уккулуктуу ырдашыптыр. клип дагы заманга ылайык экен баракелде!!!!
Чубак акебиздин бул ырын укпаптырмын, мен учун чон жанылык болду. Оригиналы болсо дагы коюп койгулачы сураныч? Ч. Сатаевди эскеруу кечеси быйыл качан отот сурап, жазып койсонор сонун болмок. Же мага Кубанычтын телефонун таап бергилечи отунуч...
14.03.2012. 12:02
 Aydan
Cупер клип! Молодцы! Кайсы олкодо тартылган??? Башкы каарман кыз жонундо жазып коюнуздарчы, кайсы актриса? Кубаныч байке менен Кундуз эже сонун ыр таап алышыптыр го. Мен дагы бул ырды жакшы коруп калдым! Ийгилик!
14.03.2012. 14:36
 Aruukeshka
Мага абдан жакты. Негизи эле Кубаныч байке башка ырчыларга салыштырмалуу акындар менен иштешет. Ошондуктан ырынын создору абдан терен, угумдуу. Бул ыры да абдан сооонун болуптур. Кундуз эженин ди-джей гана эмес ырчылык жактан да таланты бар. Клип болсо толук бир ойду бере алган экен. Бактылуу тугойлорго чыгармачылык ийгилик гана каалап отсок болчудай. Мактоого арзырлык клип, ыр жана ырчылар!!! Браво!
14.03.2012. 14:51
 nnn
Мага да жакты!Клиптеги кыз татына экен!Ийгилик!
14.03.2012. 17:39
 Aydan
Sonun klip eken!
14.03.2012. 19:14
 kara_kyz
кк можно скачать?
15.03.2012. 18:36
 akmat
Көчүрүү(13,59 Мб) деген шилтемени басыныз! Коро албастардын созун уга берсен жинди болосун! Ырларын жагат мага Кубаныч :)
19.03.2012. 05:34
 Djanel555
Ыр абдан жакшы экен. Кубаныч байке жакшы ырдаптыр кыздын деле уну жакшы бирок жаккан жок. Клип боюнча чынын айтсам жаккан жок
20.03.2012. 11:45
 Aydan
Супер инфо неге реальный мамиле клыбайсынар? откон жумадан бери добуш бере албай жатабыз..созсуз силерег жаккандар 1-орунга чыгыш керекпи? анда кошпогула башка клиптерди..сарзу 1-орун бергиле жаккандарга!
20.03.2012 14:00
MiranA
Aydan, "Конок" тайпасындагы колдонуучулар, т.а. жаңы катталган тургундар добуш берүү укугуна ээ эмес! Бул нерсе добуш берүү сиз айткандай, "реальный" жана так болушу үчүн колдонулат. Кечээ жакында катталып алып, бирөөнү күнөөлөп, кекетиштин эч кажети жок!
22.03.2012. 10:49
 Aydan
Rahmat Mirana! murdagy jana kiyinkiler dep bolot ekeninerdi bilbeptirbiz...jalan murunkular dobuw berip, jalan owolor silerge klient bolsun anda..janylardy taaryntyp, superdi emi taaniy bawtagandardy uwintip kapa kylyp alystatyp salat turbaysynarbyyyy?
27.03.2012. 18:58
 анарбек
клип баягыле ыры жакшыкен
09.04.2012. 12:28
 akiykat
ЫР сонун! ыр учун добуш берем. Кундуз эжем менен жездем ырдап жатканда, кимди колдомок элем? Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм сиздерге!
17.04.2012. 19:22
 aikoledi
токмоктогу гавайиде тартылыптыр
25.04.2012. 11:29
 Heavy
Бул клипте креатив аттуу нерсе жокко эсе экен. Эки кыздын пиво ичип отурганын рекламалап коюптур. Мынча кыйналып клип тартыргандан кийин деталдарын да карашпайбы.
25.04.2012. 15:41
 KGMuslim
Ушул Кыргыздар эч бир нерсе коро албайбыз же чукуйбуз ушунтип турсак качанг онолобуз аа?
Ырда клипда жакшы жааратуучуларга, жуктогонго жана SUPERдин жалпы жамаатына рахмат сиздерге соонун чыгыптыр чоон чоон ийгиликтерди каалайбыз! Мага жакты созу обону озгочо чыккан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: