Жанр:Поп
00:03:24
54,52 Мб
Жүктөлгөн: 01-02-2011
Жадыраган жазым сен элең,
Жандай көрүп сүйөм дечү элең.
Жаркыраган айдай периштем,
Түбөлүктүү бактым сен элең.
Кайырма:
Сүйүү менден узап кетерин,
Бир жүргөндө баркын сезбедим.
Сүрөтүңө карап олтуруп,
Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
Кара көздүү сулуу кыз элең,
Сүйүүм менин калпыс түш беле?
Табыштырган жазгы сүйүүбүз,
Күздө кетер келгин куш беле?
Кайырма:
Ошол күндөр өттү билинбей,
Эрте соолгон жаздын гүлүндөй.
Бакыт тилеп сага аргасыз,
Жашап келем, бирок түңүлбөй.
Кайырма: