Жанр:Поп
00:04:50
56,33 Мб
Жүктөлгөн: 26-10-2009
Сөзү:К.Бобуловдуку
Обону:Ч.Сатаевдики
Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө.
Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм,
Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө.
Кыдырып дүйнө жүзүндө.
Көздөрүң сонун капкара,
Көргөндө толкуйт апкара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге кеттиңби,
Кеттиңби, жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкара, ай.
Пейилиң сонун алпейим,
Өзүңдү сүйүп жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз,
Сен мага жүрөгүм,
Жүрөгүм толкуйт кантейин.
Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң кара көз, эмнеге,
Мен сага, тагдырга барбы жазганым?