|
Мен бүгүн Ак-Буураны бойлоп келем,
Башыман өткөндөрдү ойлоп келем.
Шаркырап агып жаткан суу боюнда,
Толкунга аралашып балкыйт денем.
Алыстан агып келген Ак-Буурасы,
Аалайдын аскасынан тууласың.
Миңдеген булактарды бириктирип,
Айланып Ошту көздөй буруласың.
Карасаң тар капчыгай суунун жолу,
Шамалы бетке урат бийик тоонун.
Ошумдун так жүрөгүн эки бөлүп,
Ак-Буура агып өтөт, кандай сонун!
Ак-Буура агып турат, кандай сонун!
Сөзү : Рахилья Мадумарованыкы
Обону : KG Эльмураттыкы
Обону : Казак эл ыры
Ыр ырдабай обонум ачылбайт, ай,
Жерге жыпар көп гүлдөр чачылбайт, ай,
Ыр ушундай кыздар, ай,
Жерге жыпар көп гүлдөр чачылса, да,
Күндө ушундай башыбыз кошулбайт, ай,
Ыр ушундай кыздар, ай,
Тармал чачың келбесе кайрууга, ай,
Эмне дебейт кас-душман айрууга, ай,
Ыр ушундай кыздар,ай.
Кас-душманың тийишсе айрууга, ай,
Балапандай чачылба, байкуш болуп,
Ыр ушундай кыздар, ай,
Оттой жанган бой жеткен кыз дегениң,
Менин да ошол кыз болду издегеним,
Ыр ушундай кыздар, ай,
Ушул жөтөл кетсе эгер тамагымдан,
Айылыңа элүү эмес, жүз келемин,
Ыр ушундай кыздар, ай,
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Мүзүр Мамбетовдуку
Ишенбей турамын укканыма
Ичим от, жалындын кучагында
Ирмебей уйкусуз түндөр өтөр
Илинип санаанын тузагына
Жарыгы өчкөндөй махабаттын
Жалыны жалгандын каптап жатты
Жазыгы эмнеде билбейт элем
Кайгы таптым
Кайырма:
Ыйлабачы, ыйлабачы, жан дүйнөмдү кыйнабачы
Ыйлабачы, сыздабачы, жүрөгүмдү бүтүн жанчып
Суранамын мен өзүңдөн, жаным менин
Өзүңсүз мен эми жашай албайм
Өмүрдүн таттуусун сага арнайм
Өкүнтөт өрт болуп өткөн күндөр
Өзүңдү мен эми жандай албайм
Ойлобой койоюн десем дагы
Оюмдан кетпедиң күнү-түнү
Айыкпас жүрөктүн ушул тагы
Болдуң жаным
Кайырма:
Сөзү : Руслан Нарынбаев, Нурмат Садыровдуку
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Ырыскелди Осмонкуловдуку
Сөзү : Медер Шакир уулунуку
Обону : Т.Колдошовдуку
Талкалап баарын бүттүң,
Эң назик көңүлдөрдү.
Текебер мүнөзүңө,
Үмүттөр көмүлгөнбү?
Кайырма:
Жүрөктөр сенсиз кагып,
Ыйлады дагы, дагы.
Кол шилтеп кете бердим,
Кош эми сүйүү багы.
Мурдагы жакшы көрүү,
Жашабайт сезимдерде.
Кайрылып келбейм сага,
Көз жашың төгүлгөндө.
Кайырма:
А азыр башка менин,
Жанымдай сүйгөн жарым.
Түбөлүк коштошомун,
Мени эстеп кайгырбагын.
Кайырма:
Сөзү : А.Ахмедовдуку
Обону : К.Ташбаевдики
Мен жашоонун көрдүм ийри бүктөмүн,
Сулуулукка арбалышты бүт денем.
Мен жүрөктү жара тилип ааламды
Махабаттын көзү менен тиктедим.
Сүйдүм сен деп, күйдүм дегдеп,
Ата Журтум, эл-жерим
Өмүр кыска бул жашоого,
Жыргаш үчүн келбедим.
Өмүр кыска бул ааламга,
Ырдаш үчүн келгенмин.
Мен турмушта азаптуу жол тандадым,
Кыйын кезде көрдүм элдин жардамын.
Чыгарсам деп көөдөнүмдүн ышкысын.
Дагы далай ичте калды арманым.
Канат кагып аба жарып,
Көктө канат сербедим.
Ырдаш үчүн, ыйлаш үчүн
Бул жарыкка келгенмин,
Өмүр кыска бул ааламга,
Жыргаш үчүн келбедим.
Өмүрүмдү оттой күйүп жашадым,
Кыйын болду, кыска болду сапарым.
Махабатты күүгө салып талыкпай,
Жылдыз сымал жарык жанды атагым.
Менин жалгыз, унута алгыс
Муза болду эрмегим.
Ырдаш үчүн, ыйлаш үчүн
Бул жарыкка келгенмин,
Дагы далай ичте калды арманым.
Сүйдүм сен деп, күйдүм дегдеп,
Ата Журтум, эл-жерим
Өмүр кыска бул жашоого,
Жыргаш үчүн келбедим.
Өмүр кыска бул ааламга,
Ырдаш үчүн келгенмин.
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Жалындуу жаштык барында,
Ойно дос, курбу кайгырба.
Убакыт өтсө кайрылбайт,
Жаштык кез сага, мага да.
Студенттик гүл курак
Эх, сонун жаш курак
Сен кеттиң бизден алыстап кайда.
Суранам кетпечи, кайрылып келсеңчи
Алыстап сен бизден узаба.
Кайырма:
Студенттик кундөр керемет,
Ал күндөргө эмне тең келет
Баа жеткис баалуу күндөрүм
Жамгырдай кеттиң себелеп
Сүйүүнүн таза барагын,
Студенттик кезде тапканмын
Окуу деп, билимге чакырган,
Эже-агайларым сагындым.
Кайырма:
Сөзү : Д.Исмадияров, KG Эльмураттыкы
Обону : Д.Исмадияров, KG Эльмураттыкы
Кайырма:
Эркетайым менин айдайым, жалгызым,
Өзүңө арнайын махабат жылдызын.
Кылыктарың сенин жүрөктү козгогон,
Сүйкүмдүү жан эркем, өзүңө эч тойбойм.
Сага арнап ырлар жаздым сагынган үчүн,
Ардагым сезсең боло сүйүүнүн күчүн.
Сезимиң жай албай жаным өзүңө,
Асылым көңүл бөл менин сөзүмө.
Кайырма:
Көп сулуу бийкечтердин арасынан мен,
Жактырдын бир өзүңдү эң сулуу эркем.
Өзгөчө баскаың, узун чачтарың,
Арбады жаным мени чийме каштарың.
Кайырма:
Сөзү : Шайырбек Араповдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сагынам сени, сагынам сени, сагынам,
Ойлонуп сени, эзилет жүрөк, билбейсиң садагам.
Сагыныч мени сары оруу кылып кыйнады,
Өзүңдөн башка көңүлгө эч ким сенчелик сыйбады.
Кайырма:
Бүт өмүрөмдү арнап, мен сени сүйөмүн,
Кечикпей кезиксеңчи, кайдасың сүйгөнүм?
Махабат аралына кетели бирге,
Мен сендик болуп, сен мендик болуп,
Мен сендик болуп өмүрдө.
Жүрөгүм ооруйт, өзүңсүз өткөн түндөрдө,
Сырымды кимге айтамын, кимдер абалым түшүнөт?
Же сени издейм, түңгуюк баскан бул өмүрдөн,
Жаштыгым өтүп, арманда сага кезикпей каламбы?
Кайырма:
Баратып жолдо, батабыз ойго:
“Өлкөбүз кантип өнүгөт?”
Чаң баспай төрдө, чапсак деп өргө,
Санаабыз санга бөлүнөт.
Эгемен болуп, сыймыкка толуп,
Жашаган жокпуз бекерге.
Жалының кошкун, салымың кошкун,
Зарылып турган мекенге.
Кайырма:
Өнүгө бер, өркүндөй бер мекеним!
Мен дебей, эл деп, төгөлү бермет,
Бейпилдикте өнүгүп мекен,
Берекебиз байлансын бекем!
Ар канча улут, алтындай уюп,
Айжаркын болсун келечек.
Таптайлы күчтү, баштайлы ишти,
Аракет кылсаң - берекет.
Биримдүү болсок, билимдүү болсок,
Жетебиз аруу тилекке.
Өзгөчө көркөм, өнүксүн өлкөм,
Кыргызстан жашап жүрөктө!
Кайырма:
Сөзү : Абдрашит Урбаевдики
Обону : А.Төрөбековдуку
Жүрчү, жаным, бул жерден кетеличи,
Махабаттын дайрасын кечеличи.
Өткөн-кеткен капалык унутулуп,
Жетпей жүргөн, жетпей жүргөн,
Жетпей жүргөн максатка жетеличи.
Качырбачы, көзүңдү качырбачы,
Жашырбачы, жүзүңдү жашырбачы.
Ансыз деле топтолгон кусалыкты,
Арманымды, арманымды,
Арманымды чегинен ашырбачы.
Жүрчү, жаным, бул жерден качалычы,
Кыналышып бир черди жазалычы.
Армандарды жамгырдай төгүп таштап,
Муңга толгон, муңга толгон,
Муңга толгон көңүлдү ачалычы.
Сөзү : Бакыт Жунусалтевдики
Обону : М.Рахимжанованыкы
|