|
Сөзү : Таалай Бектургановдуку
Обону : Таалай Бектургановдуку
Сен тартынбай мага карачы,
Колуң сунуп колум кармачы.
Түбөлүктүү болуп мен менен,
Көп кыйнабай менин санаамды.
Кайырма:
Мен суранам, сенден суранам,
Сен кайрылсаң абдан кубанам.
Колтукташып сен менен басып,
Алкымыңдан ай мен жыттасам.
Түшүнбөдүм сенин оюңа,
Бере албадың каттын жообун да.
Жүрсөң керек сен да кыйналып,
Ойго батып сарсанаага.
Кайырма:
Оо, менин сүйгөнүм, Назира,
Жүрөгүмдө жалгыз сен гана.
Кармашып колубуз дайыма,
Калсынчы, садагам Назира.
Сөзү : А.Жакшылыковдуку
Обону : Т.Асанакуновдуку
Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.
Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө.
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.
Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткенимди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.
Кайырма:
Сөзү : Акыл Айтиевдики
Обону : Акыл Айтиевдики
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Күндөрдүн биринде чочуп, тайсалдап,
Биз окуган класска кирди практикант
Топ кыздар чурулдап, азил сөз чубап,
Кызартып агайды, ар нерсе сурайт.
Кайырма:
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Эх, практикант агай чууну салдыңыз,
Кыздардын жүрөгүн ээлеп алдыңыз.
Төртпү же беш жашпы бизден улуураак,
Сүрдөнүп сөзүнөн улам адашат.
Ансайын шок кыздар сүйгөнүн сурап,
Агайдын шаштысын кетирген убак.
Кайырма:
Жагымдуу сөздөрү, назик күлкүсү,
Дүрбөтүп сезимге салды бүлүктү.
Кыздарды кызганып, балдар күйүктү,
Агайга тийишип араң жүрүштү.
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Өзөндү бойлоп, өзүңдү ойлоп,
Жаз келсе ме да келээрмин.
Өзүңө жаккан, сага арнап жазган,
Ырымды ырдар берермин.
Кайырма:
Жол боюндагы, жол боюндагы,
Ыргалып өскөн ак кайың.
Сагынтат мени, сагынтат сени,
Сагынтат мени, эй жаш чагым.
Алыста жүрүп даалай күн күтүп,
Сагынсам сага келээримин
Жүрөктө жүргөн, өзүң деп күйгөн,
Сүйүүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сагыныч эзип, сүйгөнүм сезип,
Күз келсе мен да келээрмин.
Армандуу жүрөк, жалындап күйөт,
Өзүмдү сага берермин.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Таңдары бермет, жаш кезек алтын,
Сел болуп өттү, сезбедик баркын.
Жылдызы күмүш, күн чыкса сымбат,
Жоогазын сындуу ал күндөр кымбат.
Кайырма:
Мен сен деп канча ыр жаздым, ай, жоогазын?
Күбөсү канча сырлардын, сен жоогазын.
Кубанса курдашы сенсиң, кайгырса муңдашы сенсиң,
Айдай сулуу, күндөй сулуу кыздардын.
Бал кымыз жуткан жайлоосу сонун,
Ал жылдар калды булгалап колун.
Сезимдер ошол журтунан көчкөн,
Адыр, тоо алыс жоогазын өскөн.
Кайырма:
Сөзү : Г.Сатибековдуку
Обону : Г.Сатибековдуку
Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.
Кайырма:
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.
Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.
Кайырма:
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.
Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Еврейский
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Рамис Алиевдики
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Эстеймин ошол түндү,
Поездде бирге барган.
Жиби жок өзүңүзгө,
Билдирбей байлап алган.
Улгайган жашын билем,
Уланды сүйүү деген.
Киргенче купеңизге,
Каткырып күлкү менен.
Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.
Коңшулаш купедеги,
Бейтааныш сизди күтөм.
Чыкпайсыз түн ортосу,
Аны мен жакшы билем.
Айта албай саламымды,
Таанышпай каламынбы?
Кара көз карындашым,
Көрсөтчү карааныңды.
Кайырма:
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Муратбек Бегалиевдики
Кай жерге конбоюн, кай жерде болбоюн,
Тиленип аманың, тиктеймин жол боюн.
Алдыңда күн болуп, артыңда ай болуп,
Ааламга ачылган, жадыра, мекеним.
Агарган таң болуп, тилеймин эсениң,
Дайыма жанымда жадыра, мекеним! Кыргызстан!
Түн болуп, гүл болуп, түр болуп, үн болуп,
Ай бою, жыл бою, түн бою, күн бою.
Тилеймин эсениң дайыма жанымда,
Жадыра, мекеним! Кыргызстан, Кыргызстан!
Азабың, азабым, арманым жазарым,
Сагынып жашаарым, сагынып жатарым.
Атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Атагың арттырып, алгала, мекеним.
Кыргызстан, атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Алгала, мекеним Кыргызстан, Кыргызстан!
Угарга санатым, учарга канатым,
Аралайм сен үчүн асман-жер арасын.
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун, бар болгун, мекеним!
Ыйыктын ыйыгы - эртеңиң, кечээгиң,
Серпилтип кылымды, Сен бар бол, мекеним!
Кыргызстан!
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун. Ыйыктын ыйыгы - эртеңиң, кечээгиң. Серпилтип кылымды сен бар бол, мекеним Кыргызстан!
Алма кайык дегенде, алма кайык,
Айылыңарда кыз барбы мага ылайык.
Айылыңарда кыз болсо мага ыдлайык,
Күйөө бала болоюн бажырайып.
Өрүк, өрүк дегенде, өрүк, өрүк,
Өрттөнөмүн, күйөмүн сени көрүп.
Өрттөнсөм да, күйсөм да сени көрүп,
Олтурасың терезеңде чачың өрүп.
Бийик, бийик тоолорго чыккым келет,
Бийигине кызыгып уйкум келет.
Уктап жатсам жаныма бир кыз келет,
Тал чыбыктай ийилип салам берет.
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Сагынтасың мени айылым,
Кусалыктан келет ыйлагым
Бир күч бар го сага байлаган
Бейиш жерим, мекен, турагым
Жыл айланбай келем айылга,
Сенде калган мөлтүр курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.
Кайырма:
Биздин айыл керемет
Сага кай жер тең келет.
Качан келсең берет кубат,
Биздин айыл жапжаш турак
Ага берчи ыйык булак.
Биз чоңойдук жигиттик убак,
Чуркап келип суу ичкен чулак
Балалыгым сенде катылган,
Сен болосуң ыйык булак
Жыл айланбай барам Аксыга,
Сенде калган бала курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.
Кайырма:
Жыл айланбай келем Мукурга,
Сенде калган мөлтүр курак.
Кылымдарга жол улап,
Ага берчи ар убак,
Соолубачы ыйык булак.
Оюн карак бала элем,
Эркелеткен таенем,
Алар кеткен менден узап.
Жигит эле, акелер чачтарында бүгун бубак.
Сен карыба, ыйык булак.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Биз экөөбүз бирде жолугуп, кээде таппай адашып,
Кесилишип кайкып каректер, бирде тиктеп карашып,
Билмексенбиз балким деп ойлойм, экөөбүз тен жашынып,
Бирде жалган айтып, бирде сөздөн качып,
Жүрөбүз дейм адашып.
Кайырма:
Көңүл сезим калды сага байланып,
Асманымда ак булуттай айланып,
Сени сүйүп жүрүү кандай керемет,
Күндүзү күн, а түндөсү ай жарык.
Капилеттен дейбиз, а бирок, болот турмуш ар кандай,
Табышаарбыз балким таппайбыз, болот тагдыр жазгандай,
Бир болорбуз балким акыры, эриш-аркак жарашып,
Аруу тилек айтып, ак сүйүүдөн кайтып,
Түбөлүккө жанашып.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Рамис Алиевдики
Кыялга чөмүлгөнсүйт түндөрүм,
Кызыгы сүйүү тура бул өмүрдүн.
Каптады кусалык тилектерди,
Кун санап жүрөк издейт өз сүйгөнүң.
Кайдасың махабат мага келчи,
Туптунук сүйүү берчи.
Кайырма:
Махабат кайдасың,
Бакыт тартуулаган.
Күндөрүм жашасын,
Сүйүү орун алган.
Кусалуу көздөрүм күйүп турат,
Жүрөгүм ар бир күндөн үмүт кылат.
Бакытым келет мен ишенемин,
Ак сүйүү бул өмүрдү куруп турат.
Кайдасың махабат мага келчи
Туптунук сүйүү берчи.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Рамис Алиевдики
Билбедиң, сүйүүмдү байкабадың,
Бир сенин көзүңдөн айланганмын
Сүйүүмдү арнап, мен жүрөмүн жандап
Сезбедиң көзүмдөн айтканымды
Серпилип кыялга батканымды
Каректен арбап, сен билбедиң байкап
Жашынып бүл махабатка
Жан дүйнөм ый, күсалыкта
Өзөктө жангам
Өрт болүп сага
Өмүрдү жалгыз арнагам
Өзүңө гана
Ашыкмын сага
Өзүңө гана
Ай болуп асманда түндө келем,
Жарк этип жан дүйнөм күндө келем
Өзүң деп жашап, мен өзүң деп жашап
Гүл бөлүп дүйнөңө гүлдөй берем
Сүйкүмдүү көзүңдү издей берем
Жолуңду карап, мен жолуңду карап
Кайырма:
Сен менин абалымды билбей кеттиң
Серпилип көз кырыңа илбей кеттиң
|