|
Сен барда бул өмүрдө багым бар бул күндө,
Жашоомдун мезгилдерин бөлөдүң түркүнгө.
Жаз болуп сезимдерим ар убак жаңырат,
Сен менин, кечим менин, бакытты чакырат.
Кайырма:
Бактылуумун, бактылуумун өзүң бар үчүн,
Сездим бүгүн таттуулугун өмүр балы үчүн.
Бул дүйнөдө менин сүйүүм жалгыз сен үчүн,
Жылмайганым, наздуулугум өзүң бар үчүн.
Көңүлдүн жарыгысың нурданткан тилекти,
Жанымдын жарымысың агарткан жүрөктү.
Сен барда бар ырысым жашарткан үмүттү,
Салбасын сүйүүбүзгө эч ким бүлүктү.
Кайырма:
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Мен жалгыз, жалгыз, сезимдер алсыз,
Сагынуудан башка таппаймын айла,
Жолуккан күндөр, жомоктой түндөр
Кайда, кайда?
Кайырма:
Мейли, мейли жүрөгүмдү жылытпай,
Мейли, мейли учуп кетсең булуттай.
Бийик коюп сүйүүнү намысымдан,
Бир өзүңдү сүйөмүн унутпай.
Эңсетип жанды, эсиңде барбы,
Эгиздердей чогу тосчубуз таңды.
Тунук махабат, жүрөк жаралап,
Кайда калды?
Кайырма:
Сөзү : К.Примбердиевдики
Обону : К.Примбердиевдики
Бүгүн менин түнү менен уйкум келбей, эркин койдум кыялды.
Аягы жок космостун мейкинине кыялым сапар алды.
Чексиз ааламдын табышмагы түгөнбөйт,
Өзүнө чакырат алыстагы бир жылдыз.
Кайырма:
Старт алдым, жылдыздарга,
Ааламдын кучагына,
Максатыма жетсем анда,
Жаңы жылдыз жанат асманда.
Алга койгон максаттарым тынчтык бербей, алыстарга чакырат.
Ааламдын сырларын билгиң келсе, өзүндөн гана сура
Ар бир адамда жылдыздын жарыгы бар,
Ачылып бергин сен ааламдын кучагына.
Кайырма:
Старт алгын, жылдыздарга,
Ааламдын кучагына,
Максатыңа жетсең анда,
Жаңы жылдыз жанат асманда.
Биздин кыялдарда чексиз аалам жатат,
Эркин ойлонуп талпыналы максаттарга.
Кайырма:
Сөзү : К.Качкынбаева, Омар
Обону : Омардыкы
Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн,
Баалуулугу түшүп дүйнөнүн.
Азгырык да сенин айланаң,
А, сен кызысың таза дүйнөнүн.
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин китеп сүйгөнүң.
Мээримге толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
Кайырма:
Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет
Периштедей сезилет
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.
Апакеңдин аппак сүтүндөй,
Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй.
Сен аларга көңүл бурбагын,
Бийиктигиң, баркың түшүрбөй
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин билим сүйгөнүң.
Ыйманга толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
Сөзү : Эмилбек уулу Айбектики
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Күндө эле, күндө эле,
Күндө эле сага барамын,
Сүйөөрүмдү көздөрүмдөн байкагын,
Махабаттын ачылбаган гүлдөрүн
Жалгыз, жаным, сага келет арнагым.
Кайырма:
Жаным, айдайым,
Сенсиң ардагым,
Менин айдайым.
Ай беле, күн беле,
Нур беле, сүйкүм жамалың?
Балдай ширин сөздөрүңө арбалдым,
Суусатты го жанды назик күлгөнүң,
Келчи, жаным, мага сүйүүм арнайын.
Кайырма:
Түн сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?
Кайырма:
Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?
Жолугууга чакырайын,
Жообун айтып келесиңби?
Анчалык көп кыйнабачы,
Алда мени сезесиңби?
Кайырма:
Айтчы гана, жообун айтчы,
Алоолонуп күйүп барам.
Анчалык көп назданбачы,
Ал ансайын сүйүп барам.
Келчи, гүлүм көп күтпөстөн,
Максатыма жетсем окшойт.
Күтө бербей Токтогулга,
Алып качып кетсем окшойт.
Кайырма:
Сөзү : Жакут Сыдыковдуку
Обону : Ильяс Кудретовдуку
Атыңды мен жүрөгүмө сактап,
Асыл эркем алдейлеймин, таптап.
Сен билбесең, сени сүйөмүн жаным,
Сени менен көрүшкөндөн баштап.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын эми мен.
Ойлорумду уйпалаба,
Отко салып куйкалаба эми сен...
Кайырма:
Жалгызым, ай, жалындаган оттой жигитмин,
Жанымда бол, түбөлүккө мендей жигиттин.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын
Алтыным менин, ашыгымсың жаным, ай
Колуңду мага бер, сүйүүгө сыр ачалы, жаным, ай
Кайырма:
Жалгызым, ай, жалгыз сенде менин үмүтүм
Жалгыз кылбай боломун эми сенин жигитиң
Тагдыр бизди жолуктурду эми,
Талаша албайт эми эч ким сени
Сен билбесең сени сүйөмүн жаным,
Сени менен көрүшкөндөн бери.
Жаным сени урматтаймын,
Ак сүйүүмдү уурдатпаймын
Алтыным менин, ашыгымсың жаным, ай
Колуңду мага бер сүйүүгө, сыр ачалы жаным, ай
Кайырма:
Сөзү : Г.Садыбакасованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Арзыган тилегимди,
Арнаган жүрөгүмдү.
Бир жигит сезбей кетти,
Мен аны сүйөрүмдү.
Акмалап күнү-түнү,
Азгырып үмүтүмдү
Алдымдан тосуп улам,
Бир жигит сүйүп жүрдү.
Кайырма:
Кош сүйүү сабаладың,
Жүрөктү жараладың.
Бирине карабадың,
Бирине жете албадым.
Махабат бооруң ташпы,
Агыздың көздөн жашты.
Бактымды кармай албай,
Сүйүүдөн көңүл калды.
Бийик кармап өзүмдү,
Боло албадым өтүмдүү.
Санаасы көп махабат,
Алам сенден өчүмдү.
Кайырма:
Экөөбүз жолукчу жер көлдүн жээги, аба салкан
Күтүүдөн баскандарың бүгүн эртең, арбын-арбын
Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп жолугарда ойго чөктүм,
Оюмда эч нерсе жок кучактасам
Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң.
Махабат бооруң ташпы, агыздың го көздөн жашты
Бактымды кармай албай, бул сүйүүдөн көңүл калды
Тилеген ой бар эле, дагы канча
Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча
Алтыным кош болгун деп кете бердиң,
Көзүмдөн акты жашым узаганча.
Кызарып күн жаңыдан тоого кирип баткан эле
Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле
Кааларым бакыт-кушум кабарыңды
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды
Кош эми түбөлүккө бактылуу бол
Унутпа сени сүйгөн адамыңды.
Уйкусуз түндөр улана берет,
Жалындаган жаштык барында.
Бактылуу күндөр кулачын керет,
Кереметтүү борбор шаарында.
Кайырма:
Бишкегим, сүйүктүү борборум,
Көркүнө кумарым тойбоду.
Желегиң асманга желбирет,
Түбөлүк гүлдөрүң соолбосун, Бишкегим.
Шаңга бөлөнүп шаарым керемет,
Жарык өчпөй көккө жалындай.
Кызыктуу кечи билинбей өтөт,
Байкабайсың аткан таңын да.
Кайырма:
Сен көчөдө бассаң, бассаң жарашып,
Суктанышат баары сени карашып.
Канчалары, жаным, сени жактырып,
Канчалары жүрөт сени самашып.
Кайырма:
Неге, неге, неге?
Ай-ай, эмнеге?
Жаным, сени баары караша берет.
Мендиктигиң билбейм, кызганарым билбейм,
Жаным, сени баары караша берет.
Сулууланба, жаным, сен көп жасанба,
Көз тиет деп коркуп жүрөм ансыз да.
Жаратканым неге сулуу жараткан,
Кызганамын сени бир көз караштан.
Кайырма:
Неге, неге, неге?
Ай-ай, эмнеге?
Жаным, сени баары караша берет.
Мендиктигиң билбейм, кызганарым билбейм,
Жаным, сени баары талаша берет.
Жаным, сени баары караша берет.
Көргөн сайын көздү уялтып чачасың жалын,
Кайра эле карай берем жагасың, жаным.
Сенден алган нурдун күчү керемет кандай,
Оттун күчтүү күйүп-жанып жалындаганы.
Кайырма:
Сага гана гүл сунамын, бир сага гана,
Жүрөгүңдөн орун берчи бир мага гана.
Гүлгө кошуп күн сунамын бир сага, жаным,
Кабыл алгын ак сүйүүмдү, сен кабыл алгын.
Эзилдим эми көрүүдөн талбай,
Сени гана түбөлүккө жүрөмүн жандай.
Бир сыр бардай башкача бир, көздөрүң кумар,
Кышты жазга айландырган сөздөрүң тумар.
Кыялыбыз, максатыбыз табышса бирге,
Ар бир күнүм кызыктардан өзгөрүп турар.
Кайырма:
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Автандилдики
Сен каректин нурусуң,
Сен сезимдин сырысың.
Сен баарынан бийик ажайып сулуусуң.
Мен сүйүүмдү сунам,
Мен багынып турам,
Мен жакпасам сага, жалынып не кылам.
Кайырма:
Жашыйм улам,
Жашоом туман,
Жаным сага жакпасам,
Жалынып не кылам?
Сен сагынткан ак кушум,
Сен башкага бактысың.
Сен ээлеп алгансың, жүрөктун ачкычын.
Мен от болуп жанам,
Мен алсырап барам,
Көз нуруңду сенин кай жактан табам?
Кайырма:
Махабатым тартынамын айта албай,
Кездешүү айласын таба албай.
Көздөрүмдөн сезимимди байкабай,
Жылмайып өтөсүн арман, ай.
Кайырма:
Мен сени көрүүгө шашып,
Көрүшсөм наздуу басып,
Өтөм көз нурун чачып.
Сен кылыгым көрсөң деле,
Байкабай өттүң неге,
Суйүүң балким бар беле?
Таңда-кечте...
Жалгыз сени ойлоймун,
Тагдырым бир сага болжоймун.
А, сен неге жылмайып койбодуң,
Баары бир ээлеймин ойлоруң.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Жар-жар айтып жаңы бакытым,
Кадам таштап турмуш жолуна.
Салам айтып ийип башыңды,
Түгөйү болуп түштүң жолуна.
Кайырма:
Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун,
Таалай, бакыт кушу консун.
Жүрөгүңдө ыйман болсун,
Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун.
Гүлдөй назик кылдан болсун,
Аппак жүзүң нурдан болсун.
Салам айтам эми каралдым,
Карындашым менин секелек.
Унутпаймын куурчак ойногон,
Эркетайым эстен кете элек.
Кайырма:
Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун,
Таалай, бакыт кушу консун.
Жүрөгүңдө ыйман болсун,
Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун.
Гүлдөй назик кылдан болсун,
Аппак жүзүң нурдан болсун.
Жар-жар айтып, бүгүн жашыдым,
Сүйүнүчтөн ысык жаш агып.
Жар-жар айтып эми ата-энеӊ,
Турмуш жолду салды, гүл тагып.
Кайырма:
Түбөлүккө тапкан жарыӊ бирге болсун,
Таалай бакыт кушу консун.
Жүрөгүӊдө ыйман болсун,
Өмүрүӊө Кудай жүзүн бурган болсун.
|