|
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Туугандарым, сүйүнчү!
Бүгүн биздин үйдө,
Уул бала төрөлдү,
Теңдеши жок күнгө.
Апа сүтүн аймалап эмгениңди көрөйүн,
Ата атын чапкылап мингениңди көрөйүн,
Муйдусунан өбөйүн.
Кайырма:
Апасынын баласы,
Атасынын баласы,
Өсө бергин чоңоюп ,
Тийсин элдин батасы.
Карап, карап окшоттум,
Жылдыз жанган айга.
Анан дагы окшоттум,
Чолпон жылдыз, айга.
Апа сүтүн аймалап эмгениңди көрөйүн,
Ата атын чапкылап мингениңди көрөйүн,
Муйдусунан өбөйүн.
Кайырма:
Сөзү : А.Кайназаровдуку
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнү.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.
Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.
Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.
Кайырма:
Аял дебе, кылба аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:
Суктанам, суктанамын,
Жапжашыл айланага.
Укмуштай жаз көркөмү,
Теңелбейт сага гана.
Кайырма:
Тартынбай бери карап күлчү, жаным,
Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным,
Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным.
Аралап жаш шиберди,
Келесиң сен жаныма.
Сезимиң уялыңкы,
Сезилет мага гана.
Кайырма:
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе,
Күйдүрүп жүрөсүң неге?
Үзүлчөөк биздин мамиле,
Элдерге окшобойт неге?
Сөзүңдү албадың беле,
Сүйөм деп калбадың беле.
Телефон кылам деп анан,
Күттүрүп чалбадың неге?
Кайырма:
Алдаба, алдаба сен,
Чалбадың не, чалбадың го сен?
Алдаба, алдабайм мен,
Чаламын деп, чала албадым мен.
Кечир деп барбадым беле,
Кечиримди албадым беле.
Чакырсам жолугушууга,
Келемин деп калбадың беле.
Элдердей жүрбөйбүз неге?
Сүйүүбүз от албайт неге?
Барам деп чыгынып жатып,
Чын эле, барбадым неге?
Кайырма:
Алдадым, алдадым мен,
Барбадым не, барбадым го мен.
Алдаба, алдаба сен,
Келемин деп, келбедиң го сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жаманмын, жакшысың сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жакшысың, жаманмын мен.
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Акылай Рысбаеваныкы
Обону : Т.Айтмаматовдуку
Жаңырган айды көрсөм,
Сени эңсеймин.
Ачылган гүлдү көрүп,
Аны сен деймин.
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Сагындым, саргайдым го,
Неге келбейсиң?
Кайырма:
Алты тоонун тескейи,
Алты куш аны эңсейби?
Алсырадым, аздым го,
Алтыным эрте келбейби?
Жети тоонун тескейи,
Жети куш аны эңсейби?
Жетимсиреп калдым го,
Жейреним эрте келбейби?
Өзүң бил,
Максатыңа эми жеттиңби?
Өзүң бил,
Биротоло менден кеттиңби?
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Же гүлүм, сагындырып,
Келем дедиңби?
Кайырма:
Тогуз тоонун тескейи,
Тогузу аны эңсейби?
Томсоруп калдым го,
Тоо гүлүм эрте келбейби?
Отуз тоонун тескейи,
Улар аны эңсейби?
Буулугуп калдым го,
Булбулум эрте келбейби?
Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөн боло, жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай.
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың, акактаттың суусун берип жарытпай.
Махабатым терең көлгө теңедим.
Уруксат бер, тереңдигин көрөйүн.
Чөгүп кетсем өз убалым өзүмө,
Колдон мени, колдон мени тартып алгын дебейм.
Ашык болгон абалыма карагын.
Суусатпачы кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде, жок дегенде эрин ымдап алайын.
|