|
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сагынып дайым сени издеп келем,
Таң чолпонум, бет алдымдан чыга келсең.
Тоо койнунан издеп жүрүп терип келген,
Гүлдестени белек кылып өзүңө берсем.
Элесиң эске түшсө ошол замат,
Жүрөгүмө махабаттын нуру тамат.
Көк мейкинде нурун чачкан Чолпон жылдыз,
Көз карашың түбөлүккө эсимде калат.
Ардагым, алыстадың менден эми,
Саамайыңдан сылай берсин таңдын жели.
Элим үчүн талыкпастан эмгектенип,
Ар убакта үмүт үзбөй күтөмүн сени.
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Кайткан куштун канатынын издерин,
Ак булуттун арасынан издедим.
Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип,
Мен элейип суу тереңин тиктедим.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
Келген куштун, кереметтүү абанын,
Желпип соккон жер бетинен карадым.
Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм,
Куйкаланды кучагына санаанын.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
Сөзү : Д.Акулованыкы
Обону : Д.Акулованыкы
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы, сенин, кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Жолуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Нөшөрлөйт,эй, жамгыр аянбай.
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктой,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы өмүр тизмеги?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Бошотуп жүрөк кылдарын,
Боздотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктой,
Шолоктоп неге кыйнадың?
Сөзү : Нурпайыз Жаркынбаевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Күттүм мен, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ошол жол мени жалгыз алып бараткан,
Бир кезги тагдырыбыз экөөбүздүн.
Күтүүгө үмүт болуп жаралганмын,
Күйүттүн ырга айланар тагдыр болдум.
Экөөбүз жаш шаңына бөлөмөкпүз,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду.
Бөлөк түшкөн,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду.
Сөзү : Кадырбай Мамбетакуновдуку
Обону : Кенжекул Мендебаировдуку
Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Биз самаган, биз жетпеген көптөрдү.
Эрте жазда, эңтелеткен нөшөрдү,
Көкүлүнөн гүл төгүлгөн көктөмдү.
Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой өткөн менен кеткенди,
Көкүлүнөн гүл төгүлгөн көктөмдү.
Кечирип кой жаңылдымбы, жаздымбы?
Чачылганын жыйнабаган мастыкты.
Ай алдында ак чөлмөктү ыргытып,
Жылдыздардан чачмак алган жаштыкты.
Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой жаңылдымбы, жаздымбы?
Чачылганын жыйнабаган мастыкты.
Кечирип кой кайрылбаган күндөрдү,
Кыялга мас, кызыл айлуу түндөрдү,
Өрттөн ысык, жүрөктөрдөн ачылып,
Колубуздан соолуп кеткен гүлдөрдү.
Кечирип кой, кечирип кой,
Кечирип кой кайрылбаган күндөрдү,
Кыялга мас, кызыл айлуу түндөрдү,
Куш көрсөм ай-асманда жалгыз учкан,
Ыйлагым келет кээде жалгыздыктан.
Жан эзип элесиңди эркелетем,
Өзүңдү көрүп алып көз жашымдан.
Бактысыз күнүм узарып,
Баса албай жүрөм тушалып.
Жаздыктын эки жагында,
Сагыныч менен кусалык.
Ууландым арзуу деген балдай уудан,
Мен сенсиз жашаганга жаным курман.
Болсун деп бой боздоймун өмүр бою,
Шамалдай өзүнө өзү аска курган.
Кайырма:
Кутул деп ким бирөөнүн кучагынан,
Жанымды жанга ургулап улам-улам.
Балыктын үнү менен кыйкырамын,
Калтылдап кайырмакта туйлап турган.
Кайырма:
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Эми сен санаа тартып ойлонбогун,
Убайын көр тарбиялап койгондоруң.
Эч качан оорубастан сак жүр, апа,
Биз үчүн эң кымбатсың өзүң гана.
Тилегиң суудай тунук, ташкындаган,
Кайратың ашуу ашып, ий, талыкпаган.
Ыраазыбыз өзүңө, апакебай,
Карызбыз өмүр бою, эй, кутулбаган.
Кызыңды ойноттуңуз эркелетип,
Оюңда жакшы максат, ий, элжиретип.
Тилеген ошол оюң, ошол үмүт,
Өмүрүң коштоп жүрсүн, ай, түбөлүк,
Жашооңду коштоп жүрсүн, ай, түбөлүк.
Балаңды чоңойттуңуз таалим берип,
Чыдадың азап-тозок, ий, баарын жеңип.
Дүйнөдө теңдеши жок апакебай,
Узак өмүр жашаңыз, эч оорубай.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Э.Мээркановдуку
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ах сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көктөн каратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Айтылган сөзгө турбаган
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
Сөзү : Т.Сатылгановдуку
Обону : Б.Эгинчиевдики
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Алымкан, көңүлү жакшы жайдарым.
Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келет,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш.
Саркештеп сайган жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң.
Көркөмдөп сайган жоолугуң,
Алымкан, көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен "Жаш кыял",
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Кээ күнү унутуп каламын,
Эстесем каякка барамын?
Эсен бол, эсен жүр, Азиза,
Кудайдан өмүрүң сураймын.
Күнү өтүп баратат санаанын,
Күлкүсүн сагынып баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?
Кайырма:
Азиза, Азиза, Азиза,
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза
Ай кызым, арманым, чырагым.
Куураган куурайга суу койчу,
Сүйүүмдүн мөмөсү белең сен?
Кур намыс кудугун толтурчу,
Сүйүүмдүн төрөсү белең сен?
Айы өтүп баратат санаанын,
Бал тилин сагынып баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?
Кайырма:
Убакыт улгайтар кылымды,
Бой жетип чоңоюп өсөрсүң.
Ошондо чырмалган чындыкты,
Сен өзүң чечмелеп көрөрсүң.
Жылы өтүп баратат санаанын,
Жытына зар болуп баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?
Кайырма:
Азиза, Азиза, Азиза,
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза,
Арманым, ай кызым, чырагым.
Азиза, Азиза, Азиза
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза,
Арманым, күйүтүм, чырагым.
|