|
Сөзү : Э.Тазабековдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Күн сайын бир ирет кирет түшүмө,
Тообашын жапкан тунук кар.
Тоолорго салам айта бар,
Токтобой сызган, сызган булуттар.
Чагылган асман, асман нуруңан,
Чалкыган, ыйык, ыйык көлүң бар.
Көлөкө түшпөс турума да,
Көөнөрбөс менде, менде көңүл бар.
Жайнадым сенин, сенин койнуңдан,
Жаздагы жашыл, жашыл көктөмдөй.
Кеттиби жаштык бир келип,
Чагыл жанып, жанып өчкөндөй.
Сагынып жүрөк, жүрөк талааны,
Өчтү деп өңдүн, өңдүн жамалы.
Ала бар элге ырымды сен,
Ааламдын эрке, эрке шамаалы.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз...
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Ал зымырайт, үстү-үстүнө камчылап,
Жетээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге тынбай суудай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.
Бүгүн дуулап, кечекимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңкиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.
Артык экен, кымбат экен жаштык кез,
Алтын экен, жакут экен баа жетпес.
Маңдайынан да бир сүйүп калууга,
Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.
Коюн толгон отуз жаштан айнууга,
Өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес.
Кантсин, боз ат бир топ жолду баскансыйт,
Атырылып алга карай баргансыйт.
Сүрөп алган жазмыш жолу аябай,
Камчы менен май сооруга чапкансыйт.
Жым-жым эткен ээндикке жоголуп,
Караан үзүп кирип бара жаткансыйт.
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң жансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!
Сөзү : С.Бейшекеевдики
Обону : С.Бейшекеевдики
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : А.Өзүбековдуку
Биз кайдабыз, калдык топтолбой?
Тизгиндеген турмуш бош койбой.
Самасак да улам жаңыны,
Сагыныч бар эски достордой.
Артта калган дүйнө жоктолбой,
Алып учат мезгил токтолбой.
Бааласак да жаңы бакытты,
Баркка жетпес эски достордой.
Арманы көп күнгө коштолбой,
Ар кай жерде күйгөн от болбой.
Жалындайлы бүгүн чогулуп,
Табылбастыр эски достордой.
Бала кезден жанды кошкондой,
Бар бололу таңды тоскондой.
Жардылык жок, жаңы кылымга
Байлыгым бар эски достордой.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : К.Урманбетовдуку
Сөзү : Э.Ибраевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Кайырма:
Өзгөртөт турмуш мүнөздү,
Өзүңсүз далай күн өттү.
Өткөндү эстеп камыгып,
Өкүнүч бийлейт жүрөктү.
Айтылган сөздүн эпкинин,
Акылга салбай эч бирин.
Алдымда өзүм бүлүнтүп,
Андан соң сездим кечтигин.
Анымды кантип танмакмын,
Азыр мен жалгыз жайдакмын.
Эң алгач келген сыноонун,
Эпкинин тозо албапмын.
Сыноодон өмүр тазарып,
Сыноодон көңүл жашарат.
Өттүмбү жокпу келатам,
Өзүмдү, өзүм жазалап.
Бизге эле өмүр желкайып,
Кол булгайт алда кең жайып.
Айыбымды сездим кечирчи,
Адашкан жанда эмне айып?!
Сөзү : Сатканбай Момуналиев
Обону : Түмөнбай Колдошов
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.
Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.
Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
Обону : А.Кадыровдуку
Тилимде балдай сөзүмсүң,
Дилимде назик сезимсиң.
Сүйүүгө бүткөн күлазык,
Өмүрдүн жазы өзүңсүң.
Алданып менин үмүтүм,
Азабың тартам күнү-түн.
Айыкпас дарттай козгодуң,
Арылгыс жүрөк күйүтүн.
Жылмайсаң жазгы күндөйсүң,
Жаныма назик сүйлөйсүң.
Арзыган сен деп селкинин,
Абалын, эркем, билбейсиң.
Сөзү : К.Исмаиловдуку
Обону : К.Исмаиловдуку
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : М. Мамбетовдуку
Сүйүүгө балкыган кезигип жаңыдан,
Кете албай жүрчү элем мен жаныңдан.
Сирендин түбүнөн сунчу элем гүлүнөн,
Кабарлап өзүңө ак сүйүүмдөн.
Кайырма:
Күбөсү биринчи махабаттын,
Элеси кыялкеч бала чактын.
Сүйүүнүн жүрөккө изин салдың,
Сирень гүлү, сирень гүлү,
Жүрөктүн алгачкы аманатын,
Калтырып өзүңө табыштадым.
Кайрылбай ал күндөр алыстады,
Сирень гүлү, сирень гүлү, сирень гүлү.
Сирендин гүлдөрү кайрадан гүлдөдү,
Эңсеймин таба албай ал күндөрдү.
Билинбей биздеги сүйүүнүн издери,
Сиренде калгансыйт түбөлүккө.
Кайырма:
Сөзү : Б. Борбиевдики
Обону : Б. Борбиевдики
Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
"Окуучулук өмүрүм" деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.
Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.
Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.
Кайырма:
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Ысык-Көлдү бойлой баратканда,
Айткан элең мага кыялдана.
Кыялдар айланар турмушума,
Ишенемин сага, жаным сага.
Кайырма:
Сүйүүнүн кемеси,
Желбиреп желеги,
Акырын жел менен сапар алар.
Ыйык көлдү бойлой баратканда,
Умтулгансыйм сага, махабатка.
Толкун өңдүү толкуп кубалаша,
Сүйүүлөр сүзүлсө биздин таңда.
Кайырма:
Сүйүүнүн кемеси,
Желбиреп желеги,
Үй-бүлө портуна алып барар!
Микробу жок тоолордун абасында,
Чындык жашайт наристе өңү менен.
Бийик мөңгү арчалар арасына, ий,
Кетесиңби сулуу кыз мени менен.(2).
Күлүк минип барабыз гүл тергени,
Булактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Терең ойдун маңызын берип турат, ий,
Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.
Жүрөктөрдө жаштыктын оту барда,
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз.
Чыгып барып эң бийик чокуларга,
Жылдыздарга зымырап бой урабыз.
Кетесиңби сулуу кыз мени менен?!
Сөзү : Д.Садырбаевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
Сенденби же менденби кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден,
Адашып келатабыз атаганат,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.
Кайран кез кандай сонун убак эле
Карегиң эңсөө тороп тураар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан
Саамайың самаал кымыз сыңар эле.
Кыш чилдеде кыялың жайдай эле,
Кылыгың кырдагы азоо тайдай эле,
Алтыным кайда жүрсөң аман бол деп,
Актыгың асмандагы айдай эле,
Күн өттү күлгүн курак жылдар өттү,
Күү толгоп биздин жаштык ырлар өттү,
Саргарып күздө түшкөн жалбырактай
Санааны сапырылткан сырлар өчтү.
Махабаттын башатын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдым беле?
Болбосо бозуланга менден артык
Бой салып ашык болуп калдың беле?
Көңүлдөр мүз тор ордоп бара электе,
Көз жаштар көл шал болуп ага электе,
Таң шоолам, суу куя көр сезимдерге,
Тамыры такыр куурап кала электе.
Сүйөмүн деп айтасың,
Жаным өзүң мага жагасың.
Мен сиздик деп агатай,
Дайым өзүң мага айтасың.
Кайырма:
Өзүң эле, мага жагасың,
Жаным өзүң жагасың.
Ак булутту аралап,
Алтыным кайда барасың.
Жалт бурулуп мен жака,
Көзүмө сыкыр саласың.
Кайырма:
Ак көйнөк кийип аласың,
Асал кыз кайда барасың?
Көп кыздардын ичинен,
Өзүң эле мага жагасың.
Кайырма:
Басып өттүм бай турмуштун чоң жолунан,
Бакчасындай бакыт куштут чыкпай койдуң сен оюмда.
Кайырма:
Көзүн менен, сөзүң менен,
Жүрөгүмдү арбап алдың.
Сен издеген, сезим менен,
Жүрөгүмдү жандап алдың.
Сыр кыламын сезимимди айтылбаган бир өзүңө,
Түгөнбөгөн мээримиңди сактап келем жүрөгүмө.
Жан дүйнөмө жагып калдың,
Жаным сени сүйүп калдым.
|