|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Эми сен санаа тартып ойлонбогун,
Убайын көр тарбиялап койгондоруң.
Эч качан оорубастан сак жүр, апа,
Биз үчүн эң кымбатсың өзүң гана.
Тилегиң суудай тунук, ташкындаган,
Кайратың ашуу ашып, ий, талыкпаган.
Ыраазыбыз өзүңө, апакебай,
Карызбыз өмүр бою, эй, кутулбаган.
Кызыңды ойноттуңуз эркелетип,
Оюңда жакшы максат, ий, элжиретип.
Тилеген ошол оюң, ошол үмүт,
Өмүрүң коштоп жүрсүн, ай, түбөлүк,
Жашооңду коштоп жүрсүн, ай, түбөлүк.
Балаңды чоңойттуңуз таалим берип,
Чыдадың азап-тозок, ий, баарын жеңип.
Дүйнөдө теңдеши жок апакебай,
Узак өмүр жашаңыз, эч оорубай.
Сөзү : К.Урманбетовдуку
Обону : Э.Мээркановдуку
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан чакты сагындым.
Түгөнбөй сырдын түйүнү,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ах сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көктөн каратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калдың адашып?
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Айтылган сөзгө турбаган
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Эх сүйүү, сенин көзүң жок.
Ах, сүйүү, сенин көзүң жок.
Сөзү : Т.Сатылгановдуку
Обону : Б.Эгинчиевдики
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым,
Пейили жакшы жайдарым.
Көлөкөлүү майданым,
Алымкан, көңүлү жакшы жайдарым.
Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш.
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келет,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш.
Саркештеп сайган жоолугуң,
Сарсанаа кылат жоругуң.
Көркөмдөп сайган жоолугуң,
Алымкан, көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен "Жаш кыял",
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Кээ күнү унутуп каламын,
Эстесем каякка барамын?
Эсен бол, эсен жүр, Азиза,
Кудайдан өмүрүң сураймын.
Күнү өтүп баратат санаанын,
Күлкүсүн сагынып баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?
Кайырма:
Азиза, Азиза, Азиза,
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза
Ай кызым, арманым, чырагым.
Куураган куурайга суу койчу,
Сүйүүмдүн мөмөсү белең сен?
Кур намыс кудугун толтурчу,
Сүйүүмдүн төрөсү белең сен?
Айы өтүп баратат санаанын,
Бал тилин сагынып баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?
Кайырма:
Убакыт улгайтар кылымды,
Бой жетип чоңоюп өсөрсүң.
Ошондо чырмалган чындыкты,
Сен өзүң чечмелеп көрөрсүң.
Жылы өтүп баратат санаанын,
Жытына зар болуп баланын.
Эх, жаштык, мастык курагым,
Кимдерге калтырдым убалым?
Кайырма:
Азиза, Азиза, Азиза,
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза,
Арманым, ай кызым, чырагым.
Азиза, Азиза, Азиза
Алмончок, айтунук булагым,
Азиза, Азиза, Азиза,
Арманым, күйүтүм, чырагым.
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Ай-ааламга берип жарашык,
Ак көйнөгүң айга жарашып.
Ак кайыңдуу суунун жээгинде,
Олтурчу элек бирге жанашып.
Ак кайыңдар назик ыргалып,
Асылкечим назик кыналып.
Айтчусуң сен сүйүүм сендик деп
Астыртадан сүйкүм жылмайып.
Орток болуп ошол сырларга,
Оо, мен анда балкып жыргалга.
Уккулуктуу сүйүү үндөрү,
Урулчу эле жүрөк кылдарга.
Ал сен азыр сыйкыр курчалып,
Алыстайсың аппак нур чалып.
А мен болсо дале күтүүдө,
Айланамда булут суу чалып.
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Жолдубай Кайыповдуку
Көк асманда сүттөй ай,
Биздин сөздөр бүтпөй ай.
Сансыз жылдыз жагылат,
Жашообузду ары улап,
Жаштык ыры жаңырат.
Кайырма:
Э-эй, бизге заман жылмайды,
Суктандырып күндү, айды.
Күлкү чачып, кыз-жигит,
Кел, бийлейли, ырдайлы.
Күлгүн курак, гүл курак,
Күндө жаңы ыр курап.
Кайгы сезбей мүнөткө,
Күлкү толуп жүрөккө,
Шаттык менен күн өтсө.
Кайырма:
Ырлар, ырлар, ырлар ай,
Жашообуздун жыргалы ай.
Күлкү чачып эриндер,
Көкөлөсүн көңүлдөр,
Көркүн ачып өмүрлөр.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Каадалана карайсың,
Кадамыңды санайсың.
Биле албаймын ичим чок,
Сени эмнени каалайсың?,
Деги эмнени самайсың?.
Шыңгыр, шыңгыр угулат,
Кулагыма күлкүсү.
Төө-Ашуудан ашканда,
Тосуп чыгат Чүй кызы.
Эх, Чүй кызы, Чүй кызы,
Шыңгыр тунук күлкүсү.
От коесуң сезимге,
Кызганамын өзүмчө.
Багынтасың, бар беле,
Сыйкыр сенин көзүңдө.
Кайырма:
Жааса жамгыр жашка окшош,
Суу бойлосоң сууга окшош.
Келбетиңе мен кумар,
Көлдөгү ак-кууга окшош.
Кайырма:
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Сөзү : Ж.Жапиевдики
Обону : Б.Тургунбаевдики
Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегениңди мен дагы сездим.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
Жаңылдым, жаздымбы?
Сынадым бактымды.
Сүйүнчү, туугандар,
Бүгүн сүйүүмдү таптымбы?
Жаңылдым, жаздымбы?
Таптымбы бактымды?
Чын эле, чын эле, жаным, мен сени таптымбы?
Канча ирет өрүк гүлү төгүлдү?
Махабат күүсү узартсын өмүрдү.
Жоогазын гүлдөй, жоодурап көздөрүң,
Бир гана сага айтам, сүйүү сөздөрүн.
Кайырма:
Дүйнөнү кездирип сени издедим,
Издегениңди мен дагы сездим.
Кайгынын кучагында калганымда,
Сен мени эңсесең, мен сени эңседим.
Кайырма:
|