Юлия Руцкая "Аппак сүйүү"
Жанр:Поп
00:04:19
54,02 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2013


Сөзү:Нурак Абдыракмановдуку
Обону:Нурак Абдыракмановдуку

Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
  • Currently 4.72/5
(116 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

02.01.2014. 14:47
 Hanzada
Охоо сонун ыр экен Юлиянын уну аябай сонун экен алгааа
02.01.2014. 18:01
 sanajet
Азамат Юлия абже анча мынча киргиз эжелерими артка калтырыпсын,аябай сонун ыр болуптур,клипда мактоого татырлык!!!!!!!!!!
02.01.2014. 23:05
 nurik-82
Админ. Мен айда жылда бир добуш берейин десем эле эмнеге сиздин добуш беруу укугунуз чектелген деп эле чыга берет? Руцскаяга аябай добуш бергим келди эле чектоону алып коюнуздарчы. Жаны жылдын алдында да суперлерди тандап жатканыныздарда бирооно да добуш бере албадым.
06.01.2014 15:48
admin_superstan
nurik-82, Саламатсызбы!
Биздин порталга жаңы катталгандар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Мисалы, добуш берүү, Суперстандын саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, Соңку кабардын саясат, коом рубрикасына комментарий калтыруу, дил кутуна билдирүү жазуу ж.б.Модератор admin_superstan түзөттү 06.01.2014 15:48
03.01.2014. 09:13
 kamal777
Абдан жакшы ырдады, ийгилик сага Юлия!
04.01.2014. 13:48
 RusNon
мурашки по тело пошла башталышында,соз жок Юлия5+.супер клип,супер ыр номинациясын берсе жарашат.кыргыздын талантысын!койногун соонун жарашыптыр.ал эми клиптеги ак сакал болсо комузу менен жон эле журокко энергияны толтуруп салат экен браво.
05.01.2014. 03:17
 Begai_kg
сонун ыр сонун клип
08.01.2014. 16:17
 meli
Ушуга чейин Юлияга такыр конул бурчу эмес элем. Бирок бул ырын уккандан, клибин коргондон кийин мен Юлияны суйуп калдым.
08.01.2014. 18:51
 Jaku25
Ooba chynynda sonun yr,sonun klip,sonun aranjirovka,Yulianyn koinogu ozgocho jakty,kaidan tiktirdi eken?Nurak atabyzga soz jok:)))
08.01.2014. 20:55
 mersedes2013
соонун ыр экен.молодец
08.01.2014. 23:55
 Mister.Erik
супер аябай соонун ырдаган соз жок мындан ары да ийгиликтерге жетише берсин
10.01.2014. 19:12
 mahas
Койногу укмуш. Идеясы сонун. Нурак атабызды да кошо тартканы озунчо бир корк.
10.01.2014. 22:40
 anyuka
Abdan jakty bul yr maga, soonun yr, soonuun yr4y jana soonun koinok... Orus bolso da jetkylyktuu dengeelde yrdagan... yigylyk syzge!!!!
13.01.2014. 02:21
 Gul.08
Эн Сонун ыр и клип да просто соз жок ))))))))))))))))))
15.01.2014. 00:06
 asylzat_meka
абдан жакты)Азаматсыз!
15.01.2014. 03:27
 Gul.08
Бир койнок менен да клип тартса да сонун чыгат экенго
15.01.2014. 12:38
 dos
Соонун ырдаган да сонун! Индияда журуп кунуго угам дейсин.
15.01.2014. 13:06
 risbek_81b
Мына сага ыр деген ушундай болуш керек,кыргыз кызы болбосо дагы ырды жеткире ырдаган,анча мынча кыргыздын секириктеген ечки ырчыларына Караганда ото жакшы Азаматсын Руцкая.
15.01.2014. 17:57
 Cyldyzka
Бул ырды башка дагы ким ырдайт эле.Айтып койгулачы сураныч.
16.01.2014. 09:38
 AyPeKa
эн соонун
17.01.2014. 10:26
 taizhik
Сонун клип мага жагат, ийгилик!!!!!!
19.01.2014. 21:06
 spinkub
Сонун!!!
20.01.2014. 00:25
 kamila_888
Керемет!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
20.01.2014. 01:33
 temuch
Чыныгы таланттардын эмгегинин натыйжасы,Кайра-кайра коргондон тажабайм!!!Мыкты чыгарманы бийик даражада аткарган!!!!
20.01.2014. 18:41
 alan9
Ушунчалык кучтуу клип, кыргыздын тилин, рухун... бийик денгээлге которгон!!! Юлия, рахмат!!!))))
21.01.2014. 16:42
 baletka
супер!!! +++++++++......
21.01.2014. 23:39
 frida
Шедеврально!!! Юличка, наша Гордость!!!
22.01.2014. 10:13
 admin_media
Letty,
Далили жок билдирүү жазууга жана башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат!
5 күн банга!
22.01.2014. 22:22
 zolotay
Ваууу!!!Ушул клип баардык ырчыларга улгу болуш керек!
Супер-хитке мен добуш бере албайт экенмин.Сураныч кимдин мункунчулугу бар болсо добуш берип койгулачы?!!!!
Аппак Суйуу Хит,№ 1
Ушинтип ыразычылыгыбызды билдирип,колдошубуз керек менин ойумча!!!
Бул клипке Конкурент Жок!!!
26.01.2014. 23:59
 RANIA
Баардык жагынан Мыкты клип! Бравоооооооо!!!
27.01.2014. 19:51
 tazabek56
menda dobush bere albaytam kyrgyzdyn namysyn korgogon kyz eken ozu ruskaia bolgonu menen molodes
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: