Жанр:Эстрада
00:03:53
36,91 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2025
Бала кезим өтсө дагы эртелеп эртелеп ай,
Мээримиңе чөккүм келет эркелеп эркелеп ай.
Сабыр сөзүң жүрөгүмө күч берген дем экен ай.
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Сен жанымда болсоң дүйнө кең энен, кең экен ай,
Сен болбосоң бүткүл дүйнө кем экен, кем экен ай.
Мен адашсам жарыгымсың жолума нур сепкен ай.
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Таттуу уйкудан нечен калып терметкен терметкен ай,
Талбас жанын тынбадыго эмгектен эмгектен ай.
Эркелеген балалыгым керемет кез экен ай,
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.