Жанр:Поп
00:08:16
126,04 Мб
Жүктөлгөн: 09-08-2010
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Бакыт Алишеровдуку
Өрттөнүп кетели,
Өкүнгөн кеч эми,
Үйдөмүн жалгыз,
Үнүм сага жетеби?
Мурда сезим өрт эле,
Муздайбы эрте эле.
Мелтиреп жашыдым
Мен канча мертебе.
Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени,
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.
Жан батпай тоолорго,
Жай таппайм коерго.
Жоготпо мени,
Өзүң дагы жоголбо.
Жүрөгүмдү сен эзе,
Күттүрбө эмесе.
Жолуңа телмирген
Көздөрүм – терезе.
Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени,
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.