Юлия Руцкая "Кызыл гүл, менмин кызыл гүл"
Жанр:Поп
00:03:34
55,27 Мб
Жүктөлгөн: 02-08-2010


Сөзү:Токтогул Имаш уулунуку
Обону:Токтогул Имаш уулунуку

Уланып ойноп жашынмак,
Убакыт учту закымдап.
Өзүңө жүрдүм берилип,
Өзгөчө сүйүүм калыңдап.
Ак тилек ойду бекиттик,
Ак сүйүү оту жалындап.

Ак таңдай болуп нурданып,
Ак гүлдөй болуп ыргалып.
Канчалык катуу айтсаң да,
Каршы сөз айтпай жылмайып.
Жүрөгүм сен деп какчу эле,
Жүзүңдү бурдуң, кимде айып?

Окшошпой күндөр бирине,
Ой басып жүрдүм күнүгө.
Убайга салдың, кантейин,
Уу кошуп тунук сүйүүмө.
Көңүлүң болуп башкада,
Гүл коштуң сүйүү гүлүнө,
Таш коштуң сүйүү гүлүнө.

Кызыл гүл менмин, кызыл гүл,
Кылчайбайм эми өзүң бил.
Ачылган сендик гүл элем,
Агарбай калды эми дил.

Табигат берди жардамын,
Таңшы деп талбай, кызыл гүл,
Кыйнадың, кантем, өзүң бил.
Кызыл гүл менмин, кызыл гүл.
  • Currently 5.00/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (34)

03.08.2010. 03:06
 aziattita
ыр жакшы. клип как всегда ни какого эффекта. одно радует что кыргызча. озбек туугандарды да кыргызча ырдатыш керек еле да. озубуз озбекче тантрабай яам мяам, оногу, битта еки та, ай жан кашайатта
03.08.2010. 03:07
 aziattita
кстати ырга 5 акцент ырга жакшы кооздук берет екен
03.08.2010. 10:45
 Арина
Малдес! Эми Юлиянын заманы келсе керек ээ? :)
04.08.2010. 01:42
 Адам
+5!
04.08.2010. 20:20
 Kushtar
вахахааааааааааааааааааааа ТАТА УЛАН журотго))) 30чу секундда камера кармап, клип ортолоп калганда микрофон алып, солкулдап бийлеген азыркы РЫЦАРЬ ТАТА УЛАН экен!!!! коруп алып, наслаждайтесь он без дурацкой МАСКИ!!!!!
27.08.2012 14:36
tori
Kushtar, Тата УЛан эмес. мен бул жигитти тааныйм. аты Акбар.
05.08.2010. 15:30
 Aslana
Ооба, куштар, туура баамдагансыз, Таташка го. Клип мага жагат.
07.08.2010. 00:06
 silkusia
Кыргызча ырдаганы жакшы экен.
07.08.2010. 23:54
 bagdat
Сарттарды дагы ырдаттырыш керек! алар ырдап чыкса нукура "ХИТ" болот ага жооп берем, кыздарынын бийлегендери дагы укмуш бул сакештердин.
08.08.2010. 05:17
 eminem
kyrgyzcha gakshi yrdayt eken orus bolso dagi.....
08.08.2010. 05:18
 eminem
mishigi korkunuchtuu go....waxaxaxa..
10.08.2010. 16:00
 asylaida
мой любимый клип!!! Юля очень нравиться как поет! молодец! удачи тебе!
10.08.2010. 16:23
 rahilka
клип аябай сонун чыгыптыр
13.08.2010. 05:58
 Demon
myshygy suluu ele eken go. he :)
15.08.2010. 23:17
 asylaida
молодец Юля! обожаю эту песню!
23.08.2010. 12:20
 ABU
баракелде!
Клиптин аягын ушундай болт деп куткон эмесмин
24.08.2010. 01:44
 Merischka
Abdan sonun yr. kee bir chojulup zhasalma yrdagan kyrgyz yrchylarynan 10 ese ojdo yrdaptyr . Bravo Julia
25.08.2010. 12:29
 Чагылган
ыры менен клиби дал келбейт го.Клипте жактырган жигити башканы сүйөт экен.Мен кызыл гүлмүн, мени кара деп жатабы?Айтор ыры менен клибин такыр байланыштыра албадым.
29.08.2010. 19:03
 Барс
Клип жакшы!Албетте, текстте каталар бар... Жогорудагы aziattita айтмакчы чын эле өзбекче тантырабай, өзбекче тантырагандарга күлүп атып, өзүбүз орусча тантырабай, таза кыргызча сүйлөсөк, ырдасак, анан башка улуттун өкүлдөрүн да ошентип сүйлөтсөк, ырдатсак, туура сабаттуу жазсак сонун болот эле!!!Модератор түзөттү 29.08.2010 13:06
30.08.2010. 15:30
 aijanasan
А мне не понравилось!
06.09.2010. 10:41
 Bais
Бир орус кыргызча ырдап койсо эле тан калабыз.
07.09.2010. 14:45
 jakwinakay
Bais . Мен сенин создоруно кошулам 100%
11.09.2010. 18:01
 asylaida
klip super y pesnia! kajdyi raz slushayu naslajdaiys :))))
15.09.2010. 11:15
 jaina
Аны ырчы катары алганда, үнү аябай жай чыгат.Клиби ортодон төмөн десем болот, эч кандай өзгөчөлүк көрө алган жокмун.
17.09.2010. 17:15
 Konok
Юлия баракелде унун жакшы экен,ыр жакшы, музыкасы дагы клиптеги ошол режиссердун ордуна мени суйуп калсан гана кызыл гул болуп.
21.09.2010. 00:55
 kyrs
Ыр анча эмес Клип жакты. Алекс орус болуп коптогон кыргыз ырчыларына караганда жакшы ырдайтко. Бир орус кыздын кыргызча ырдаганын коруп алып эмне эле болуп жатасынар подход кылып биз да орусча ырларды эзип эле атпайбызбы.
22.09.2010. 19:50
 Асылжан
Койчу ай, мага клип такыр жаккан жок! Изденүү жок да, изденүү.
28.09.2010. 04:37
 BaatyrEl
Супер инфо, жардам берип койгулачы, мен жакында эле катталдым, анан "добуш беруу укугунан ажыратылган" деп чыгат кайра кайра эле. Эмнеге??? сиздерден жооп кутом, рахмат
20.10.2010. 14:45
 Nelya
aziattita men saga koshulam,emi ozbek "tuugandardi" dagi kirgizcha suylotush kerek.Kirgizstanda jashagandin baari kirgizcha suylogondu bilish kerek.Oz mekenibizde jashap turup myam,lyam desek anda biz jindi bolbogondo kim jindi bolmok ele.
26.03.2011. 19:05
 gulira93
Kushtar TaTa ulan desen kairadan korbodumbu klipti .Jakshy yrdaptyr kyz jaktyrgan balanyn kozdoru adamdy ozuno tartyp turat eken ollo.
16.01.2012. 23:28
 mara12
soonun yr eken ))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: