Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Юлия Руцкая "Жолугарым билгенмин"
Жанр:Поп
00:04:21
55,34 Мб
Жүктөлгөн: 17-02-2016


Сөзү:Р.Абдыкадыровдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм,
Жүрөк отун бийлеп алдың сен бүтүн.
Бир гана эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң, таалайыма ырахмат.
Бизди кошкон,
Ошол айлуу, ошол жыргал,
Ошол бейпил түн үчүн.

Мен жашоодо канча жолу ыйладым,
Бакыт издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда карай берип,
Карай берип, карай берип көзүңдү.
Кубанычтан көөдөнүмө,
Көөдөнүмө көлкүлдөдүм, сыйбадым.

Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын чарк айланып жүргөнмүн.
Билбесем да, бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин.

Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү.
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.
  • Currently 4.46/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (42)

17.02.2016. 19:33
 MeeriMN
Жактыы!
17.02.2016. 20:52
 umutai.86kg
Сонун мага жакты.
17.02.2016. 21:33
 Musabaeva
Ыйлай турганго)) жакты эн соонун, ийгиликтер болсун))
17.02.2016. 21:44
 dajjal
oruz kiz kirgizcha irdadibi jakwy soonun eken
17.02.2016. 22:43
 Inna_91
Сулуу кыз
17.02.2016. 23:14
 ayzirek91
уну абдан тунук сонун ырдаган.
18.02.2016. 00:37
 meka94
Soonun yr soonun klip iygilik yulya eje
18.02.2016. 02:38
 Erniet
Клиби жакшы бирок обонду кульминациясына жеткизе ырдаш керек болчу 3-куплетте башы да ортосу да аягы бирдей темпте болуп жай болуп калган Бул ырды ырдаш учун кучтуу ун керек
18.02.2016. 10:08
 Нуркыз Курманбек кызы
Эмнеге создорун озгортуп ырдашат ушул жаны ырчылар, Рыспай агай сонун кылып эле жазган го создорун, озу деле сонун кылып ырдап журчу. Каалагандай кылып озгортуп эмне Рыспай агайдын каталарын ондогонунарбы? Ырдабагылачы каяктагы болор болбос ырчылар, ырдасанар озундой кылып ырдагыла!jalgyzdyk түзөттү 2016-02-18 10:09:58
18.02.2016. 10:10
 Нуркыз Курманбек кызы
http://www.super.kg/media/audio/74643/
18.02.2016. 12:35
 mersedes2013
Супер!!!Баары сонун.Молодец Юлия!
18.02.2016. 13:23
 Asanovna1805
Жакты
18.02.2016. 18:38
 Baktyluu_bolgum_kelet
Клип сонун мага жакты.Азаматсыз!
18.02.2016. 22:30
 eldiyarmacho
Ништяк
19.02.2016. 20:54
 aguni
Азаматсыз,абдан жакты ƟзгƟчƟ ушул саптары:
Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү.
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.
20.02.2016. 05:42
 Erniet
Ошол саптарды бийик ун менен ырдаш керек болчу Мага Алексей Пактын ырдаганы кобуроок жагат
20.02.2016. 19:48
 aikol87
Соонуго ыйлап алдым
20.02.2016. 19:49
 aikol87
Клип да жакшы тартылыптыр.
22.02.2016. 01:47
 musabek
Жакшы чыгыптыр
22.02.2016. 01:48
 musabek
Мага клип жакты
22.02.2016. 01:49
 musabek
Ыр дагы сонун
23.02.2016. 03:18
 MamanoV
soonun boluptur!!!!jakshyny jakshy desh kerek!
24.02.2016. 09:21
 Bonia9189
Ушунчалык берилуу менен ыр угуп клип коро элек элем,Юлия азамат!
26.02.2016. 18:52
 aydarov...
Сонун
04.03.2016. 15:32
 OSHO
Керемет!!!
Ошол замандын духу эң сонун берилиптир: айлана-чөйрө, актёрлордун чач жасалгасы, кийимдери,өздөрун алып жүрүшү,мурут,саат, токулган торчого....
Негизи эле Юлиянын ар бир чыгармаганы кылдаат, айар, майын чыгарып жасаган мамилеси баалуу жана үлгүлүү!!OSHO түзөттү 2016-03-04 16:00:12
14.03.2016. 01:48
 abdymuhtar
Супппер пуппер клип мощный аябай жакты ыр да, клип да. Ишинизге ийгилик эжеке
18.03.2016. 20:27
 bemka.703
Супер!ийгилик сага. Аябай сонун,оригиналдуу клип. Козумо жаш алдым...
16.07.2016. 18:34
 rima93
Сонун ырдаптыр.
23.01.2017. 21:12
 Nur0701
Сонун
03.02.2017. 15:06
 admin_media
jonni1982,
Саламатсызбы! Телефонуңуздун башка плеери менен аракет кылып көрүңүз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: