Юлия Руцкая "Аппак сүйүү"
Жанр:Поп
00:04:19
54,02 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2013


Сөзү:Нурак Абдыракмановдуку
Обону:Нурак Абдыракмановдуку

Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
  • Currently 4.72/5
(116 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

06.11.2013. 17:39
 Heavy
Сулуу болуп калыптыр :)
06.11.2013. 19:47
 peri-jan
soonun yry da klibi da respect!kyrgyzdar ulgu algyla Yulia dan yrdagan ushunday bolot
07.11.2013. 03:09
 Juliakalt
Ушунчалык укуулукту жана сонун ырдаптыр! Юлияга чон, чон ийгиликтерди калаймын!
08.11.2013. 02:41
 miss2014
Койногу аябай жакты,клип да баары сонун айкалышкан.,былчыйган беш.Нурак Абдракманодун талантына 5
08.11.2013. 22:05
 tavsan
Какая молодец.Акцент ее почти, что незаметен, клип, платье, прическа всё всё супер.Желаю творческих успехов!
10.11.2013. 03:56
 aztumar
Barakelde,alga azamatsyn!!!
12.11.2013. 10:23
 madam.555.5
Азаматсын Юлия абдан сонун клип болуптур
12.11.2013. 11:10
 gulzat21kg
Клип да, ырда бири бирине топ келишиптир.Койногу укмуш, аткаруу чеберчилиги жогору.Азамат !
13.11.2013. 19:22
 sumka
maga dele aityp koiboit belener myndai sonun klip bar dep(((soooooooooooooonun boluptur yr da aranjirovkasy da klip ta 55555555555555555555 ke4 bolso da ugup korup oorup kaldym bul kilp mn!:))))
13.11.2013. 19:28
 sumka
Nurak agai klipke sonun kork koshkon komuzu mn!!!Yulia supsuluuu koinogu farfyrrrraaait da))))
14.11.2013. 12:16
 bai.kymbat
соз жок ай соз жок! озубуздун ача мынча ырчыларыбызга караганда сонун ырдаптыр клиби да жакты! 5+ молодец Юлия
15.11.2013. 21:14
 belosnejka1
Бул ырды уккандан эч тажабадым! Ушунчалык мукамдуу, комуз куусунун коштоосунда кулук аттар, буркуттун учуп келаткандары. Юлиянын корктуу кыргыз оймосунда койногу, " бабалардан " деп баштаарда белгилуу комузчу Нурак агабыздын турпаты берилгени. Бир соз менен укмуш клип, ыр! Конулунду ачып, журокко дем берип, эргуу жаратат экен! Канча жолу уксам да тажабадым! Юлия жана Нурак ага талантыныздарга таазим эттим!
17.11.2013. 03:00
 kazybaevanazira
Молодец!!!
18.11.2013. 13:46
 Nasikat_
Юлия бир эле койногун менен бут кыргыз эстрада ырчыларын очурдун. Менин керек болсо койногумо да тен келбейт деп айтсан сага даана жарашчудай. Азамат! Сыйлайм!!!
18.11.2013. 15:48
 mr.usup
Мына Жылдын мыкты Ыры, Мыкты Клип, Мыкты Ырчысы!!!Браво Нурак ага!!! Браво Юлия!!!Рахмат!Терен таазим!Ийгилик!!!
18.11.2013. 17:51
 nukesh
супер клип ыр баары жайында соонун Юля молодец
19.11.2013. 14:42
 nurbek888
Койногун баарын жандырды да очурду. Азамат. Стандартка туура келген стиль жана клипп болуптур.
22.11.2013. 14:51
 aizirek90
сонун сонун жакты мага
27.11.2013. 11:24
 urmatm
Суппппппееееееррр!Мына жылдын иыкты ыры!Сонун болуптур
29.11.2013. 21:05
 Gulnisa
Койногу аябай жакты
30.11.2013 23:30
abas
Gulnisa,
01.12.2013. 21:06
 Julli
Эс алгандай болдум ырды угуп.Чындык ошол жашоо шартында.Эмне жетсин бийик арзууга.журокту элжиретти сыягы.
01.12.2013. 21:26
 Julli
Ырдын коркун чыгарган клипти тарткан адамга да ыракмат...муууууааааааххххххх
15.12.2013. 15:06
 abay80
Супер клип -это клип Юлии Руцкой. Уверен, со мной согласятся Большинство. Юлия Таллантливая(ёё творчество) Умница (АУЦА,знание языков, воспитание, простота в общении) и Красавица(это бесспорно,еще хотел бы подчеркнуть ёё женственность)!!!

Кстати, только из-за этого клипа(чтобы скачать) я зарегистрировался на этом Сайте.
16.01.2014 09:36
AyPeKa
abay80, чтобы скачать не требует у нас регистрации.
21.12.2013. 15:01
 Moncy
Соз жок ырга , Супер !!!
23.12.2013. 02:45
 DYIKANBAI MEDERBEKOV
Super rdagan
23.12.2013. 21:57
 Almanbet
аябай жакшы болуптур, жакты +5
25.12.2013. 14:28
 aizush89
Sonun yr kundo 5.6 jolu ukpasam bashym ooruit:-)
26.12.2013. 14:07
 Eshka
Класс, абдан жакшы.
28.12.2013. 02:19
 Ханбийке
Койногу жагып калды.
29.12.2013. 20:37
 kama_future_millioner
азаматсын эн жакшы ырдаган унуда тандалган кийимида ырга топ келген. орус кызы кыргыз тиле ырдап атса анда биздин тилибиздин келечеги алдыда
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: