Юлия Руцкая "Аппак сүйүү"
Жанр:Поп
00:04:19
54,02 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2013


Сөзү:Нурак Абдыракмановдуку
Обону:Нурак Абдыракмановдуку

Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
  • Currently 4.72/5
(116 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

02.11.2013. 15:28
 Jenish_kg1
Birin4iden bul yrdy jaratkan adamga maktoolor! Anan gana atkaruu4uga maktoolor. Soz jok Nurak Abdraxmanov & Ylya soz jok da. En sonun...
02.11.2013. 16:04
 tilya9102
Классссссс.
02.11.2013. 19:16
 joysin77
отдуши кызго жакты зачет
02.11.2013. 21:16
 jibeka09
Сонун чыгыптыр азаматсын Юлия!
02.11.2013. 21:50
 Nursultan_kg
Супер
02.11.2013. 22:55
 Samat-89-kg
Ой мынча сонун ырдаган Ала Жааат, Алаа жаат деген эле ыр болуптурго...
03.11.2013. 00:15
 Ханбийке
Выыыыыый сонун го койногу, мен да ушундай койнок кийгим келип жатат! Клиппи да ыры да жакшы чыгыптыр, мурда бул ырчы жонундо укпаптырмын жаны чыкканбы.
06.11.2013 18:15
ilgez
Ханбийке, мага тийсен алып берем мындай койнокту :)
03.11.2013. 12:28
 saltanat.
Ваааще жакты,койногучу эми ыммммммм......
03.11.2013. 18:37
 Askarbek
Жакшы!
03.11.2013. 20:43
 djkaro
Вообще соонун ыр да клип да.
04.11.2013. 00:11
 ego1stka05
эн сонун.орус кызы болуп туруп кыргызча ырдаганына суйунуп атам.Азаматсын,талантын оркундой берсин.дагы ушундай жакшы ырларды кутобуз сенден))
04.11.2013. 00:25
 alymbek76
ап бали. журокту титирете ырдапсын
04.11.2013. 01:39
 tingkr
абдан сонун клипда ыр да жакты
04.11.2013. 04:02
 jusupova
Абдан жакшы, ырдын мааниси обону менен топ келет, Нурак агай талантынызга таазим!
04.11.2013. 07:56
 aikooo
5 деген баага чыгыптыр супер.жакты соонун екен
04.11.2013. 12:14
 udacha.kg
абдан жакшы ырдаган, таза ун, кооз клип
04.11.2013. 13:17
 Eliza83
Укмуш...Чачына койногу жарашып...Орус кызы кыргызча ырды комуздун коштоосунда...Тагынчактарына...соз жок!Талантына таазим...
04.11.2013. 13:19
 kurmanjan202
жакшыго Кыргызча ырдаган
04.11.2013. 13:45
 U_ALMA
Млляяяя... Мындай ырга 3-4 жылдан бери суусап турган элем. Созу, добушу, клипи баракелдеееее!!! Азамат!!! Сага 10/10 упай!!!
04.11.2013 14:41
Jamalidin
Красавица!!!
04.11.2013. 17:25
 elya2404
Азамат. Тартканга жараша ушундай кылып тартыш керек клипти. Акчаны аябай. Саны коп, сапаты жок кылып эптеме клип тарта бербей. Аттар чуркаган жери Rihannaнын - Diamonds окшош болуптур. Супер!

13.11.2013 19:26
sumka
elya2404, tuura aitasyz!ukkuluktuu anan korgondo es ala turgandai kylyp!
05.11.2013. 12:07
 Aisuluu7
Койногу соооооооооооооонун экен ашык болдум!!
30.11.2013 23:29
abas
maga uwul yry a9vai jakty kan4a uksamda tajabaim
05.11.2013. 13:35
 Bellator
Кыргыз эстрада ырчыларына улгу кантип клип тартыш керек.
05.11.2013. 15:42
 bakythka
Мен эч кандай соз айта албайм! Юлия Руцкая Азаматсын ! ырды коркуно чыгарган ырчы болот! бул ырды жаратып койсо аны ырчы корк кошот ал ырды эч ким ырдабай койсо ал ыр мин жакшы болсо да корку чыкпай жата берет! мен биринчи Юлияга гана рахмат деймин! башкалар кечиресиздер бул менин жеке оюм!
05.11.2013. 15:48
 bakythka
Нурак Абдракмановго да чоон рахмат!
05.11.2013. 15:51
 J_n_a
АЗАМАТСЫЗ!мындан дагы жакшы чыгармаларды сизден кутобуз...
05.11.2013. 20:25
 kezelsuu
ото сонун!кытайдан көргп олтурам!жерым башка болсодагы жаным кыргыз!жашасын тил!!!
05.11.2013. 22:18
 bapa
Ушундай ырды жараткан агам менен аябай сыймыктанам,озу чехтердин ырчысы менен англисче кыргызча ырдаганы да сонун болгон, Кыргызстанда ырдаган ырчылардын ичинен Юлияныкы сонун болуптур, бирок суперчилерсилерден сураныч, тексттин кээ бир жерин ката жазып койупсунар,ондоп койсонор:жансыз деген создун ордуна сансыз кундор; сени куткон бакыт эшигин ачып киргендей; ай жылдызга сермеп колду сунсан да; ак куу мисал дегендин ордуна ак куу сымал. Ушул жерлерин ондоп койсонор.Рахмат
05.11.2013. 23:07
 slanting
кыргыз тили жашасын!!!баракелде!!!
06.11.2013. 00:16
 PURINA
СУПЕР!Биздин анча мынча кыйналып орусча ырдап жаткандар ушул кызды коруп уялса керек эми 100% 5
06.11.2013. 00:48
 INDIRA_89
сонун ырдаптыр.уну дагы сонун экен.койногу аябай жакты
.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: