Юлия Руцкая "Аппак сүйүү"
Жанр:Поп
00:04:19
54,02 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2013


Сөзү:Нурак Абдыракмановдуку
Обону:Нурак Абдыракмановдуку

Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
  • Currently 4.72/5
(116 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

01.11.2013. 14:35
 jo-jo
Азаматсын Юлия, койногун да укмуш соонун.Албан албан ийгиликтер болсун.
01.11.2013. 14:40
 Luntik
Молодец Юля, прямь без акцент ырдапсын бравооо!Койногун тушумо кирип чыгат эми тун уйкумду бузуп))))
01.11.2013. 14:51
 MaRmeLaDka
Көйнөгү, сулуулугу, клип, анан ыр да жакты, азамат Юлия!
01.11.2013. 15:10
 Sarabanda
Эмкисинде аппа, улпулдогон суйуу деген ыр жарат.
01.11.2013. 17:09
 komfort
ну ну ))
01.11.2013. 17:13
 komfort
МРси качан чыгат ?????
01.11.2013 17:24
admin_media
komfort,
Саламатсызбы!
Аудиосу биздин порталда бар)
http://www.super.kg/media/audio/94239/
03.11.2013 05:39
Esenturov
admin_media, саламатсызбы мен емнеге суперлердин тандоосуна жооп бере албайм ??
04.11.2013 10:32
admin_media
Esenturov,
Саламатсызбы!
Жаңы катталган суперстандыктар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, дил кутуна билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
01.11.2013. 19:46
 rozka
Мага дагы койногу жактыыыы
01.11.2013. 21:03
 Debi
Мага да абдан жагат бул ырчы, ыр да сонун, да бир залкардын ыры да! Мыкты чыгарма болгон.
01.11.2013. 21:17
 Almaz.
кызыксыз экен
04.11.2013 13:47
U_ALMA
Almaz., сен озун кызыксыз адамсын.Бул чыгарманы кызыксыз десен анда КЖ Элмуратты ук!!! )))
29.12.2013 01:13
DYIKANBAI MEDERBEKOV
Almaz., saga emne kyzyk
01.11.2013. 22:19
 hanzada_samatova
Супер инфо ушул ырды дагы бир ырчы кыз мн жигит ырдайт эле, силерде болсо шилтемесин калтырып коесунарбы, рахмат
01.11.2013. 22:29
 sonka89.
Азамат абдан жакшы ырдаптыр,мен да койногуно ашык болдум.
01.11.2013. 23:13
 shkiper
супер
01.11.2013. 23:24
 Mederina11
Нурак байке Азаматсыз,аябагандай сонун чыгарма болуптур!Юлия соз жок,баары сонун)
01.11.2013. 23:25
 daldan85
Баракелле
02.11.2013. 01:09
 Schookum
Kim bilet boldu eken bul koinoktyn avtoru kim??????

02.11.2013. 02:56
 Baltuwka
клип озгочо болуптур! азаматсын Юлия
02.11.2013. 05:49
 omurbek9393
Баары бири-бирине топ келген клип да ырга жараша жай жана маанилуу койногу сулуулугу кыскасы браво да!!!)))
02.11.2013. 07:58
 shanushka
Vaaau koynogu ukmush go.
02.11.2013. 12:48
 kamila_888
Кандай керемет!!!!Рахмат сага Юлия))))
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: