Юлия Руцкая "Кызыл гүл, менмин кызыл гүл"
Жанр:Поп
00:03:34
55,27 Мб
Жүктөлгөн: 02-08-2010


Сөзү:Токтогул Имаш уулунуку
Обону:Токтогул Имаш уулунуку

Уланып ойноп жашынмак,
Убакыт учту закымдап.
Өзүңө жүрдүм берилип,
Өзгөчө сүйүүм калыңдап.
Ак тилек ойду бекиттик,
Ак сүйүү оту жалындап.

Ак таңдай болуп нурданып,
Ак гүлдөй болуп ыргалып.
Канчалык катуу айтсаң да,
Каршы сөз айтпай жылмайып.
Жүрөгүм сен деп какчу эле,
Жүзүңдү бурдуң, кимде айып?

Окшошпой күндөр бирине,
Ой басып жүрдүм күнүгө.
Убайга салдың, кантейин,
Уу кошуп тунук сүйүүмө.
Көңүлүң болуп башкада,
Гүл коштуң сүйүү гүлүнө,
Таш коштуң сүйүү гүлүнө.

Кызыл гүл менмин, кызыл гүл,
Кылчайбайм эми өзүң бил.
Ачылган сендик гүл элем,
Агарбай калды эми дил.

Табигат берди жардамын,
Таңшы деп талбай, кызыл гүл,
Кыйнадың, кантем, өзүң бил.
Кызыл гүл менмин, кызыл гүл.
  • Currently 5.00/5
(12 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (34)

02.08.2010. 17:24
 Colt45
Азамат Юлия. мына ушул ыр мага абдан жагат. 5+
02.08.2010. 17:44
 honey
Ой, коллегамдын иниси тартылган го! Жакшы. Юлия жакшы ырдаган, анча-мынча акцент бар, бирок уккулуктуу.
02.08.2010. 23:25
 Wonderfullgirl
Ыры жакшы экен акцентти эсепке албасак . Ийигилик каалайм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: