Юлия Руцкая "Аппак сүйүү"
Жанр:Поп
00:04:19
54,02 Мб
Жүктөлгөн: 01-11-2013


Сөзү:Нурак Абдыракмановдуку
Обону:Нурак Абдыракмановдуку

Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.

Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.

Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.

Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.

Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга!
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
  • Currently 4.72/5
(116 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (154)

28.01.2014. 01:29
 NBAA
Юлия менин девкам же аялым болсо ээх чиркин
29.01.2014. 17:35
 kinaza
Азамат Юлия! !!
30.01.2014. 01:13
 AIJANKA89
Шикарно!!!
30.01.2014. 18:35
 mr.cana
Н.Абдуракмановго да +555 ушундай ыр жазып, обон жараткан.
30.01.2014. 19:19
 sagyz
Кундуз Канатбек кызынын "Келсенчи эми" деген ырын тапканга жардам бергилечи суранам!
30.01.2014. 20:44
 Hanzada
кайра кайра уккун келет да бул ырды ийгилик сизге
01.02.2014. 18:50
 hakker_a
урматтуу админ мен озумдун фотомду логиниме коё албай жатамда
01.02.2014. 18:54
 hakker_a
Ырга соз жок обону да озу менен озу ыйкалышып турат. Аткаруучу башка улутту болсо да анча мынча ырчыны артта калтырат го. Суппер ыр жана Суппер музыка. Алга Алга алга Юлия
02.02.2014. 14:40
 NBAA
< Mirbek Atabekovv super
03.02.2014. 19:55
 JJiba
абдан жакшы ырдаган ийгилик!!!
04.02.2014. 06:24
 Altynboss
Ух ты!Супер мега клип экен!Россияда коргон гастербайтерлер все в шоке!!!Чыгармачылыгына абдан абдан ийгилик!!!Азаматсын Юля!!!
04.02.2014 17:51
mr.usup
Altynboss, Туура Супер Мега Клип...............!!!!!
04.02.2014. 08:41
 M.Lancer
Эсенге абдан жагып , созун жазып алды, эми жаттап алып ырдайм дейт
04.02.2014. 16:22
 Ayday2
Юленька ырдагандай,"Мен да сага аппак сүйүү берейин ай, Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула" бекеринен сыздабагандыр...Модератор admin_media түзөттү 04.02.2014 16:55
04.02.2014. 22:59
 JJiba
абдан жакшы ырдаган
05.02.2014. 05:40
 EDILL
Кыргыз эстрадасындагы эн мыкты клип. Баардык жагынан.
05.02.2014. 13:13
 admin_media
nolvan,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
06.02.2014. 10:30
 EVITA
Шик, Блеск, Красота, Талант, Любовь,Труд, Высота.......
09.02.2014. 08:56
 RAY
Супер "Бомба"клип !
09.02.2014. 11:21
 Cunade
Койногу мынча сонун!!!!
09.02.2014. 17:55
 naz_chy
Потрясающий образ! Восхитительное исполнение, очень интересный клип! Браво Юлие и автору песни !
11.02.2014. 14:29
 FENIKSS
Bellissimo.....))))))))
16.02.2014. 14:12
 naz_chy
Белов-красавчик!!!
17.02.2014. 23:07
 kyrgyzstan.kg
Нурак атабыздын карылыгы келген екен
01.03.2014. 13:48
 zilish_kg
Баракелде жан дуйносун арнап берилип ырдаптыр, созундо да акцент жок тунук, бир уккан адамга кыргыз ырдагандай эле туюлат......)))
09.03.2014. 12:44
 Nurstan
Эн соонун!!!
22.03.2014. 18:43
 Faki
Коруп, клиптин жакшы тартылганына козун тойбойт. Айабай жакшы тартылган. Баардык ушул клипке салымын кошкон адамдарга иштерине ийгилик каалайм.Чон рахмат.
02.04.2014. 01:08
 Nara_zi
Эн мыкты, башка клиптерден озгочолонгон клип! Ырга да соз жок, эн сонун ырдаган Руцкая, жылдын ырчысы, жылдын хит ыры, жылдые клиби болушуна тилектешмин.
28.04.2014. 22:07
 naz_chy
ребята, я не знаю кто у кого слизал, но я недавно увидела один казахский клип "один в один". То же самое платье, те же степи и небо. Та же походка, ну все так же. Только вместо деда и лошади- бой в степи. Блин.....что сами не можете придумать, что ли??? Ощущения- как будто в душу плюнули
03.05.2014 21:46
Almanbet
naz_chy, клипте озун коргондой созун, обонун
Н. Абдыракманов жазган, менимче казактар биздин ырларды коп кочурушот
04.05.2014 07:37
naz_chy
Almanbet, казахтардын ыры башка болчу, бирок клип точно ушундай
13.07.2014. 20:17
 restreppo
эхх чиркин ай ырды карачы, мына клип клип тарткандарга жана ырчыларга чон сабак
08.08.2015. 23:34
 altynaiB
Юлиянын "Аппак суйуу" ырын уккандан бери бул кызды абдан сыйлап калдым алгач конул бурган эмес экем. Анча мынча жылдыз болумуш болгон кыргыздын кыздаранан коро сыймыктанаарлык даражасы бар экен. Юлия ушунундан жазба ишине албан ийгилик.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: