Юлия Руцкая "Күттүрбө"
Жанр:Поп
00:08:16
126,04 Мб
Жүктөлгөн: 09-08-2010


Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Бакыт Алишеровдуку

Өрттөнүп кетели,
Өкүнгөн кеч эми,
Үйдөмүн жалгыз,
Үнүм сага жетеби?
Мурда сезим өрт эле,
Муздайбы эрте эле.
Мелтиреп жашыдым
Мен канча мертебе.

Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени,
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.

Жан батпай тоолорго,
Жай таппайм коерго.
Жоготпо мени,
Өзүң дагы жоголбо.
Жүрөгүмдү сен эзе,
Күттүрбө эмесе.
Жолуңа телмирген
Көздөрүм – терезе.

Күндөргө кечээги
Жүрү кетели,
Керек болсо кечели от деңизди…
Жашыл жазбы махабат мекени,
Жалындап жетели,
Жүрү кетели.
  • Currently 4.92/5
(13 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

09.08.2010. 13:11
 Nura
О-оо-оо кино коргондой эле болдум.
09.08.2010. 16:27
 akiykat
Кайран гана акчалар жондон жон эле кетиптир..
ырдын создору эч тушунуксузх...
Юлия аракетине рахмат, бирок мындай болбойт.
озунчо фильм болуптур, бирок ушул нерсе керек беле....
мааниси да ыр менен эч топ келбейт....
Юлия аракетин куч
бирок... жарабайт го
менин жеке пикиримде.....
09.08.2010. 18:45
 sani
achylbai koidu!
09.08.2010. 19:57
 mik
Түшүнүксүз.
09.08.2010. 20:09
 Замира
achylbai koidu :(
10.08.2010. 00:59
 zvezda
acilbaytat
10.08.2010. 09:41
 edikad
3D вообще зор, клип не плохо но создору тушунуксуз
"3+"
10.08.2010. 09:51
 Asecha
Клип оригиналдуу тартылыптыр, бирок Юлия ырды анча жакшы аткара алган эмес. Акценти аябай эле билинип калган. Ошентсе да, орус кызы кыргызча ырдаганына ыраазы болдум, азамат!!!
10.08.2010. 14:38
 Baihan
нормально ачылбай койду.Узук-созук болуп.Nura айткандай кинодой эле болуп башталды бирок толук коро алган жокмун.Окунучтуу.
10.08.2010. 15:06
 Kg kyz
Мдаа... таланты болсо, клип тарталышпай. Клип тартса ырдай албай. "жургун кетели" деген эле жерин уктум. башкасын тушуно албадым.
12.08.2010. 21:04
 temu
Клиптин башталышы жакшы экен, бирок Юлия ырдай баштаганда эмне деп ырдап жатканын такыр тушунбодум. Кадимкидей чет элдин ырын угуп жаткандай сезим калды. Орус улутунун кызы кыргызча ырдап жатканы учун жакшы жакшы эле деген соз менен чектелем.
13.08.2010. 13:45
 blackred
Клип действительно хороший, профессионально сняли, был бы и голос таким же обворожительным, как клип,было бы супер. Как всегда есть недостатки.
13.08.2010. 20:02
 sani
norma. sozdoru tushunuksuz, birok molodes kyrgyz tilinde yrdap jatkany orus bolup alyp!
14.08.2010. 01:12
 bugu
Оххх просто HOLLYWOOD!Бизден мындай клипти куткон эмесмин суппер!!!Юлия молочик сендей кыргыз кыздар кобойсо кандай сонун болот эле,талантына ийгилик.Кыргызча ырларды ырдайбер эчкимди укпа(не слушай ни кого)
14.08.2010. 16:27
 Адам
Баарыле соннун болуп турбайбы??? Мага жакты лично! Адамзат бирөөнүн эмгегин баалай билеликчи?..
15.08.2010. 23:31
 asylaida
мне очень понравился клип и песня такая красивая и нежная!!!! blackred думаю ты не прав голос у Юлии очень красивый. и смысл песни хороший. особенно понравилось здесь керек болсо кечели от денизди… Мне очень нравится как Юля поет особенно кыргызча ))))) удачи Юля и новых успехов!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: