Өткөн аптада «Ата Журт» курултай өткөрүп, анда партиянын жетекчи органы жаңыланды. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев партиянын төрагалыгына шайланды. Бирок “бул курултайга Ахматбек Келдибеков жана дагы бир катар белдүү депутаттары катышпады”...
“Чоңдор иштебейт, жарытпайт” деген түшүнүк акыркы 20 жыл ичинде кыргызга терең сиңип, жууса кеткис болуп баратат. Ушундай нааразычылыктар баш калаабыздын башчыларына дайыма айтылып келген. Учурдагы мэр Иса Өмүркуловдун дарегине деле байма-бай айтылууда...
Көрмөксөн боло албайбыз, Өзбекстан карыштап болсо да биздин аймакка жылууда. Ал ортодо биздин “чоңдор” Ак үй менен Көк үйдүн короосунан алыс чыга албай убара. “Чек ара маселесин чечпесек болбойт” деп канча сөздөр айтылганы менен,..
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп 2 жыл иштеген Чубак ажы Жалилов арызын жазып, кызматтан кетти. Бул коомчулукта, айрыкча дин кызматкерлеринин арасында катуу талкуу жаратты. Анын ээрден кулашы...
17-июлда Бишкекте Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “Гүлдөсүн Кыргызстан!” аттуу икебана (гүлдөрдү жасалгалоо боюнча япон искусствосу) боюнча көргөзмө болуп өттү. Аталган көргөзмө 2-3-августта...
Өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында “Облустардагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” тууралуу токтом кабыл алынды. Ага ылайык, эми өлкөдөгү 7 облус административдик орган катары жоюлат. Буга кошулуп губернатор деген кызмат орду да жоюлмай болду...
Алмазбек Атамбаев эс алууга чыкты... “Кыргызгаз” ишканасы билдиргендей, июль айынан тарта Кыргызстандын түндүгүндө жашагандар үчүн газ кымбаттап, м3 на 14,72 сомдон төлөшөт. Буга чейин бул нарк 14,64 сом болчу.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |