Гүлнур Сатылганова "Жолукпай калсаң эгер"
Жанр:Ретро
00:03:26
52,98 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2009


Сөзү:З.Мукашевдики
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы

Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер,
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегенде муздайт денем.

Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгом.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом.
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак?
Калсаң сен жолукпастан.

Ырларым сага арнаган,
Кас туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.
  • Currently 5.00/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (103)

08.06.2010. 18:19
 MaRmeLaDka
Ыр жакшы болуптур.Бирок аябай сооонун дей турган клип деле эмес го. Катардагы жакшы иштелип чыккан клип экен.
10.06.2010. 23:18
 Repus
TIMELE jan ergitet anan da ichingi tysss tyss etip JIBERET eken!!!!
Klipke SOZ JOK!!!
BAli bali!!!
12.06.2010. 06:20
 dream
Ушул эженин озун которгону жакпайт,но жакшы ыр
16.06.2010. 13:12
 muslima
Ырдын кээ бир жерлери фантастика болуп кетиптир. Бирок Гүлнур эженин үнүм мен баалайм.Клипке болгон оюмду айттым.
23.06.2010. 07:31
 bekjangold
Гулнур эжекебиздин унуно эч ким жетпейт го!
23.06.2010. 17:25
 Мэри
Бул клип жакшы эле тартылган.Бирок Гульнур эженин клиптери бири-бирине окшошуп кетет. Озгочо шарфын кармап алып баскан жерлери...
09.07.2010. 14:36
 Saltyshka
Бул клипте коп спец.эффект болуп калыптыр деп айтышат, бирок менин угушум боюнча андай эмес, мисалы селкинчекти Ыссык-Колдон, бир узун кранга илип жазады деп уккам. Гулнур Сатылганованы мен урматтайм жана чыгармачылылык ийгиликтерди каалайм! Жамандагандардын баары коро албастыктан жамандап жатат деп ойлойм!
28.07.2010. 17:12
 Арина
Баардык ырчылар Гүлнур эжеден үлгү алса болот! Мага бул клипте фишка болгон селкинчек жакты.
10.08.2010. 11:35
 Nunu
Ханзада жаман алергия экенсин го пианинодо олтуруп ырдабаганда сенин уйуно барып ырдасынбы дагы кайсыл клипинде кордун эле пианинодо олтуруп ырдаганын укмуш эле экенсин да мышык майга жетпей сасык дегендерден экенсин да...
10.08.2010. 11:40
 Nunu
Ханзада Гулнур эже пианинодо олтуруп ырдаса сен талдын башына чыгып ырда колунан келсе.
19.08.2010. 15:44
 toktokan
Гулнур эженин баардык ырлары аябай угумдуу, зоболонуз которуло берсин!
26.08.2010. 18:22
 Nelya
SONUN ANDAN BASHKA ECH NERSE AYTPAYM!
27.08.2010. 14:02
 Nelya
Sonun klip da sonun,tim ele rahat alip korom ushul klipti.Mina suyuu degen ushintip chagildirish kerek,a selkinchekchi,selkinchek voobshe soz jok.SUPERRRRRRRRRRRRRRRRRR!!!!
06.11.2010. 15:44
 chachi
ne degen keremet un klibi da jakshi Kyrgyzdin tooloru ozgocho balanin fonunda sonun issik kol barii besh Gulnur ejege tazim birok klipteki kizil koynogu jakkanjok jarashpai kaliptir
06.11.2010. 15:44
 chachi
Iri jan duinogo jakin
11.11.2010. 16:19
 anya
Гулнур эженин ушул ыры аябай жакты.
13.11.2010. 22:59
 timika
жылдын мыкты супер клиби!
23.11.2010. 02:02
 Almaz Esenov
Мекенибиздеги эн сонун 5 клиптин ичине кошом.Супер.
28.11.2010. 16:01
 evelina
Очень уважаю эту певицу!Песня супер,не знаю даже как выразить восторг!!!!!!!!!!!
22.12.2010. 00:31
 Romantic
eehhhh romantika,yrdy ugkan saiyn yrahat alam,uspokoivayawaya originalduu yr!!!
04.01.2011. 23:49
 tumar
Жок дегенде кыргыз клиптеринин арасында бир жанылык.
18.02.2011. 20:10
 zssu
azmatsyz ejeke,sizgi allaxym ar dayim koldosun,talantynyz tashkyndai bersin!

02.05.2011. 20:43
 azazzellokot
Эмне дейли эми, Бул Гулнур эже да!
27.08.2011. 04:57
 Azhymaliev
Гулнур эжеке азаматсыз
09.09.2011. 02:47
 Ledi5
Gulnur ejenin irlari sonun da juroko jakin.
21.12.2011. 12:04
 rahat-lukum
супер, Гулнур эжеке! Кыргыз эли Сиз менен сыймыктанат.
19.03.2012. 20:11
 stafs
Улам уккан сайын, уккум келип!
Жаштыгымы, алгач суйууму элестетип...
14.05.2012. 10:25
 bajb
Гулнур эжеге чон рахмат, ушундай сонун ырды тартуулаганына. Ыр супер, клиби да супер. Биздин кээ бир ырчылардын клиптериндеги коендой окшош сюжеттер кезикпейт. Бар болунуз, эже. Дагы коп коп сонун, озгочо ырларды жарата бериниз демекчимин.
27.07.2012. 23:57
 Tazash
Ушул ырды укканда эх деп алам
26.12.2013. 06:50
 peri05
Ой койсонорчу эч ким жетпейді дегенинерди жарайдыды бірақ прям супер эмес
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: