Гүлнур Сатылганова "Келем дедиң"
Жанр:Поп
00:03:58
107,79 Мб
Жүктөлгөн: 29-12-2009


Сөзү:Биримкул Алыбаевдыкы
Обону:Райхан Бейшеналиеваныкы

Келем дедиң чабалекей келгенде,
Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге,
Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты,
Келгин куштар кайра кайтып кеткенде

Кайырма:
Келем дедиң кар түшкөндө талаага,
Келген жоксуң кечиктиң не садага.
Кар да кетти өзөндө муз ээриди,
Салып коюп муздак бир ой санаага.


Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.

Жылдар келип жылдар акты бир далай,
Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай,
Кетип жатып мага берген бир гүлүң,
Тереземде дале турат кургабай.

Кайырма:
Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
  • Currently 4.00/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (40)

29.12.2009. 17:09
 Барби
оригиналдуу клип болуптур.
08.01.2010. 11:49
 ryzhak
Омеей! Соз жок ай, оригинальненько! Маладестер баары! Бут баары! Мен дагы!
08.01.2010. 18:04
 janim
Когучкондорду кайдан алдынар????Эн жакшы болбосо да "Жакшы" деген баа бердим.
08.01.2010. 18:07
 bakytmirza
Классно! Клип деп ушуну айтса болот.
08.01.2010. 21:14
 umnik
Аябагандай жакшы тартылыптыр,дагы да ушундай жакшы клиптерди тартабериниз! Алга Гулнур Сатылганова!
09.01.2010. 21:28
 teodorrrr
керемет клип оох блиннн менин эжем да озу, эч ким жетпейт.
11.01.2010. 09:42
 lira
Originalduu idea eken!!!
11.01.2010. 21:47
 Karamel
клиптери ар дайым жогорку денгээлде.(ырлары дагы, озу дагы)
17.01.2010. 00:44
 deer
prosto super!!!!!!!!!!!
26.01.2010. 05:21
 Jigito
Jakshy maga jakty !!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: