Мирбек Атабеков "Сүйүүм сакталат"
Жанр:Поп
00:02:54
43,82 Мб
Жүктөлгөн: 30-12-2013


Сөзү:Мирбек Атабековдуку
Обону:Мирбек Атабековдуку

Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат,
Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат.
Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу - бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.

Сен десем сезимимде канат байлап уча алам,
Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам.
Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу - бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.


"Талисман" романтикалык комедиясына саундтрек.
  • Currently 4.00/5
(21 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (61)

30.12.2013. 16:22
 leyli00
Ууууууу
02.01.2014 08:56
jalgyzdyk
leyli00, Окунучтуу, Мирбек да жашоодо ушундай адам болсо кана. Тасиадагы образы жылуу, жылдыз ооруусунан кабар бербегендей ой калтырат экен. А бирок жашоодо андай эмес. Мирбек асмандан тушкон сыяктуу мурдун кокко тиреп алган(((((( макул, саналуу мунотторго болсо да жылуу сезимдерге ороп, жагымдуу маанай тартуулаганы учун.
02.01.2014 15:25
slim312
jalgyzdyk, Аны жеке тааныйт окшойсуз, э?!
06.01.2014 09:23
jalgyzdyk
slim312, К сожалению
30.12.2013. 16:30
 joni040494
Кызыкту киногодейм
30.12.2013. 18:09
 jaydar
ayabay jakte
30.12.2013. 19:03
 chiks
базар жок супер!!!
30.12.2013. 19:33
 taalai16
жакшы ыр экен
30.12.2013. 19:34
 Real_Madrid95
Мыкты клип экен.
30.12.2013. 20:00
 altywka65
супер
30.12.2013. 21:43
 blackred
класс!
30.12.2013. 21:45
 blackred
клас! Аж, фильм захотелось посмотреть. Нужно посмотреть как он там сыграл, а то в До+Фа как то не очень сыграл, зажато как-то снялся, заметно, что наиграно.
01.01.2014 04:35
Aygerim_tls
blackred, орусча сиз эле билет окшойсуз чернокрасный мырза
30.12.2013. 22:28
 kama_future_millioner
Класс
30.12.2013. 22:44
 Begai_kg
жагаттт да,
30.12.2013. 23:24
 almanchik
Кайрадан жарк этип чыгып калыптырго Атабеков....
31.12.2013. 00:42
 sem84
ой эл журт бирдагы видеоклип коросотпой жатат жардам бергилечи сураныч
31.12.2013 19:32
admin_superstan
sem84, кандай билдирүү чыгып жатат? Купуяма кененирээк жазып койсоңуз.
31.12.2013. 05:35
 k_medi04
сонун!
31.12.2013. 08:03
 begusia
Биринчи чыккан Атабеков ушундай элего,внешне:)
31.12.2013. 18:16
 Rinatik94
Эуууууххуууу супер гооо!
01.01.2014. 01:14
 ZarinaSM
мага ушул ыр аябай жагат!содору мен учун жазылгандай))хехех
01.01.2014. 02:24
 nurkojo
Клип Жакты
01.01.2014. 12:01
 kgnur90
Атабеков рок жанрына отсо
жакшы эле болот го.ыр жакшы
02.01.2014. 00:52
 rnurzida
Сонун ыр экен
02.01.2014. 07:35
 aikooo
кинону коруш керек качан чыгат болду екен)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: