Мирбек Атабеков "Барам сага"
Жанр:Поп
00:03:41
46,06 Мб
Жүктөлгөн: 01-09-2014


Сөзү:Алмаш Чойбекова
Обону:Кадыралы Артыков

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.
  • Currently 4.68/5
(19 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (51)

01.09.2014. 20:11
 Xperiaedil
+5, жаны ырлардан кутобуз Мирба брат
01.09.2014. 22:06
 elamannn
клип жакшылего... красканы сонун кошуптур.
01.09.2014. 22:30
 Jonaruk
оосонун клип болуптур алга
01.09.2014. 23:48
 moviemaker4
soz jok jakshy birok yrga klip tuura kelbei kalyptyr!!!
02.09.2014. 01:13
 lolalola
Mirbek azamat!!! Jany yrlardy kutobuz!!!
02.09.2014. 12:03
 sneg88
очень красивый клип
02.09.2014. 12:36
 Gupa
Ыр сооонун да! Пианино ырдын нотасын чалбаптыр го, нотасын чалса соонун угулат да.
02.09.2014. 12:38
 bajzhan2003
Тамашоудогу Кубанын девушкасыбы? Ал да акыркы кундору клиптерге тартыла баштады. Сулуу кыз экен.
02.09.2014 19:12
kubina
bajzhan2003, al Kubanyn kelinchegi,ekoo uilonbodu bele 10.08.14)
02.09.2014. 16:49
 Erniza
Мирбектин ырларын жакшы коруп угам!
02.09.2014. 17:01
 Jibulina
молодец
02.09.2014. 19:14
 kubina
Mirbek emnege ozunun kelinchegin tartkan emes klipke?Al dagy suluu goo)
02.09.2014. 21:15
 formula12
Клип оригиналдуу болуптур.кыз дагы туура тандалып жакшы чагылдырылган
02.09.2014. 23:17
 Samat.A.A
Эч ашыкча деле эмес, башка ырчлардай эле, бир кыз болду клип, канча тартышат экен ушундай клип дагы. Эч мактай турган деле клип эмес экен, бул менин жеке оюмда..
03.09.2014. 10:39
 isabella
Super
04.09.2014. 15:12
 Sultanim
Kliptegi kiz suluu eken.birok kuba koptu bilgen,yimanduu jigit buga kantip uruksat bergenin tuwunbodum?..
05.09.2014. 13:30
 КОЛЮЧКА
Мирбектин чыгармачылыгы коп жакчу эмес, менин табитимдегидей эмес. Озу го, соз жок таланттуу... Бирок, многу ыры менен клиби бири-бирине айкалышып, озгочо болуптур. Жакты!
05.09.2014. 19:46
 ayaza
Ушул кыз менен сонун пара болуп калат экен!!!
06.09.2014 15:29
Alai.kyzy
Бул клипте Мирбек берилип ырдабаптыр. Уйкусурагансып. Ыр мага жагат. Клип озгочо эмес. Катардагы клип. Продюсери жакшы идея издесе болмок клип тартаарда.
06.09.2014. 17:06
 Aipri
Соонун ыр. Мирбек бул ыр радиолордон кетип популярдуу болуп турган кезде эле клип тарттырсан болмок.
08.09.2014. 11:09
 mikasik
Айжана красотка,а ырга 4.
11.09.2014. 01:19
 timur1995
Кантсе деле Атабеков да
13.09.2014. 17:28
 aman.kalbaev
moladex
15.09.2014. 01:29
 L0T0S
Жонокой бирок корктуу клип!+10 Ырды жеткире ырдаптыр Азамат !!!
16.09.2014. 04:00
 aiza.kyrgyzkyz
Бул ырды атам майын чыгарып ырдайт болчу илгери, (только мас болгондо))) жакшы ыр, Мирбек сен да майын чыгарыпсын, Молодец)))
17.09.2014. 12:51
 Oceana
Men oorup jurom uwul yr m.n.
22.09.2014. 15:07
 miss2014
Мага да жакты ,телефонума жуктоп алдым, кайра кайрв угуп тажабай угуп жатам,баары жайын да ыр да клип да +5.
13.11.2014. 20:38
 Baichechekei2011
Kymbattuu superinfo portalynyn admini sizderden suranychym Мирбек Атабеков menen Шахзода´nyn "Эки жүрөк" degen yrynyn audio variantyn juktop kojosuzdraby bul jakka? Aldyn ala rahmat!
14.11.2014 10:34
admin_media
Baichechekei2011,
Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ыр биздин порталда бар, шилтеме: http://www.super.kg/media/useraudio/104343/
06.12.2014. 16:15
 eldiyarmacho
ыр мыкты чыккан ырды укканда көздөн жаштар мөлтүлдөйткө чиркин
27.12.2014. 12:41
 dominic_toretto
Эң сонун клип.Клиптин бере турган маанисин көпчүлүгүң түшүнбөпсүңөр.Мага өзгөчө кыз жакты.Жакмак турсун ким бирөөнү эстетип жиберди.Ошол көздөр,ошол тиктөөлөр...
08.04.2015. 19:08
 etaj_rus79
клипп жакшы ойлонгон
12.04.2015. 22:08
 adidas
сонун ыр уккандан тажабайсын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: