Мирбек Атабеков, Турдакун Ниязалиев "Айтыңыз маарек болсун!"
Жанр:Поп
00:03:31
54,14 Мб
Жүктөлгөн: 07-06-2016


Сөзү:Жеңишбек Жумакадырдыкы
Обону:Турдакун Ниязалиевдики

Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.

Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.

Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!

Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.

Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.

Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
  • Currently 4.60/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (27)

07.06.2016. 18:03
 RainaDiamond
Azamattar sonun! Ait maarek!
07.06.2016. 18:49
 Topchubai
жакпады
07.06.2016. 19:24
 Eva77
Ассалам алейкум ва рахматуллохи ва баракатухи! Баардык мусулмандарды Ыйык Рамазан айы менен чын журоктон куттуктайм! Орозонор кабыл болсун! "Жаратканды унуткандын, Жан дүйнөсү жакыр(кедей) экен". Жакты создору.
07.06.2016. 19:26
 Alisher
Maanisi teren jaksi klip boluptur...
07.06.2016. 20:24
 dastan96
Эң сонун клип, ыр болуптур...Азаматтар!
07.06.2016. 20:26
 lolo.1
Сонун мага жакты
07.06.2016. 21:11
 karymshakov
Сонун, мыкты. Рахмат силерге мырзалар жакшы маанай тартуулаганынарга. Чыгармачылык Ишинерге ийгилик
07.06.2016. 21:25
 Nur0701
Соооонун сөз жок !
07.06.2016. 23:24
 EKUW
Адамдардын конулун которуп мен да ушинтип таратып чыксамбы))
07.06.2016. 23:39
 EKUW
Турдакун Ниязалиевдин да уну сонун экен!)
08.06.2016. 09:01
 Jeki
Орозонор кабыл болсун! Бул 2 ырчы доспу ошондо??
08.06.2016. 09:02
 Aksy-13
экоо тен мыкты ырчы Азаматсынар!!! Силерди Рамазан айы менен куттуктайм жана туткан орозонуздар кабыл болсун! Уй булонорго береке жана бактылуулук!!!
08.06.2016. 09:07
 admin_media
mika2018,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер admin@super.kg дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек! Коомдук этиканы сактаңыз!
10 күн БАНга!
08.06.2016. 09:09
 Aksy-13
ыр аябай жакты клипти да сонун жаратышыптыр чиркин, эки ырчынын тен ундору отто керемет экен эч салыштырып болбойт бири бирине! Турдакундун ырлары да укмуш уккулуктуу!!!
08.06.2016. 10:48
 MaRmeLaDka
Мирбек илибой ырдын коркун ачат да))). Турдакун ырдап, Мирбекке откондо кадимкидей жандана тушуптур.
08.06.2016. 11:01
 Jakusya
Мага аябай жактыыы, сонун сөздөр...
Экөөсүнүн тең ырдоо стили бар, үндөрү айырмаланып турат, негизи эле акыркы кезде мен Турдакундун угарманымын))))
08.06.2016. 12:03
 nurizaa
Эки ырчы окшошуп кетишет экен)))! Сонун ыр дагы клип дагы)))
08.06.2016. 12:19
 SweetLady
Сонун чыгыптыр. Азаматтар! Туткан орозоңуздар кабыл болсун!
08.06.2016. 15:03
 MARAT.OZGON
Жакшы ыр экен
08.06.2016. 19:03
 MMA_1
Клипке дагы бир аз көркөмдүк кошсо болмок экен бирок ушул деле эң сонун.
08.06.2016. 19:43
 kuu-1005
Эн мыкты Дуэт!!!
08.06.2016. 22:33
 ukueva88
Соонун экоо окшошуп да кетишет экен,,талантынар ташкындай берсин!!Алга!!!
05.07.2016. 15:24
 tamerlan0703
Азаматтар!)Мага аябай жакты!Айт маарек болсун!Эл журтубуз тынч,ынтымактуу бололу!
05.07.2016. 20:21
 Nurikzair
Сонун.азаматсынар
06.07.2016. 11:47
 Alisher
Soonuk klip,Aytinizdar maarek bolsun!!!
10.07.2016. 17:30
 Mile
Клип жонокой болуп мааниси жакшы болбой калыптыр. Мындан коро айт майрамда ата-энесин,бир туугандарын,жакындарын барып кабар алганын,таарынышып капалашкандардын жарашкандарын,жардамга муктаждарга кол сунгандарды коркомдоп тартса мыкты болоор беле...
11.07.2016. 06:23
 TAION
Сонун болуптур,азаматсынар жигиттер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: