Жанр:Эстрада
00:03:31
81,14 Мб
Жүктөлгөн: 02-12-2009
Сөзү:М.Асанбекованыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы
Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?
Сук артат көптөр жериме,
Айланып сууну чачсамбы?
Ансайын көркүң арттырып,
Ак марал болуп барсамбы?
Кайырма:
Сактасын суук көздөрдөн,
Садагам Оштой жеримди.
Сулайман пирим колдосун,
Жоо жүрөк, баатыр элимди.
Колумдан келсе, туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Уулуңду кимдер талашмак,
От жалын болуп жагылсам.
Кайырма: