Мирбек Атабеков "Мөлмөлүм"
Жанр:Поп
00:03:06
30,92 Мб
Жүктөлгөн: 07-09-2015


Сөзү:Барпы Алыкуловдуку
Обону:Барпы Алыкуловдуку

Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң кызыл гүл ачылгандай, Мөлмөлүм.
Бир карасаң жүрөккө от
чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң
жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын
тилегиндей, Мөлмөлүм.

Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү
"Мөлмөлүм!" деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыга албай жатып ошондо,
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.

Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан,
Тышым жалын, ичим чок.
Бирок да мунун баарына
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
  • Currently 4.73/5
(30 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (68)

09.09.2015. 14:06
 Gulya.akbaralieva
Рэп болуп калган го.
09.09.2015. 14:17
 admin_media
i_am_simple, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
09.09.2015. 17:06
 Real_Madrid95
ыр да клип да мыкты болгон!
09.09.2015. 18:51
 Mars55
менго корбодум баары бир жакбайт
10.09.2015. 17:57
 Oceana
Жакшы ырдаптыр,бирок клипи анча жакпады. Кара жорго болуп калыптыр.
11.09.2015. 18:06
 sanrisa
Мага аябай жакты, Мирбектин уну негизи эле сонун, ырлардын майын чыгарып ырдайт. Клиптеги кыздын аты-жонун айтып койгулачы билгендер, коп кором ар кайсы видеодон...
11.09.2015 18:11
admin_media
sanrisa, саламатсызбы!
Актриса тууралуу төмөнкү макалалар бар:
http://www.super.kg/allsearch/?search_term=Рахат+Божокоева&where_to_search=article&x=0&y=0
22.12.2015 21:44
sumka
admin_media, urmattu super info.mirbek atabekovdun Kurut Kino tasmasyndagy saundregin juktop koigula4y surany4!!!
11.09.2015. 23:16
 Salman1477
Сонун клип болуптур мага баары жакты ыры да сонун. Унуталбайм деген ыры да жакты
11.09.2015. 23:17
 joker007
Конечно продюссери КТРде иштесе кунуно 10жолудан жаман ырды деле бере берсе жаттап бутозун да туурабы данк-дунк деп эле баш ооруат экен мага жаккан жок ырдабай эле койбоптур ачыгы клип да ушундай болобу эптемей...
14.09.2015. 00:11
 benjamin31
Рахат клиптин коркун ачкан.А так жаккан жок
14.09.2015. 20:10
 orxidea10
аябай жандуу сонун ырдаптыр .Мирбектин формалары.бийчилер менен бийлегендери сонун болуптур.
15.09.2015. 16:29
 altynbek_canto
ырдын баркын олтуруптур.
15.09.2015. 23:14
 den.0189
эски ырды жаныртам деп эле ырдай береби! Мирбектин уну жакшы бирок "молмолум"дун баркын кетириптир, эски ыр эски бойдон калса, андан коро Мирбек жаны ырларды ырдап чыкса жакшы болмок! Жолболду Алыбаев ырдаган варианты жакшы!
16.09.2015. 08:29
 sulaiman.erkin
мирбек,китайга келип консерт бербейсызби?
16.09.2015. 12:58
 Aygerim_tls
10+ азаматсыз! Ийгилик!
16.09.2015. 14:08
 upol92
Мага да аябай жакты. Соонун ырдап тыр . Коро албагандар Ар нерсени Айта бербегилечи.
16.09.2015. 15:35
 Milash01
Мирбектин уну жана аранжировка мыкты болуптур. Бирок, Мирбек Иманбековдун ырдаганы чынында жетпептир.
19.09.2015. 09:12
 adiletik
Ушул кыз учун жазылган ырдай. Сулуулугу менен кылыгы адамды арбайтго чиркин.
21.09.2015. 12:55
 oimo_kg
Нооруз Алымбаевдин кок жотол деген клибине окшоп калыптыр.
22.09.2015. 04:24
 tavanova.sarah
Биринчи жолу радиодон укканда "не балке? Клубныйго? Ырды жайына эле койбоптур" деген элем. Азыр коруп отурамын. Чындыгы аявай жакты! Атабековтун эч кайсы ыры мынчалык жаккан эмес эле)) клубный вариант та соонун чыгыптыр)) Баса Атабеков сулуу б.п калыптырго? Же мага ошондой корундубу?иши кылса лично мага жакты!
24.09.2015. 16:26
 MMA_1
"Москванын ун жазуучу компаниялары менен иштешкени жатам эми ырларыбыз мындан да уккулуктуу болот" деп интервью берген эле. Создорун актаптыр ыр, клипке соз жок!!!
25.09.2015. 02:51
 Guljar
Азыркы статистика боюнча Мирбек Атабеков эн маанилуу жана жагымдуу ырлардын алдынкы ырчысы.Эл Мирбек Атабековту 87% угуп жатат.Аябай соонун ырдаган,азыркы замандын ыры .Келечеги бар .
28.09.2015 23:05
jypar.i
Guljar,туура айтасың,мисалы мен Нурлан Насиптин ырларын бир жолу уксам,Мирбектин аткаруусундагы ырларды бир нече ирет уккум келет, абдан талантту, жөнөкөй жигит, азаматсың Мирбек, сага көп-көп ырларды аткарып угуучуларыңарды кубантып жүрө бер демекмин,ийгилик каалайм.Бактылуу бол алганың менен
03.10.2015. 19:53
 Afina
ээ кокуй бул ырды КЛУБНЯК кылып алган го....
18.11.2015. 02:15
 LadyD
клибиндеги кыздын прическасы озгорулуп соткасын ала калып селфи жазап ийеби деп куттум :-) соц рекламаны коргондор тушунот го...
09.12.2015. 19:17
 tolik
эх кандай сонун ыр эле. Бирок ушул ырды Иманбеков дагы Атабеков дагы Маликтей ырдай алышкан жок. Эки Мирбекке караганда Арген Иманалиев жакшыраак ырдаган.
10.01.2016. 00:54
 Sabyr_Baymatov
Аранжировкасы жана ыры жакты клиби анча эмес
19.01.2016. 11:59
 admin_media
kanat_myrza,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
17.02.2016. 19:22
 Kanubek
Ассолом алейкум супер инфо сиздерден сураныч ырлардын барын уга турган проигрыватель кылып койсонор абдан согун болмок эле
18.02.2016 09:52
admin_media
Kanubek,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
02.09.2016. 17:35
 Nurlanbek66
Админ саламатсызбы?
Эмнеге бул клип суперхитке кирбей калган?
2014,2015, 2016 жылдарда жок
13.10.2016. 15:42
 Aima94
Лапочка. Жагымдуу. Кулгондо эзилип кетем) Бактылуу болунуз. Ийгилик
03.11.2016. 01:30
 BakuNur91
Рахат Божокоева
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: