Самара Каримова "Издейм сени"
Жанр:Эстрада
00:04:23
48,2 Мб
Жүктөлгөн: 07-04-2014


Сөзү:Ж.Мамытовдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (65)

08.04.2014. 12:31
 noeli
клип тартты эле го бул ырга уже,же Дубайда жургондо дагы бирди тарта кетейин дедиби?Издейм сени тизмегинен элдердин деген жеринде имараттарды тартыптыр го оператору да.издебей эле анкайып коруп жургонун,озунун эс алганын мактанган эле видео бул.жакшы клипмейкер менен бир жакшы клип тартчы сураныч жакшы комменттерди жазалы.
08.04.2014 13:42
begusia
noeli, эн туура айтыныз,кошулам.
08.04.2014 17:40
ULUUBEK.KG
Бул ыр Классика азамат мага жакты. Кара-кулжалыктардын атынан сага Таазим!! Рыспай чон талант анын ырларын бардык ырчылар ырдай албайт. Унуно береке Самара . Чыгармачылык ийгилик. Жакпагандар корбой эле койгула . Ит уро берет кербен журо берет. Эмгегинди эл баалайт.
08.04.2014 20:57
leyli00
ULUUBEK.KG, эн туура мага жакты . Соонун жакпагандар корбой эле койгула. Ушу коро албагандар куйдурот адамды. Озунорда ырдагыла , иштегиле, уй-булону да алып кеткиле Анан суйлогуло. Бышкан ашка сынчы коп болбой. Самара кучтуу мыкты айым
08.04.2014 22:30
noeli
ULUUBEK.KG, Ырдын классика экенин эч ким талашып аткан жок ай.Рыспай Абдыкадыров болсо биздин уй булонун суйгон ырчысы,атамдын кумири.биз клипке ,аткаруучулугуна сын айтып атабыз.
08.04.2014. 13:45
 aibek92
Дубайдан издейт бекен
08.04.2014. 14:03
 asiana
ar ai sayuin ele klip tarta beret eken da sanyn ele koboityp, sapaty jok
08.04.2014. 15:16
 burka
бир чоон кишинин башын айлантып тийсе куйосу деген бай болсо акчаны каяка коротушун билбей тартып жатат да бул дагы
08.04.2014. 15:38
 Patron
Мактанган экен да.
08.04.2014. 15:50
 egoiste
Видео ряд менен аудио ряд бири-бирине келбептир. Жакшылап текшерип туруп чыгарышпайбы, тартат десе эле тарта бербей.
08.04.2014. 15:55
 ayka.1991kg
Ушунтип арнерсени айтып коро албаганыбыз жаманда
08.04.2014. 15:57
 ayka.1991kg
Жакшы еле болгон озуда жылдызду кыз екен
08.04.2014. 16:40
 Muktar.baatyrjigit
Биринчи клибинде тоодон издеп таппай койгон экен эми Дубайдан издеп журот! Эми ошол Дубайдан табылып калса экен!!!!!!!!!!!!!!!!!
08.04.2014. 16:50
 KG_01
Биздин суйуктуу КЫРГЫЗЫСТАН качан ушул видеодогудай болот экен э ????????????????
09.04.2014 01:58
bossmos7
KG_01, Э тынчылык болсун!Каалганы болот.Антсе баары издееп келе берип жудотот да!)))
08.04.2014. 16:53
 sumka
uwu da klippi?anda 4et jakta jurgondorubuz dele uwintip klip tartalyk oozubuzdu kyimyldatyp yrdap eki jakty karap)))).ununo go soz jok anan ele klipteri bolbogon nerse.dubaidy jattap butkonu kaldyk go bul kyzdyn klipterinen
08.04.2014. 16:54
 fanatka19
Сонун
08.04.2014. 17:09
 ilyaz78
Дубайга барып келуу учун канча акча кетет болду экен!Менин да баргым кели келип атат.
08.04.2014. 18:38
 anara-anara
Мин доллар кетет он кундук эс алууга барып эс алып кел.
08.04.2014. 18:53
 aibanur
дубайда эмне бар кыргызстандан изде
08.04.2014. 19:26
 Мэри
Көп-көп ырларды ырдайт, клиптерди көп тарттырат. Эмгектенип жатат, бирок сапатын да эске алса болмок. Көп ырларды аткарганын билем, бирок баарын эстей албайм. Демек...
08.04.2014. 19:35
 Bella-life
Издейм сени арабтардын арасынан,
Эн бир кооз имараттар калаасынан
Сени ичинде болуп калса экен деп
Учуп келдим издоо учун, издоо учун Дубайга=))
08.04.2014 19:51
ulushka
Bella-life, эн сонун комент!!!:))) Дубай кыргыздар учун Россия эле болуп бара жатат... Кыргыздар чачтан коп... Балким табвлат)))
09.04.2014 14:44
ULUUBEK.KG
ulushka, кайра суйунуш керек кыргыздар байып чет жактарга чыкканы жакшыда алга Кыргызым калкым!!! Сен эч Жака чыкпай чыккандарды коро албайт окшойсун
08.04.2014 21:15
damira19
Bella-life, ыр жазчуу онорун бар окшойт сенин азаматсын аябай кайра кайра окудуум
28.10.2014 12:51
musapyr
Bella-life, Эй Россия. Россия бир боор энем,
Жыл сайын иштегени сага келем.
Эмчектен качан эле чыгарсан да,
Айласыз мен жармашып эме берем.

Эй Россия. Россия бир боор энем,
Мен чынында сен жакка келбейт элем.
Жашообуз жакшы болуп турса эгер,
Айылымдан бир карышта жылбайт элем.

Эй Россия. Россия бир боор энем,
Сен бар учун мен бармын сени менен.
Кеткин деп депорт кылып таштасан да,
Мерседеске жетмейинче журо берем.
14.11.2014 13:42
jamalka-2
musapyr, ))) молодец, сонун жазыптырсын ырды
08.04.2014. 22:27
 noeli
Уже Дубайда эле бир нече клип тартты да,мунун баарын бир барганда эле тартып келсе жакшы анан ар бир болбогур клиптерине Дубайга барып атса анда ОШдрамда да корупция гулдоп атыптыр да.Айлык акы менен жашаган адамга Дубайга бир барып келуу деле кыйын болуш керек.
09.04.2014 00:47
leyli00
Азыр эптеген эки тиштейт !! Сен деле бар Самарадан эмнен кем ырда , клип тарт . Результат корсот анан сына мына сага деп. Адам биринчи озунон башташ керек. Иштеген тиштейт Ушак кууган куруйт
09.04.2014. 01:27
 zhenishmyrza
дубайдан издеп журот.
09.04.2014. 01:53
 bossmos7
Убарачылыгы жок эле!Мейли эми койнок шиш бут кийим бар экен го!Бирок бул нерсени баары жасай алгандыгында кеп! Ырды ырдоо керек.!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: