Самара Каримова "Баары сендей"
Жанр:Поп
00:03:20
52,57 Мб
Жүктөлгөн: 02-09-2016


Сөзү:Тазагүл Закированыкы
Обону:Г.Садыбакасованыкы

Дербиштей дүйнө кезип,
Көксөгөн жарым кылым.
Кыйырыңа көзүм жетпес,
Бакыттын даамы сендей.

Кайырма:
Илебиң эс тандырган,
Жүрөккө от жандырган.
Тирүүлүк баары сендей,
Жашоонун шаңы сендей,
Сүйүүнүн даамы сендей,
Баары сендей.

Өчпөгөн үмүт калып,
Өмүрдүн жылгасында.
Буйрубай кайчы өткөн,
Армандын даамы сендей.

Кайырма:

Төрт мезгил карек салып,
Күн-түнү шыбырт тыңшаар.
Эзилип жол караган,
Күтүүнүн даамы сендей.

Кайырма:
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (17)

02.09.2016. 16:02
 Stervashka
Эн сонун баары, ыр дагы клип дагы. Самарага соз жок сулуу, ырларын эл журогунон тунок таап журо берсин. Ийгилик дагы да.
02.09.2016. 20:05
 Lazat
Мага жакты эн соонун клип болуптур. Самара жаны ырларды кутобуз. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
02.09.2016. 20:44
 Salman777
деги бул кыздын озунун ырлары барбы..
02.09.2016. 21:14
 aikol87
Ушул ыры жагат
03.09.2016. 00:29
 ainur78007
Жакшы ырдаптыр,клип да позитивдуу.
03.09.2016. 01:32
 umar.88
Жакшы
03.09.2016. 16:18
 iskend
5
03.09.2016. 18:17
 Nasipov.97
Мага жакты
07.09.2016. 00:27
 Elika
Атына жараша заты да сулуу дегендей Самара Каримованын баардык ырлары озуно окшогон сонун ырларды ырдайт.Анжеликадай сулуу айым деседа болот.
08.09.2016. 16:22
 bantik
Самара Каримова кичине эки жагынды карап, эл бул ырды кантип ырдаганын байкасан болмок. Гулнара Калдарованын ушул ырды ырдаганын уксан балким ырдамак эмессин.
08.09.2016. 16:23
 bantik
Клиптин мааниси да Гулнара эженикине окшошуп калыптыр.
11.09.2016. 12:01
 earth_wind_fire
кыздар эмнеге козунордун кычыгына чейин жылтыратып бойоп аласынар, чылпактаган козго окшотуп, брр
04.11.2016. 17:52
 Antoshka2016
Самара акыркы убакта очуп баратат.ото кызыл бат онот дегендей.аябай шумдук болуп атты эле.
04.11.2016. 21:18
 elya1973
Баары жасалма кыскасы жакпайт.Баягы эле жасалма каш ,кошмо кирпик ,1 кг тоналка.elya1973 түзөттү 2016-11-04 21:25:54
06.11.2016. 15:43
 alina79
Мага клиптеги бала менен кыз жакты.Сонун пара экен .
23.12.2016. 21:07
 1.NewRich
Жакшы ыр... Ийгилик чыгармачылыгына
27.12.2016. 14:02
 my_Opinion
Бул кызды коро албагандар баары эле кыздар экен коменттерден байкасам.корсо бул кыз сулуу келбеттуу турбайбы ошого кыздар паника болгонго :)) голосуда жакшы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: