Самара Каримова "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
Жанр:Поп
00:03:31
54,55 Мб
Жүктөлгөн: 03-12-2015


Сөзү:Фатима Абдалованыкы
Обону:Т.Колдошовдуку

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
  • Currently 4.00/5
(25 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (38)

04.12.2015. 08:46
 edu.kg.
Чалдын арты менен,кадыры менен чыгып жатат десек болот. Ырдоо стили уну деле жок. Куручтун арты менен курмок суу ичет дегендей.
04.12.2015. 09:23
 Maripa
Ушул ырды канча уксам да тажабайм. Энелер аман болсун. Убакыт откон сайын апамды аяп, аны качандыр бир куну жоготуп аламбы деп корко берем. Кече апама -"апа бизди таштап кетпейсиз ээ?" деп суроо узаттым. Апам -"жок" деди. Билип турсам дагы, дагы ошол суроону узаттым. Күндө, түндө апанардын өмүрү узун болуусун кудайдан, жараткандан сураганды унутпагыла.
04.12.2015. 09:37
 gulbar_85
Самара азамат экинчи Саламат Садыкова сенин унунду угуп тажабайбыз дагы жаны ырларынды кутобуз
04.06.2016 17:16
tengara
gulbar_85,мен айтан дегенди айтыпсын. Азамат кыз аябай жагат.
04.12.2015. 13:07
 hanisa
Акырындап болсода алдыга жылыш бар,киййнгенди,боёнгонду үйреніп келе жатат
04.12.2015. 13:14
 Aiym94
Сонун экен. Журогум элжиреп кетти апамы жакшы коруп.
04.12.2015. 14:14
 AKCHA
Супер унуно соз жок. Жеткиликтуу аткарат кайсыл ырды болбосун.
04.12.2015. 14:23
 deva
Чынында башкача клип күткөн элем. Жакшы ырга жакшы клип болсо сонун болмок. Бирок бул деле жакшы дечи...
04.12.2015. 18:31
 saltanat2015
Эмне кереги бар бироонун аркасынан суйлоп,чалга тмйгендер канчасы журот кампир болуп,чал деле эмес Самаранын куйоосу,жакшы аял чалды дагы жигит кылып койот.кудайым пешенесине эмне деп жазса ошону корот пендеси.Самара мага деле эч ким эмес,ырчы катары тааныйм.адамдын жаман жагын айткандан коро,жакшы жагын айтсак ошол адам алдыга умтулат деп ойлоймун.
04.06.2016 17:17
tengara
saltanat2015,ошону айтсан. Жаман жактарын эле жаза беришет.
04.12.2015. 19:33
 nargiz37
Сонун уну аябай жагымдуу сулуулугуна соз жок
04.12.2015. 22:05
 Samat21
Базар жок эн мыкты ырдайт.
04.12.2015. 22:38
 elvira1980
Edu.kg каяктагы чал куйоосу озуно жашы туура эле келет акыры бактылуу болуп жашаса болду да уну жок дейт концерттеринде жандуу ун менен ырдаганын уктун беле озу самара баарын басты азамат уну келбети баардыгы топ келишкен эч кимди укпа ит уро берет кербен журо берет.
05.12.2015. 09:45
 nurshoola
уну келбети ыры жакшы бирок ак материалдын ичинде керилип чоюлупле бутуруп коюптур клипти коруштун деле кереги жок апа жонундо соонун клиптерди тартса болмок как всегда саны бар сапаты жок клиптердин катарын толуктаптыр
05.12.2015. 12:56
 ebe
аябай жакшы ыр
05.12.2015. 23:27
 mika_mina
Баардыгы сонун болуптур,абдан жакшы озгоруу бар молодец.Апалардын ак сүтүндөй таза ойду бериптирсин,ар кимдин тушунугуно денгелине жараша тушунсо керек.Эн башкысы суйуктуу жубай,бактылуу энесин. Чыгармачылык ийгилик Сизге!
06.12.2015. 01:16
 anya
Баары эле бир ырды ырдай бербей башка ыр ырдаса болбойбу ? Ушул ырчыга такыр тушунбойм !
06.12.2015. 08:56
 anara-anara
Неге бизден жакшы соз жакшы каалоо чыкбайт ээ. Окуп олтурум тан калам жакшы соз арнасак болбойбу деп. Самара азаматсын бардык жагы топ келишип элдин сыймыгы болуп журо бер. Сенин талантына биз сыймыктанабыз.
06.12.2015. 18:27
 medina.
suluu bolup ketipsiz go.Tajryibaluu vizajist eken da)
06.12.2015. 19:11
 Ryc
Сагыныч жазы сен элен,
Ашыктын назы мен элем.
Арманды асыл ак гүлүм,
Артылат сага делебем.
Алмашпайм сага бөлөгү н,
Арманда болсо көнөмү н.
Жанымда уктап жатсам да,
Түшүмдө сени көрөмү.
Ушул ырды ким ырдайт билсенер жанып кочуруп койгулачы сураныч "админ" рахмат!!!
06.12.2015. 20:06
 jumai7984
мыкты клип азамат
07.12.2015. 18:21
 edu.kg.
Колдогондондордун баары тууган туушкандары окшойсунар э? Самара да озун таанытыш учун озун элдин назарына салыш учун любой шоу уйуштурууга бара алат. Жаны чыгып келе жаткан ырчыларга да тенеле албайт уну ыры дегеле баардык жагынан. Азыр заман алдууларга акчалууларга ыктаган заман тура.
07.12.2015. 20:53
 edu.kg.
Клип деп санагандарга айрыкча туугандарына албетте жагат да жакпаса да эл алдында мактоого аргасызсынар.
07.12.2015. 22:49
 azamat7
Музыкасы озбек музыкага окшош экен,ырдагыны мага жаккан жок,нукура кыргыз музыкасын тандаса болмок.
08.12.2015. 12:04
 admin_media
sayakat,
Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык, өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Жеке билдирүүлөрдү купуя кат менен жазыңыз!
10.12.2015. 20:41
 NeymarMessi
соонун
12.12.2015. 03:03
 lika83
абдан сулуу айым
13.12.2015. 18:06
 NARYNGRAD
Тимеле татынакай кыз экен го.
11.03.2016. 22:21
 Aselya_9105
Апалар жонундогу ырлардын баары мыкты ким ырдаса дагы.
13.03.2016. 01:25
 elisa86
Iiii azamatsyn Samara.
15.04.2016. 17:27
 aikera1992
Анжеликага окшоп калыптар аябай.
26.04.2016. 21:22
 Bolot.kg
Эмне эле жамандайсынар.Жакшы эле ырдаптыр.Ыры сонун.Клиби бирааз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: