Самара Каримова "Сагынганда атамды"
Жанр:Эстрада
00:05:06
48,31 Мб
Жүктөлгөн: 26-09-2014


Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Э.Талиповдуку

Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:
  • Currently 4.07/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (70)

29.09.2014. 15:20
 12.12.12
Ырды укканда козумо жаш алгам. Эми да ыйладым. Анткени атам менден алыста. Сизге Рахмат Самара.
30.09.2014. 02:46
 belosnejka1
Эх атамды сагындым...((
30.09.2014. 08:55
 esennnn
Ушул ыр менен ооруп калдым . Абдан жакты мага
30.09.2014. 10:18
 deva
"КөздөрүНҮ өпкүм келет эркелеп..." деп туура айтып ырдабаптыр деп кетиптир бир колдонуучу. Баткендиктер ушинтип эле айтышат. Алар эч убакта өз диалектисин унутушпайт, сөзсүз кыпчып кетишет. Менимче Анатай агай "көздөрүңдү" деп эле жазса керек. Анткен менен сонун ыр болгон. Дал ушул саптар таасирдүү болгон. Клип жомок болуп тартылганы менен терең маани бар. Самара, азаматсың!
30.09.2014. 10:34
 Luntik
Тексти Анатай Өмүркановдуку, Самара Каримова текст өзгөрүлгөн эмес кандай болсо ошондой эле ырдагам деп айткан. Баткендиктер ушундай ырдайт деп диалектти кыпчуунун кереги жок,сөзү кандай болсо ошондой ырдады да!
30.09.2014. 14:09
 isaasa
Кайра кайра коргондон тажабадым,ыйлапта алдым.
30.09.2014. 19:12
 Gulnura-94
Соз жок укканда эле клибин куттум эле рахмат
02.10.2014. 10:07
 Syrduu_kyz
Соонун, сөз жок. Ушул клипти да жактырбагандар анда точно Самаранын душмандары.
03.10.2014. 15:20
 egemberdievagulbara
Менда сагындым е сагындым е атамдыыы
04.10.2014. 02:56
 FSB
Maga klip jakkan jok.Yr super!
04.10.2014. 08:30
 marlisboy
Атакем сагындым менда азамат соз жок жакшы ырдагансын . Самара кыз мен сени суйом . Клип башкачараак болсо кандай болот эле режисер дагы ойлонуш керек эле
04.10.2014. 21:27
 agent777
Ушул ырды телефонума коюп алгам. Мага жагат унун соонун . Азамат
04.10.2014. 21:28
 agent777
Концертинин толук качан коро алабыз . Супер инфо кутуп журом
05.10.2014. 23:50
 IRA
эээх буул ыр............., атамды сагындым аябаааааай сагындым! ЖАРАТКАН бейишинди берсин атакем!
13.10.2014. 04:56
 Fedontasya1
ozuncho le ak moor bolvalgan go xD
13.10.2014 08:06
Key-KO
Fedontasya1, Она забыла с тебя спросить!!!
21.10.2014. 03:08
 Kyzylsenir
Мыкты клип екен
25.10.2014. 19:06
 Aipri
Уну клип соонун.
03.11.2014. 17:20
 rock-oma
Рахмат!
27.11.2014. 15:29
 Bermet_Kasymova
Аябай таасирдуу клип экен. Жакшы актриса экен
12.12.2014. 21:28
 kalbek87
Ырга соз жок, Самаранын уну да жакшы мен сыйлайм бирок, клип жакпады, ырдын маанисине туура келбей калган. Самара сен кандай гана чыгарма болбосун жеткире ырдайсын, клипке да конул буруп кой дейт элем.
18.12.2014. 09:40
 leyli00
Азамат!!!!
04.01.2015. 13:17
 kumushai-kg
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.ен жакшы супер соз жок ийгилик калаймын!
18.01.2015. 19:12
 juroguak
Myrza.kg коздоруну опкум келди. Деп жатат бул туура эле. Коздорунон опкум келди деп ал башка бир адамга айтса ошондой кылып айтат. Жазат десе жаза бербей окуп тушунуп анан жазсан.
30.06.2016 12:51
Саби
juroguak Myrza ХХХ ХХХ Кайсыл жерде коздоруну деген соз колдонуп жазылаганын кордунуз эле КОЗДОРУНДу текс туура жазылган Самара уну жакшы болгону менен диалект кобуроок колдонот окшойт.Эл кишиси болгондон кийин туура ырдаш керек.Модератор admin_media түзөттү 2016-06-30 13:28:11
30.06.2016 14:36
admin_media
Саби, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат! Порталдын эрежелерин сактаңыз!
03.02.2015. 12:55
 admin_media
nurka85,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы эле кайталанып жатабы?
28.02.2015. 19:16
 nuria.2015
кыргызстандын эн алдынкы ырчылары деп эсептеп койдум эми чыныгы ырчы чыгыптыр.Самара ылайым атанын омуру узуун болсун.озун да бактылуу бол аябай жакшы ырдайсын.мурда тааныбайт элем.Эми ырларыны коп угам.сенде бар сулуулук эч кимде жок.ийгилик каалайм
07.03.2015. 19:34
 boyka.kg
Ништяк 5+++++
26.04.2015. 02:03
 sezim96
Мен окуном ата деп эркелеп, ата созун айта албашыма.
05.05.2015. 10:10
 peki
Жакшы ыр бирок,клип таакыр эле ырына коошпой калган мен ,келечектеги режисер катары айтып откум келет.акчанды аябай эле, эрнист сыдыковко кайрылсан болмок жакшы тартып бермек экен
15.07.2015. 17:42
 Ayperi94
Кыргыз кинилорун коркуно чыгарчудай экен актириса болсо. Клип жакты, ыр анан бетер жакты )))
30.06.2016. 13:15
 Мэри
Диалектини колдоно берсин, өз чөйрөсүндө, оозеки кепте, ага каршылык деле жок. Бирок жалпы элге түшүнүктүү болуш үчүн норма, талаптар эске алынып, сакталышы керек. Айрыкча ырчы, диктор, алып баруучулар дикцияга чоң маани берип, сөздөрдү так айтуулары кажет. А бул жерде (текстте) "көздөрүнөн" деген туура экен.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: