Самара Каримова "Издейм сени"
Жанр:Классика
00:04:26
56,68 Мб
Жүктөлгөн: 28-12-2013


Сөзү:Ж. Мамытовдуку
Обону:Р. Абдыкадыровдуку

Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
  • Currently 4.14/5
(7 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (25)

28.12.2013. 13:44
 mr.Ada
Уну тоолорду жаныртат го! Кандай гана кооз жерлерибиз бар!
28.12.2013. 15:15
 fantom
Ушинтип жакшынакай болуп кыргызча эле ырдап журо бербейби. Кандай сонун жарашат. казактардын орустардын ырын ырдап элдин созуно калбай.
28.12.2013. 15:54
 Lili
у нее клипы выходят как грибы после дождя...
количествосу менен таанылайын деген го, качествосу менен эмес...
28.12.2013. 16:00
 leyli00
Кыргыздын кандай сонун жерлери бар ээ достор. Жеринден айланайын Кыргызстаным Р.Абдыкадыровтун бут ырлары мага жагат. Самара жакшы ырдаптырсын ++++55555
28.12.2013. 16:43
 begusia
Мурунку клиптерди обычный телефон менен тоого чыгып алып тарта берсе,азыр айфонго тартып калганго...
28.12.2013. 17:59
 KG_01
Эх ПАПАНЫМ ГО сагындым туулган жеримди..((ПАПАНЫМ АЛТЫН БЕШИГИМ,АК-БУУРАМ ЫРЫС КЕШИГИМ...Кандай сонун болуп калган биз ойноп оскон жерлер.Кыргызыстандын баркын билбеген башчылар..Акча уурдап качышат баары эле...Туулган жердин топурагы алтынго..Атан талашып башка олколорго..Эс алуу жайларды ачып сонун кылса болот..Колдогу алтындын баркы жок дегендей..Билбей жеп жатышканы куйдурот.Алар кылбаса жаштар кылаар беле.Баарынын оордуна жаштар барса жакшы болмок.ЖАШТАР курар сонун кылып.Ст палец вверх д
29.12.2013. 02:17
 sumka
bul jer bul kiimi otkondogu bir klipindegi yrdagan yrdai ele go owol ele kartina (((
29.12.2013. 16:03
 Aju90.01
Самара студияда отуруп алып ырларды подрят жазып,клиптерин папандын тоосунда 5жолу тартып коендой кылып кобойтуп,мындай кылчу болсон,СЕН жаратчу ийгилик коендой боло бермекчи!
29.12.2013. 16:06
 Aju90.01
Окшошо берген клипке мен 2 коем
29.12.2013. 17:13
 Ediibek
мына бул башка....ушундай ырларды ырдасак соннун эле болот екенго...азаматсын
29.12.2013. 19:35
 PeRa
Nakonez to sulluu,
jana unu da bijik yrchy
30.12.2013. 14:04
 tasnim
эс алганы барып,зэригип тартып коюшкан го,кичине клиптин
сапатына да конул болчу,ызылдатып башка ырчылардын ырын ырдабай,кичине аракет кылып изденчи,саны бар сапаты жок кылбай,
31.12.2013 01:04
incognito1
tasnim, эс алганы барып сразу 2 клип тартып коюптур.
30.12.2013. 14:23
 benslife
Стилист менен иштебесен болбойт го Самара...?!
30.12.2013. 19:11
 kalbek87
акардеонду жакшы, ноталарды так черткен адамга ойнотсо болмок ушинтип окшоштуруп ура берсек рыспайдын ырларын манызын бузуп алышыбыз толук мумкун. албетте унду рыспайга окшотуп ырдай албайбыз бирок музыкасын дал ошондой ойносо болот да кайдагы тага , боло, жеендерди жалдай бербей
06.01.2014. 18:25
 snejinka
Самара эжеке, "Главное не количество, а качество" деп койчу беле, кичине клиптин сапатына көңүл бурсаныз болмок, эми түшүнүп атам "Спонсор" бар да ПИАРды күчөтүп атасыз, бирок эл оозуна алына турган жок дегенде БИР ыр болсо сонун болотле дегенле ой, көрө албастык деле жок...
31.01.2014. 01:37
 KG_URPAGI
Гулзинат Суранчиевага окшошуп кетет экен, экоосу тен супсулуу кыргыздын кызы! Ички жан дуйно да сулуу болсо, чыныгы сулуулук ошол эмеспи! Ийгилик каалаймын.
19.02.2014. 22:04
 naz_chy
зачем перепевать чужие песни?? Ладно, если бы что-то новое внесла или супер перепела бы, а так просто лишь бы эфир забить чем-нибудь. Реально тут говорят, что похоже на домашнее видео. Еще и по тв такое показывают :-///
05.03.2014. 13:16
 dina
Артындагы фон, үнү керемет, аккордеон ойногон бала да жакшы келишкен, болгону тумак менен пальто окшошпой калыптыр, кийинүү стилине көңүл бөлүп койсо болмок экен...
05.03.2014 13:33
Sagy
dina, Чачы жок окшойт да)). Айла жок тумак, пальто кийип))
06.03.2014. 13:23
 mela
тумагы не балекет????
07.03.2014. 16:15
 IZUMRUD
Чындап эле тумагын чечип эле койбоптур да
31.03.2014. 11:04
 admin_media
kgz020493,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн банга!
03.11.2014. 02:40
 iskra77
Вроде говорят что она молодая но смотрю на неё,одевается она по бабски;-)
22.06.2016 13:24
wwwwww
iskra77, Ыр ретро, кийимда ретро болот.wwwwww түзөттү 2016-06-22 13:25:28
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: