Самара Каримова "Сагынганда атамды"
Жанр:Эстрада
00:05:06
48,31 Мб
Жүктөлгөн: 26-09-2014


Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Э.Талиповдуку

Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:
  • Currently 4.07/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (70)

26.09.2014. 19:33
 isaasa
Клип деп ушуну айтса болот.Бирок ыры менен айкалышкан эмес.
26.09.2014 20:09
marlisboy
Соонун эле болуптур Атамды ушунчалык сагындым Самара ушундай сапаттуу клиптерди тарта бер азамат Озгочо атасынын бутун жууган жери журогум элжиреп кетти . Ээх Кыргызстанга барсам жайлоодо эс алам . Аталарга данк .
26.09.2014. 20:09
 BubleGum
Mmm, Samara eje janagy Suluktugo arnalgan yrynyzday ele modern klip tarttirsaniz balkim dagy jakshy chikmak.
26.09.2014. 20:50
 bossmos7
Самара Каримованын ушунча ырларына тасма тартканын коруп эле журом! Бирок ушул ыры жана ырдын тасмасы мыкты болуптур! Жаны ой чагылдырылып жакшы тартылыптыр! Ийгиликтер!!!
26.09.2014. 21:04
 mirgul8186
Ыр да клипта жакшы чыгыптыр
26.09.2014. 21:29
 mela
"Озумдун атамды тарттым"-дегенин уктум эле...Аябай мыкты болуптур!!!
26.09.2014. 21:38
 aminuwka
Кутуп журом почтадан суротторун коруп клипти эн сонун Самара мага жакты баары жакшы ушундай сапатта тарта бер
26.09.2014. 21:54
 Dasmond
Кайсы жайлооо бул???
26.09.2014. 22:06
 noeli
ммм бар экенсин го мына!Жакшыны жакшы эле дейбиз.Клип озунчо сонун,ыр озунчо сонун.
26.09.2014. 22:08
 Merimka2012
Ушул ырчы мага жагат уну ырлары жакшы ийгилик каалайм дагы жакшы чыгармаларын кутобуз
26.09.2014. 22:27
 Роза Шакирова
канча уксамда тажабаймын. Клипп соонун болуптур.Самара унуно ун кошулсун. Талантын оркундой берсин. Атандын омуру узун болсун,ден соолугу бекем болсун
26.09.2014. 22:34
 Nariste...12
Мен суйгон ыр. Ушул ырды уккан сайын, атамды сагынганымды туямын. Бирок эмнегедир клип жакпады.... башкачаарак тартса болмок.
26.09.2014. 22:43
 nazgulyakg
Мен да аявай Сагындым окунучтуусу еми канчалык сагынсамда жок
26.09.2014. 23:00
 bektashova_ayzada
Мыкты клип болуптур, ырды көптөн бери суктанып укчумун!!! Ийгилик!!! Негизгиси окурмандар туура сын-пикир жазганды үйрөнүптүрбүз...
27.09.2014. 00:10
 Alai.kyzy
Ыр сонун экен. Бирок клиптин мазмууну жакпады. Ырга дал келбейт. Клиптин каражаты томон экени корунуп турат.
27.09.2014. 03:23
 aziko88
Оох сонун ырго
27.09.2014. 03:24
 aziko88
Атамды эстеп ыйлап алдым азамат сонун ыр экен.
27.09.2014. 10:19
 matteraza
Бул кыз емне коргон айылда карапайым уйдо чонойгон Жашоодо биринчи жолу чет олкодо болсо клипке кылып койду да Ага емне ичинер тарып жатат Чал болсо да куйосу да
27.09.2014. 11:31
 lusi2013
Клипке кыйынчылык ты тартпай эле койбоптур.
27.09.2014. 12:22
 esennnn
Ээээх карачы атакем ата атам . Соз жок азамат мага жакты. Соонун керемет ыр керемет клип . Ийгилик ушундай журоко жакын ырларды чыгара бер тилектешмин . Сагындым атамды апамды айылымды баарын. Кыргызстанга барсам дарыянын боюнда жатсам чиркин
27.09.2014. 12:24
 esennnn
Админ Орук зар клибин почтадан кордум эле силерде жокко ? Же мен адаштымбы?
27.09.2014. 12:55
 Ibragim864
Азаматсын карындаш,ата-энесин урматтаган эч качан кем болгон эмес,аталардын ак батасы менен жаны чыгармачыл ийгиликтер келсин! Коздорунон опкум келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды....
27.09.2014. 14:51
 rah
ыры жакшы клип болбойт
28.09.2014. 11:51
 myrza-kg
"КоздоруНУ" опкусу келгени туурабы? Текстинде туура эле жазылып турат, "КоздоруНОН" деп. Туура,кыргызча коздоруНОН, колуНАН, бетиНЕН, жузуНОН, чекесиНЕН обот. КоздоруНУ, бетиНИ, ЧекесиНИ оппойт. Ушул ырларды алып атканда радио болобу, ТВ болобу, жакшылап угуп коруп, анан алышса. Анткени. кыргызча туура суйлогонго да канчалык денгээлде ырларды пайдаланса болот. Ошондой эле, ушинтип ката ырдалган ырлар - тилди бузат.
28.09.2014. 14:21
 Patrik
Силерге эчнерсе жакпайт
28.09.2014. 17:07
 Elika
Жакты
29.09.2014. 00:51
 dina
Самаранын клиптеринин эң мыктысы деп айтса болчудай. Ырга, үнүнө сөз жок. Мен да атамды, апамды сагындыыым(((
29.09.2014. 02:50
 sararat
Ыр жакшы клип ырга туура келбей калыптыр мен башкача клип куттум эле.Мен да сагындым атамды
29.09.2014. 10:38
 myrza-kg
Рахма, супер инфо :)
29.09.2014. 10:39
 admin_media
isaasa,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
29.09.2014. 15:13
 MARINA78
Азаматсын Самара аталар учун арнаган ырын учун сага рахмат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: