Самара Каримова "Издейм сени"
Жанр:Эстрада
00:04:23
48,2 Мб
Жүктөлгөн: 07-04-2014


Сөзү:Ж.Мамытовдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку

Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң
  • Currently 4.89/5
(9 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (65)

09.04.2014. 03:53
 guli2289
супер болуптур
азаматсын ыр да клипти аябай жакшы
09.04.2014. 11:03
 jeniw
Издейм эмес суктанам деген ыр болуп калыптыр Акча кетирип бекер эле ырдап жүрөт короткон акчалырын жетимдерге берип сооп алса болмок
09.04.2014 14:48
leyli00
jeniw, Самара жетимдер , карыялар уйуно акысыз концерттерди берип журот. Мен ойлойм бул руханий байлык берип журот. Аллах ыраазы болсун
09.04.2014. 13:31
 nazimka
Баягы эже жокко жанындагы.Кошуп албаптыр дагы капа болуп калбаса эле эми.
15.05.2015 06:38
peki
nazimka, хахахахааха комментиниз аябай кулдурду
09.04.2014. 14:30
 AIKA2704
уну чынында соонун, бирок клиптери саны бар,сапаты жок.
09.04.2014. 14:34
 bekbolot-NOOKAT
Мен бул ырга бир сап ыр кошуп кетейин: Издейм сени Дубай шаарынан,Издейм сении бай-бай калктын ичинен ,Издейм сени Россиядагы Мигранттардан ,Эгер таппасам эрге тийем айылгаа!!!!
09.04.2014. 14:42
 ULUUBEK.KG
Силердин оюнар Самараны ойлонтуп да койбойт, ичинер атышып жаза бербегиле. Моюнга алыш керек таланттуу ,сулуу, иймандуу кыз. Биздин уй-було Самаранын куйормандары. Конул болбо иштей бер катырып.
09.04.2014. 18:22
 bopos
Самара жакшынакай кыз,ырлары да жагат.эл кеп кылганына суйунуп дагы да жарата бер,анткени жаман соз айтылса кобуроок таанылып акырында таразаланып эле жакшы болуп чыга келесин,чонгобу,жашкабы тие алгандар тийип алар да чыгарып алсын ушундай клиптерди.
10.04.2014. 01:23
 tynyjumi
Кыз татынакай соз жок, а клипти мейли Дубайда мейли Кыргызстанда манызы менен тартса болмок , ырды болсо биздин "ырчы" аттууларыбыздын бири да муудоого жеткире ырдай алышпайт....
10.04.2014. 01:48
 akarik
колундагы лагы бир свет экен койноктору ар башка
10.04.2014. 09:36
 admin_media
Kanushai,
Далали жок билдирүү жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз! Эскертүү!
10.04.2014. 18:06
 Mirlansultanov
Айланайын Самара тартсан сапатуу клип тарттырчы сураныч! Жума сайын арзан клиптерин чыга берип элди тажатып жатасын.
10.04.2014. 22:37
 mykesha1991kg
уят еле коргон мен уялып атам
10.04.2014. 22:40
 mykesha1991kg
ош базарга тартса базар жок жакмак
14.04.2014 11:24
MaRmeLaDka
mykesha1991kg, бул сөз менен эмнени айтайын дедиңиз? "Ош базарда" эмне башкача адамдар жашайбы? Өзүңүздү бир көрсөтүп койсоңуз жакшы болмок.
Клип боюнча. Самара клип кандай болушу керек, ошону билип алсаңыз жакшы болмок. Дубайга барып, вертолетто учканыңызды сүйүү темасындагы ырга байлап клип кылганыңыз өтө эле окшошпой калыптыр. Санга караганда сапатка маани берсеңиз!
10.04.2014. 23:16
 asha302
Прям дубайдан издепсин да КР дан эле таап алчы
11.04.2014. 11:35
 Jeki
Самара сага чыгармачылык ийгилик каалайм! Супердеги эн коп комментарий сенде окшойт.Ичи тарлар коп, демек, сен элге кызык болуудасын..черный пиар тоже пиар! Ийгилик каалайм! Уй булон м-н бактылуу бол!
14.04.2014. 10:38
 admin_media
moviemaker4,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Билдирүүңүз өчүрүлдү. Сизге эскертүү!
15.04.2014. 15:12
 gulbar_85
Ушу кыздын Дубайы тугонбой койдуго. Формасы да ошол эле. Бир жума куто туралы дагы бар чыгар Дубайдан тарта келген клипи. Бул ырчыбыз бир ок менен 2 койон атпай эле толтураны ата келген окшойт
17.04.2014. 16:40
 snejinka
видеорепортаж жасагылачы СУПЕР-ИНФО аябай сүйлөгөнүн уккум келет)) же Түз байланышка чакыргылачы өллө суроо бергим келтат. Оштон жарым саатта учуп келсе керек ПРды жакшы көрөт го
17.04.2014 17:06
admin_media
snejinka,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
19.04.2014. 18:25
 den.21
Клипке бирнерсе дей албайм бирок Рысбайдын ырдаган ырларына тийбей эле койгулачы сураныч. Баарибир Рысбайдай ырдай албайсынар.Клипке дал келбей калган.
27.05.2014. 08:26
 Samandar
Ырдын пири рысбай акем жакшы ырларды жараты,Самара да жакшы ырдаган ардайым ырга жеткирсин ырдап жургонго эмне жетсин анан дагы дуйно жузун кыдырып издесен сонун да издер адамын болсо,сулуу айым мага жагат
29.05.2014. 18:36
 IRA
экинчи татубубуго красавица же анжелина джолиби сулуу экен уну мн келбети топ келген
05.06.2014. 19:53
 aminuwka
Ыр эмес бекен азамат балли соонун мага жакты
08.10.2014. 09:36
 tokitok
негизи башка стилде жаштарча ырдаса укмуш поп болсо керек анткени уну эн сонун сулуулугу да бар озун корсото албай атат
12.10.2014. 20:00
 Batken
Dubaida Zamir myrza, Nonstop klip tartty elego kaytalabay ele tekstige jarawa tartsa bolmok.Kara jorgo Kyrgyzdardyn uluttuk biyi eken dese Baary birin biri duurap biymergen, salbilek j.b. Atyn ele ozgortup muzykasy owol ele. Ozdoru uyalyp tajabayby.Oaba klibi kymbat, kooz tartylgan operatorgo dele pretenzia jok ,birok originalduuluk tekstin maani manyzyna top keliwi bawkysy emesbi?!Klassika klassika boyunca ele kalsa remaketi sapattuu boluwu kkgo:( menin baam-0
22.12.2014. 01:12
 aika_happy
азаматсын Самара!!!
09.01.2015. 17:27
 amanatym
Кайдан издеп журот Кыргызстандан издебей
17.02.2015. 23:30
 ferrara2014
"Бышкан ашка сынчы коп"демекчи,кээде ото майдаланган ой пикирден арылсак.Самара али жаш, изденуунун устундо,канчалаган чыгармаларды тартуулап,жан дуйнобузду байытып жатат. Унун керемет, Самара.Алга!
08.04.2015. 16:49
 amanatym
Кыргызстандан издебейби
13.04.2015. 14:08
 adilbekovich
озу деле килиби деле жаккан жок
05.09.2016. 00:56
 reyba
Самара сага рахмат. угуп ырахат алам унундон ырдаган ырларындан. Эски ырларды ырдайсын жарашыктуу ырдайсын. дагы дагы жаны ырлырдан ырдап чык. ал эми кербен кете берет ит уро берет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: