Самара Каримова "Сагынганда атамды"
Жанр:Эстрада
00:05:06
48,31 Мб
Жүктөлгөн: 26-09-2014


Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Э.Талиповдуку

Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:
  • Currently 4.07/5
(14 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (70)

26.09.2014. 18:07
 sabyr86
Ыр сонун клип ырга окшошпой калыптыр.
26.09.2014 18:32
marlisboy
Азамат Самара жакшы болуптур менда атамды сагындым
27.09.2014 07:45
aminuwka
Уйго келген жеринде коркуп кетипмин (( бирок анан кайра уух дедим азамат канча корсом да уксам да тажабайм . ....
27.09.2014 12:25
esennnn
aminuwka, менда журогум зыррр деп коркуп кеттим. Соонун
27.09.2014 22:45
Looks
sabyr86, соонун эле болуптур. Чуть эле ыйлап ие жаздым
26.09.2014. 18:32
 elkat
Клипке канаттанган жокмун.Ырга топ келбей калыптыр.Клип жомок болуп калыптыр
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Музыка түрү
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: